Ал күндөрдүн даңкы өчпөйт...
Бу дүйнө жаралгандан бери эле адамзат бири экинчиси менен согушуп, урушуп келет. Акыл-эси өсө элек кезде алгач тамак-аш же жылуу орун талашса, кийинчерээк пендезаттын жаңжалы жер, суу, анан байлык дегендей кызыкчылыктарга өсүп жеткен. Биз мектепте окуп жүргөндө дүйнөлүк экинчи согушта 50 миллиондон ашык адам кырылганын билгенбиз. Фашисттик Германиянын баскынчылыгына каршы Улуу Ата мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей киши катышкан экен. Анын 160 миңи кан майданда курман болушкан. Калкынын саны аз эле республикабыздан Советтер Союзунун 73 Баатыры чыккан. Советтик мезгилде бул согуштун катышуучулары менен болгон далай жолугушууларга, аскердик параддарга катышып калдык. Жалпысынан 1418 күнгө созулган согушка катышкан 360 миң кыргызстандыктардын 150 миңи ар кандай орден-медалдарга татыктуу болушкан.
Социализмди сактоо боюнча патриоттук кыймыл фронттон миңдеген чакырым ыраактагы оорукта да күч алып, республикабыздын эмгекчилери СССРдин коргонуу фондуна танктар менен самолетторду куруу максатында 189 млн. рубль нак акча, 946 млн. сомдук облигация, 59 килограмм күмүш жөнөтүшкөн. Ошондой эле коргонуу фондуна 4,5 млн. пуд буудай, 500 миң пуд эт беришкен экен. СССРдин калкынын саны 1939-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгында 170 млн. болсо, 1946-жылы 166 миллионго түшкөн. Кан майдандан ондогон ири заводдор көчүрүлүп келип, жеңиш үчүн чукулунан иштей баштаган. Көп улуттуу элдин биримдигинин, темирдей бекем тартиптин аркасында совет эли жеңишке жетишип, жер жүзүн кулчулуктун туткунунан сактап калганы маалым.
Дүйнөнүн жүзүн өрт алып
Кара жалын каптады.
Кыяндай жүрөт шаркырап
Кызыл кандын акканы.
Ушундай апаат күндөрдө
Уяттан уят эмеспи
Уулуңдун үйдө жатканы...
(Жоомарт Бөкөнбаев)
Буюрса эмдиги жылы жазында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу кырдаалда белгиленет. Кадамжай районунда убакыттын өтүшү менен согуштун катышуучулары калган жок. Бирок тылдагы эмгек баатырлары, ардагерлердин бала-бакырасы, небере-чөбүрөлөрү, урпактары бар. Биз согуштун кесепетин, жеңиштин маани-маңызын унутпай жаш муундарга жеткирүүбүз зарыл. Мына жакында Кыргызстандын курамына кошулган Баткен дубанындагы Кара-Жантак кыштагынан да Улуу Ата мекендик согушка 16 азамат катышкан. Алардын ысымдарын зор урмат-сый менен эскеребиз. Алар: Актөрөев Камил, Аллабердиев Эргеш, Гүлүшов Гапар, Орунбаев Тиллебалды, Исаков Аскар, Кадыров Акбар, Назаров Жамбыл, Тойкулов Сапар, Калыков Мустан жана башка аталар. Алардын бардыгы мурда Өзбекстанга карагандыктан Фергана облусунун Хамракул Турсункулов атындагы алдыңкы колхозунун пахтазарларында, мал чарбачылыгында, багбанчылык тармагында ак дилден эмгектенишип, мамлекеттин гүлдөп өсүшүнө салмактуу салымын кошуп келишкен. Салим Аблабердиев аксакал өлкөдөгү эң жогорку сыйлык – Ленин орденин алууга татыктуу болгон. Дагы бир топтору акчалай жана орден-медалдарга татышып, өздөрүнүн эмгекчилдигин, биримдигин, тазалыгын тастыкташкан. Бүгүн окурмандарга ушул четки, чек аралаш айылга Пүлгөн кыштагынан өткөн кылымдын башталышында көчүп түшүшкөн, өзүм бир нече ирет баарлашып калган, ички дүйнөсү кенен, ар ким менен тил табыша билген, кайрымдуу, мээримдүү, иштемчил калыс инсан, маркум Гапар ава Гүлүшов тууралуу баян этсем дейм.
Фергана өрөөнүнүн тоо этегинен орун алган, жери кенен Кара-Жантак кыштагында оорчулукта турмуш кечирген Гапар жаштайынан боорукер, адамды бир көрүшүнөн түшүнө билген жигит болгон. Бир тууган акеси Тургун, эжеси Ашир менен совет бийлиги орной баштаган катаал жылдарда чыдамкайлык жана ынтымак менен күн кечирип жан багышкан. Адамдарга жардам берүүнү, адал эмгек кылып оокат табууну максат кылган Гапар Гүлүшов кенедейинен дыйканчылыкка, багбанчылыкка берилип, чөл тараптан көптөгөн өзбек, тажик досторун арттырган экен.
Батышта Улуу Ата мекендик согуш башталып, кан күйгөн мезгилде ал чарбада кандай жумуш болсо колкабыш кылып, улуулар менен бирге астейдил иштеп жан сактоого жетишкен. Акыры көптөн күткөн тилеги орундалып, 1943-жылы он жети жашында военкоматтан жашын жогорулатып алып, фронтко Горчаков темир жол бекетинен аттанган. Бою пакене, арык жигит намыстанып, аскердик курал-жарактарды туура колдонуп, фашисттик душмандардан коргоно билүүнү сабактарда талбай үйрөнөт. Мында анын жаштайынан атасынын таасири менен Кара-Бий, Аңкур-Сай аймактарындагы тоолордо жапайы айбанаттарга аңчылык кылып жүргөнү демөөр болот. Жаштайынан шамдагай, эр жүрөк, чуркай да, жашына да билген Гапар Гүлүшов Ураин, Беларусь фронтторунда мото-аткычтар бөлүктөрүндө каармандык менен согушат. Өзүнөн бир топ улуу жоокерлердин алкоосуна, кадырлоосуна ээ болот. Оболу курал-жарактардын тартыштыгынан беш атар менен далай душманды талкалоого жетишет. Командирлердин алкышын алат. Орусчаны аракеттенип жакшылап үйрөнөт. Германиянын борбору Берлиндин рейхстагына жеңиш туусунун желбирешине салымын кошот.
Экинчи дүйнөлүк согуш муну менен эле токтобой, ал башка жоокерлер менен биргеликте Япониядагы кармаштарга да катышат. Планетабызда акырындап тынчтык орнойт. 1946-жылы киндик каны тамган кыштагына келген соң үйүндө жатып албай, ошол учурдагы эң бир маанилүү сугатчылык кесипти аркалап, чарбанын пахтазарларына, эгин-тегинине, өрүкзарларына суу жеткирип, катуу көзөмөлдөгөн, калыс, адилеттүү мурап болгон. Замандашы Газбүбүгө үйлөнүп, ал ээрчитип келген балдарды да колунан келишинче багып, жакшы тарбиялайт. Бала-бакырасы, небере-чөбүрөсү көбөйүп, үйү бактылуу ызы-чууга толот. Кыштакка акырындап мектеп, бала бакча, оорукана курдурушат.
Гапар аванын сүрөтү Фергана райондук партия комитетинин алдындагы Ардак тактага илингенин, аны менен жолугушууга, майрамдарын чогуу белгилөөгө достору, жаштар шаңдуу катышканын жердештери айтып жүрүшөт. Жыл сайын аны Жеңиш майрамы менен куттуктоону унутушчу эмес. Райондун борбору Вуадиль кыштагында илгертеден миң жылдарды карыткан саябандуу, касиеттүү чынар терек бар. Анын айлана-тегерегин өзбек туугандар иретке келтиришип, эс алуу жайларын, чайканаларды курушкан. Бул жерде Гапар Гүлүшов далай агайындары менен баарлашып, чайлашып, бактылуу мезгилин өткөргөн. Деги эле аны эскеришкен уулу Исраил, келини Шарипа, кызы Умсунай, мугалимдер жалаң үлгү аларлык асыл сапаттарын канааттануу менен белгилешти. Колхоздогу албан иштери, айылдагы той-тополорду, мааракелерди көп чыгым, ысырапкерчилик кылбай мазмундуу башкарышы, касапчылык кылып малды туура, адал соё билиши азыркы замандаштарга да сабак болчудай. Умсунай атасынын жана бир туугандарынын турмушта кыйналган жаштарга, аялзатына, оорукчандар менен жетим-жесирлерге колдон келишинче жардам берип келгенин баса көрсөттү.
Мына эми арадан жылдар өтүп, Гапар аванын балдары, неберелери өзүнчө шаар болуп, Кыргызстандын, Россиянын аймагында таза, ак дилден эмгектенишип, бактылуу күн кечирип жатышат. Алардын бардыгы союздун акыркы жылдарында дүйнөдөн кайткан чоң атасынын, таятасынын бүгүнкү жаркын заманды курууга кошкон салымы менен баштарын бийик көтөрө сыймыктанышат.