Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Жол кирени 5 сомго көтөрүп ийгенде кыйынчылык жаралат”


-- Балбак Зарлыкович, кайрадан коомдук транспортко жол кирелерди көтөрүү боюнча сөз болуп жатат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Жол кирени көтөрүү – бул мажбурлуктан келип чыгып атат. Көп жылдан бери көтөрүлбөй келген. Мен мэр болуп турганда да көтөрөйүн дегем, себеби, инфляция, баалар өстү. Жаңы автобустарды алып келдик. Албетте, көбүн өкмөт өзү алып берип жатат. Бирок, кээ бир кредитке келген автобустар бар. Аларды жабыш керек. Айдоочулар “айлыктарыбызды көтөргүлө” деп талап кылышуда. Бирок, кескин көтөрбөш керек деген ойдомун. Квартал сайын акырындан кошуп отурса болмок. Анан кескин эле 5 сомго көтөрүп ийгенде, кыйынчылык туулуп калышы мүмкүн. Мисалы, бир үй-бүлөдө беш киши болсо, беш сомдон кошулса ойлоп көрсөңөр. Бир топ эле кыйын болот. Ошон үчүн биринчи, экинчи, үчүнчү кварталда 1,5 сомдон кошуп, төртүнчү кварталда калган 50 тыйынын кошсо, ошондо жылдын аягында көп сезилбей, “безболезненно” 5 сомго көтөрүлмөк да. Бирок, көтөрүлүш керек. Бул айла жоктун оокаты.
-- Бирок, 8 сомдон 11 сомго көтөрүлбөдү беле?
-- Ал убакта аз эле көтөрүлүп калган. Мен мэрдин милдетин аткарып турганда абдан чоң чатак чыккан, билесиңер. Алар ошондо эле “20-22 сомго чейин көтөрүп бергиле, өзүнө турган наркы ошондой” дешкен. Биз каршы болуп атып, кичине көтөргөнбүз. Талап ошондо эле 20 сом болчу. Андан бери эки жыл өттү да.
-- Жаңы автобустар алынган дебедиңизби. Аларды төлөөнүн жол кирени көтөргөндөн башка резервдери жокпу?
-- Резерв бар. Ал резервдер да иштеши керек. Азыркы вице-мэр иштеп атпайбы, башаламан соода кылгандарды кубалап. Мунун баары акча да. Шаардын ичинде мэрия менен ижара боюнча келишим түзбөй эле иштегендер толтура. Алардын баарын ачыкка чыгарышсын. Кошумча кирешелерди табыш керек да. Ошондо балким, жол кирелер көтөрүлбөй деле калышы мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити











