Жаныш Бакиевдин “куйругу” Карганбек Самаковдун жууса кеткис кара жүзү агарбайт

Жер афёрасы, коррупция менен соттолуп, түрмөгө отуруп чыккан Карганбек Самаков кайрадан баш көтөрө баштады. Журналисттерди, блогерлерди чайга чакырып, жууса кеткис кара жүзүн агартууга ашыгууда. Алар менен сүрөткө түшүп, соцтармактан мактатып жаздырганы күлкү келтирүүдө. Акыл-эстүү коомчулук Карганбекти кандуу бийликтин кошоматчысы, Жаныш Бакиевдин “куйругу” катары кабыл аларын билбейби? Чекесине “печаттай” урулуп калган да! Бишкектин айланасынан жүздөгөн гектар жерлерге алдамчылык, коррупциялык аракеттердин негизинде жеткени, кийин айыбы ачылып, соттолуп кеткенин кантип жашырат? Мындай “куу тумшукту” саясатка жолотпош керек! Бийликтин беделин түшүрөт. “Эмнеге жазаланбай тайраңдатып атат?” деп коомчулук нааразы болот. Түшүндүңөрбү? Сыягы, Самаков канчалык саргара жортсо да үлгү көрсөтө албасы, өз жазасын убагы келгенде алары калетсиз. Себеби, бул эргулга алданган жүздөгөн адамдардын көз жашы кургай элек...
"Азия Ньюс" гезити