Байэлге батаңарды берип, колдоо көрсөтүп койгула!
Төмөндөгү эне сүтү оозунан кете элек наристе Жантаев Байэл Нурбекович 2006-жылы туулган. Учурда Байэл күнөөсүз наристе болсо да Жараткан маңдайына жазган сыноосун көтөрүүдө. Ага дарыгерлердин койгон диагнозу: оң тараптуу оор нейробулчуңдуу сколиоз. Жамбаш сөөгүнүн кыйшык өсүүсүнүн күчөгөн формасы. Бетлемдин тубаса булчуңдуу дистрофиясы. Жамбаш сөөктөрүнүн жана омуртканын деформациясынын күчөгөнүнө байланыштуу тез арада операция жасалыш керек. Пландалган операция – сөөк пластикасын колдонуу менен транспедикулокорпоралдуу спондилодез Th2-L5.
Албетте, Байэлдин ата-энесинде мындай дартка чыгымдала турган каражат жетишсиз болууда. Ал үчүн коомчулуктан жардам сурашат.
Урматтуу мекендештер, чырактай наристе үчүн колдон келген каражатыңыздардан Байэлдин үй-бүлөсү колдоо күтөт. Бүгүн бир сом болсо да соопчулук жасасаңыз, кайрымдуулугуңуз Жараткандан миң эселеп кайтарымы болорун унутпайлы, замандаштар!
Бул үчүн төмөндөгү номерлерге байланышка чыгып, каражат которсоңор болот:
0502-70-25-55, Мирбек Элсом, Элкарт
“Азия Ньюс” гезити