Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үй-бүлөдөгү берекени сактап калуунун эң пайдалуу жана оңой жолу кандай?

Үй-бүлөдөгү берекени сактап калуунун эң пайдалуу жана оңой жолу кандай?

17-январь, 17:31
933 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШнын Джорджии университетинин окумуштуулары жубайына алкыш айтып туруу үй-бүлөлүк мамилени жакшыртуунун эң пайдалуу жолу экенин айтышты. Алар 468 үй-бүлөлүү адамдардын катышуусу менен өткөн изилдөөдө бул ойго келип токтолушкан. Изилдөөчүлөр катышуучулар тууралуу толук маалымат жыйнашкан. Алардын каржылык абалын, үй-бүлөдөгү мамилесин, канчалык көп бири-бирине алкыш айтып турушарын изилдешкен.

«Биз жарынын өзүн баалаганын, кымбат тутарын сезген адам үй-бүлөдөгү берекени сактоого өзгөчө аракет кыларын байкадык. Керек болсо үй-бүлө кыйын учурду баштан өткөрүп жатса да, өз жарына деген ыраазычылык сезими аларды бул кыйындыктан оңой алып чыгат» дейт изилдөөчүлөрдүн бири Тэд Футрис.
 Окумуштуулар жөнөкөй «рахмат» сөзүн ар дайым айтып туруу негативдүү сезимдерди жоюуга себеп болорун айтат. Алар ошондой эле бекем никени алсыз никеден ажыратып турган нерсе – жубайлардын бири-бирин урматтоо сезими экенин белгилешти.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер