Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскер прокуратурасындагы Нурдан Орунтаевдин чуулгандуу иши эмне болду?

Аскер прокуратурасындагы Нурдан Орунтаевдин чуулгандуу иши эмне болду?

18-ноябрь, 12:00
420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Архитектура, курулуш, турак жай коммуналдык чарба агенттигине Нурдан Орунтаев жетекчи болду. Билими, тажрыйбасы бул кызматка туура келбесе да, күчтөп карьера жасатуу кимге опо? Өтө таңгалычтуу! Бул эргул Бишкектин вице-мэри катары тапшырма эле аткарып, мыйзамсыз курулган объектилерди бузуп жүрүп таанылган. Андан мурда тергөөчү эле. Эске салсак, Нурдан Орунтаевге кымбат баалуу 18 машинанын уурдалганы, тергөөчү катары аларды калкалоо боюнча кылмыш иши козголгону, аскер прокуратурасы камакка аларда арачыга түшкөндөр чыгышып, аман калды беле? 30 миң доллар пара алганбы? Тергөөдө чектери да сакталганбы? Уурдалган автоунаалар боюнча агездеги ИИМдин орун басары Памир Асанов, тергөөнү тейлеген Эркебек Аширходжаев да аралашып калышканбы? “Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт эмеспи. Эгерде Нурдан Орунтаевдин кылмыш иштери аскер прокуратурасында токтотулуп турса, кайсы сыйкыр менен улам бир кызматка көтөрүлүп атат? Ушул өңүтүнөн алганда, тийешелүү органдар жооп узата алышабы?

Кызык, “бок-жини аралашкандай” эле кетип баратабыз, аягын кандайча элестетебиз? Артында “калбыры” бар кадр таза иштейби? Албетте, шек саноо, арсарлык жаралууда.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер