Акыркы кабарлар
» Коом » Италиялыктар көзү жылчык адамдардан кача башташты...
Италиялыктар көзү жылчык адамдардан кача башташты...
27-февраль, 16:29
530 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Күн санап коронавирустан кооптонуу күч алды. Айрыкча азиат рассасындагы адамдарды жек көргөндөр да арбыганы маалым болууда. Блогер Адилет Айтикеев: “Кудай сактасын! Бирок өзүбүз дагы сак бололу, бул илдет медицинасы өнүккөн өлкөлөрдүн шаштысын алып жатат. Кытайда, Иранда, Кореяда эл үйүнөн чыга албай калды. Италияда көзү жымшык адамды көрсө качып жатышыптыр. Биз дагы сак болушубуз абзел. Киши топтолгон жерден, той топурдан оолак болуп, базарларда маска тагынып жүрбөсө болбойт” деген пикирин социалдык баракчасынан жолдоду.
Aryba.kg