» Саясат » Орун басарлары менен урушкан Орунбай Кочкоров милицияга оңбогондой зыян кылууда
Орун басарлары менен урушкан Орунбай Кочкоров милицияга оңбогондой зыян кылууда
26-август, 12:00
999 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ысык-Көл ОИИБ начальниги Орунбай Кочкоров милицияга оңбогондой зыян кылып, коомдук талкуудан түшпөй атат. Оор кылмыштар боюнча туура эмес маалымат тараттырып, баш айлантканы да бар. Аягында ИИМге сөз тийип, акыл-эстүү адамдар баш чайкап турушат. Орун басарлары Бектен Бекмуратов менен Азамат Сабыралиев башынан эле каршылык көрсөтүшүп, уруш-талаш күчөгөнү бизге чейин угулган. Гезиттин өткөн сандарына жазылган. Өздүк курамды башкара албай, жалпы атмосфера бузулганы жашыруун эмес. Жакында дагы бир орун басары Арсен Самаев экөө кабинеттен катуу айтышып, аз жерден мушташууга жетпей калышканы кандай? Дуулдаган кеп кетти... Ал эми ОИИБнин начальник штабы арызын жазып, Орунбай Кочкоров менен иштеше албай баса бергенби? Айтор, абал чатак! Ичтен ирип жатышса, анан кайдагы кылмыштуулук менен күрөшүүнү айтасыңар?