Чүйдүн губернатору ишенимди актай алабы? Алдыда президенттик шайлоо...


Чүй облусунун губернатору Элкинбек Аширбаев мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, кандай ийгиликтерди жаратканы коомчулукка белгисиз. Белгилүүсү – 2021-жылы Сокулук бир мандаттуу округунан шайлоого чыгып, добуш сатып алууга айыпталганы эсиңердеби? ЖМКларга жарыяланган эле. Ал иштен кантип кутулуп кеткен?
Учурда дал ушул кадр Сары Өзөндү башкарып отурат. Үн-сөзүн уга элекпиз. Көпчүлүк катмар деле тааныбайт экен. Көтөргөн демилге, идеясы барбы? Билбейбиз. Миллиондон ашык калкы бар Чүй облусун өнүктүрүү боюнча дымагын качан көрсөтөт? Же унчукпай жүрүп эле кетип калабы? Таңгалычтуу.
Айтмакчы, ноябрь айында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болсо, губернатор катары Элкинбек Аширбаев жүк көтөрө алабы? Бул маанилүү суроо. Же ага чейин эксперимент кылып, сынап көрөбүзбү? Мезгилден уттуруп атпайбызбы! Аныгында жергиликтүү, облустук бийлик сааттай чыкылдап ырааттуу түрдө иштеп турушу зарыл. Тилекке каршы, көп нерсе бүдөмүк тартып атса, эми кантебиз? Айтор, санаа, кыжалаттык басууда...
Ток этерине келсек, Канат Жумагазиев Чүй облусунда губернатор болуп иштеп кеткен соң, анын деңгээлине жетүү кыйын экени маалым. Мындай профессионал кадрды да барктай албадык...
Натыйжада, Чүй облустук бийликтин аброюн кантип көтөрөбүз? Баш катууда. Убакыт жебедей учуп, шайлоо дагы жакындап келатат. Чын эле, кандай кылабыз?











