Кенжебек БОКОЕВ, “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Егерлер браконьерлерди кармабастан, өздөрү браконьер болуп жүргөн учурлар бар”
-- Кенжебек Сатымкулович, конституциялык палатынын өкүлү алар чыгарган чечимдер Жогорку Кеңешке келген соң узак мезгил жатып калып жатканын айтты. Мындан “парламент конституциялык палатанын ишин тормоздоп жатат” деген тыянак чыгарсак болобу?
-- Комитетте конституциялык палатанын чечимин ишке ашыруу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда бул маселе көтөрүлдү. Конституциялык палатанын өкүлүнө мен да суроо бердим. Конституциянын так нормасы бар конституциялык көзөмөлдү конституциялык палата жүргүзөт (!) деген. Конституциялык палата конституциялык көзөмөлдү кантип жүргүзөт? Конституциялык палатынын чечими чыкты. Эгер биз бир жылдап, эки жылдап кабыл албай жатсак, анын аткарылышын кантип талап кылып, кантип көзөмөлдөйт? Чынын айтканда, ал өзү деле так жооп бере алган жок. Конституциялык палатанын чечими чыккандан кийин өкмөт төрт айдын ичинде мыйзам долбоорун өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизиши керек. Жогорку Кеңеш тез арада кабыл алып берүүгө тийиш. Бирок, бизде бир жыл жатыптыр ал мыйзам долбоору. Мен ойлойм, бул да туура эмес. Конституциялык палатанын чечими чыккандан кийин аны “талкуусу жок, карама-каршы келди” деген чечимди ордуна келтириши керек. Бирок, ал эмнегедир бизде бир жыл жатыптыр. Бул эле чечим эмес, биз инвентаризация кылып, жалпы чечимдерди комитеттен карап чыга турган болдук. Эмне үчүн мыйзамдарды өзгөртүп, чечимге карата шайкеш келтирүү боюнча мыйзамдар каралбай жатат? Эмне, Жогорку Кеңеш менен конституциялык палатанын ортосунда кандайдыр бир карама-каршылыктар барбы? Атайын өткөзбөй коюу маселеси жүрүп атабы? Биз, Жогорку Кеңеш ордуна келтирбесек деле конституциялык палатанын чечими чыккан күндөн тарта ал мыйзамдын нормасы иштебей калат экен. Демек, биз аны эртерээк өткөзүп беришибиз керек. Ошон үчүн бул маселе көтөрүлдү. Билесиңер, Жогорку сот, конституциялык палатанын төрагалары, судьялары “биз Жогорку Кеңешке келбешибиз керек, маалымат бербешибиз керек” деген маселелер чыккан. Анан албетте, кечээ депутаттар айтты, Жогорку Кеңешке келип айтылган маалымат депутаттар үчүн эмес, эл үчүн керек. Эки конституциялык органдын ортосунда ушундай маселелер айтылып келе жатат. Маселе бар.
-- Бир топ коллегаларыңыз аркар-кулжа, эчки-теке, элик, каман сыяктуу жаныбарларды атууга мораторий киргизүүнү сунушташууда. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Негизи мен мораторий киргизилишин колдойм. Буга чейин деле мындай мыйзам долбоору сунушталып, анда жогорудагы төрт түрүнө эмес, улар, кекилик сыяктуу башка да жаныбарларга киргизилген болчу. Бирок, өкмөт каршы чыгып, долбоор өтпөй калган. Өкмөттүн бул жолку корутундуусу да каршы экен. Ал мыйзам долбоорун 40 депутат жазыптыр. Бул парламенттин үчтөн бири. Мен “парламенттин үчтөн бири демилегелеп жаткан мыйзамга силер кантип каршы болосуңар?” дедим. Кырк депутат менен керек болсо өкмөттү отставкага кетирүү боюнча маселени палатага чыгарып койсо болот. Эмне үчүн каршы? Эч кандай түшүндүрмө жок. Жеке менин оюм, мыйзамды колдош керек. Бүгүнкү күндө егерлер браконьерлерди кармабастан, өздөрү браконьер болуп жүргөн, же ошого шарт түзгөн учурлар бар. Мен алардын жетекчисинен “Бишкекте атылган улардын эти канча турарын билесизби?” десем, “5 миң сом” деди. Аркар-кулжаныкын сурасам, аны да “билем” деди. Браконьерлер аркар-кулжаны, тоо эчкилерди атып, өзү жегенден артканын коммерциялык баа менен сатып атат. Түзүлүп, калыптанып калган схемалар бар. Аркар-кулжаны атканга 1 млн. сом айып пул каралган. “Былтыр канча браконьерди төлөттүңөр?” десем, “нөл“ дейт. Бирок, Бишкекте аркар-кулжанын, улардын эти сатылып жатканын билет. Бир да браконьерди кармабаса, егердин эмне кереги бар? Же егерлер өздөрү браконьерлер менен кошо атып, Бишкекке алып келип, сатып жатышат. Бирок, эч кимиси кармалбаптыр. Талас районубу, же Бакай-Атабы, так эсимде жок, мен айылга барганда уктум, бир айылдын мекенчил жигиттери капчыгайга кире бериш жерден аңчылыка бараткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мылтыктары менен кармап алышкан. Видеого тартып алышып, “эгер дагы бир жолу ушул тарапка басчу болсоңор, бүт Кыргызстанга жарыялап, шермендеңерди чыгырабыз” деп эскертишиптир. Егерлер, же экология кызматтары эмес, жергиликтүү эл өздөрү коргоп жатышат. Егерлик кызматка эч убакта мергенчини албаш керек. Ал аңчы да. Алдынан аюу же аркар-кулжа чыгып калса, токтоно албайт. Атат. А бүгүнкү практикада егерлердин баары мергенчилер. Анан алар кантип браконьерди кармап, миллион сом төлөтөт? Айттым го, 2018-жылы бир да браконьер кармалып, миллион сом төлөбөптүр. А балким, кармалып, пара берип кутулуп аткандыр...
Аттокур ЖУМАЕВ