Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм дубаланып калгандан кийин мен жалаңкыч көрүнө баштаптырмын...

Күйөөм дубаланып калгандан кийин мен жалаңкыч көрүнө баштаптырмын...

27-февраль, 14:33
2 014 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кара дубага ишенсе болобу? Же ал жөн гана коркутуучу сөздөрдун бириби? Ушул суроого жооп табышып коюңуздарды суранам. Күйөөм менден эки жаш кичүү болчу. Убагында күйөөм да, анын апасы да улуу экениме карабай алакачып алышкан. Тагдыр экен, ошентип жашап калдым. Быйыл бирге жашаганыма он алты жыл болот. Ушуга чейин мага катуу сүйлөбөгөн күйөөм кол көтөрүп, үйгө тынчтык бербей баштады. Кызуу болгондо көзүмө жалаңкыч көрүнө бересиң” дейт соолукканда. Мындан бир жарым жыл мурун биздин үйгө кайынсиңдимдин алысыраак тууганынын кызы эки айдан ашуун жашаган. Кийин бизге айтпай кетип калыптыр. Көп өтпөй ал жаткан үйдүн терезесинен күйөөмдүн тешилген сүрөтүн таап алгам. Балдар тешкилеп ойногон экен деп маани бербей ыргытып ийген болчумун. Өткөндө кайненем диванда отуруп эле бир кезде ыргып турду. Чочуп кеттим. Көрсө, колу менен диванды сылап жатса ийне сайылып калыптыр. Кара жип сапталып, учунда чоң түйүн бар экен. Кайненем болсо бирөөлөр дубалаган ийне деп шекшиди. Чынын айтсам, мен ийне менен иш кылбайм. Үйдө ийне турушу кыйын эле. Ошондо ал кыз күйөөмдү окутуп койгонбу? Шекшип жатам. Ушундай болушу мүмкүнбү?


Гүлай

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер