Күйөөмдүн мурдагы аялынын балдары менден коркушуп, “сыйкырчы” деп ойлошот

Биз али никеге тура элекпиз, чогуу жашаганыбызга бир жыл болду. Мен жарым жыл мурун мурдагы күйөөмдөн ажырашып кеткем. Жаңы жолдошумдун аялы ажырашууга көпкө чейин макулдук бербей, тоскоолдук жаратып келиптир.
Күйөөмдүн мурдагы никеден балдары бар, бирок мен аларды али көрө элекмин. Себеби, ал аял алгачкы күндөрү эле балдарын бизге каршы коюп, жаман ойлорду таңуулаган. Күйөөм аларды үйгө алып келүүдөн коркот, эгер мурунку аялы билип калса чатак чыгарат, балдарды таптакыр көрсөтпөй коёру белгилүү. Ал балдарын “эгер ошол аялдын үйүнө барсаңар, баарыңарды таштайм, анан атаңар менен силерди уруп-сабаган үй-бүлөдө каласыңар” деп коркутуп койгон. Ушундан улам ыңгайсыздык жаралып келет. Мени “сыйкырчы” деп ойлошот экен...
Мунун баарын көтөрүп жүрүү мага оор. Бирок мен күйөөмө болгон сүйүүм менен анын балдарына да колдон келишинче жардам берип келем. Документ бүтүрүү, жардам берүү, кеңеш керек болсо четте калбайм.
Эң аруу кыялдарымдын бири – өз баламдын болушу. Бирок күйөөмдүн мурдагы аялы элге “ал төрөй албайт” деп жамандаптыр. Бул сөздөрдү угуп, анын мурдагы никеден балдары бар экенине кээде кубанам. Менин бактылуу күндөрүм алдыда деп үмүттөнөм.
Аида
"Азия Ньюс" гезити