Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайсы бир уруунун эмес, жалпы улуттун ынтымагын бекемдейли!

Кайсы бир уруунун эмес, жалпы улуттун ынтымагын бекемдейли!

06-февраль, 09:00
744 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Уруулашууга келгенде этияттап мамиле жасоо керек. Эң оболу, жалпы кыргыз элинин биримдигин, мамлекеттин туруктуулугун эстен чыгарбашыбыз шарт. Ар бирибиз ынтымакты чыңдаганга салым кошуубуз абзел. Уруулашуу аймактык бөлүнүүгө тете эмеспи? Асыресе, бул жагынан улуулар туура жолду башташып, жаштарга үлгү көтсөтүшсө кана? Тилекке каршы, акыркы кездерде солто, муңгуш ж.б. ураандар менен чай ичүүнү шылтоо кылышып, башкы максаттарын айтышпай саясый кырдаалга таасир этүүнү көздөп жатышабы? Бул жагынан кызматка жетүү, же кандайдыр бир кызыкчылыктарды бүтүрүү амалдары көрүлөбү? Кайсы бир уруунун аттуу-баштуулары, байлары төргө отуруп алышып, жол баштоого, тымызын сүйлөшкөн масилеттерин ишке ашырууга белсенишсе, аягы жакшылык менен бүтпөйбү? Анда башкалар дагы чыгышсачы? Утурумдук көз жазгырууга айланбайбы? Андыктан, бул темага астейдил карап, ошого катар аймак, облус аралык бөлүнүүгө да барбай, натыйжада, жалпы улуттун ынтымак-ырашкерлигин, биримдигин бекемдөөнү ойлойлу! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер