Ташиевдин баласы Жалал-Абад шаарында жарым паашага айландыбы?
Өткөн жумада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы Таймурас Жалал-Абад мэриясындагы жетекчилерди такалап, коронавируска байланыштуу ой-пикирин айтып отурганын көргөнбүз. Кабагын бүркөп, кагып-силкип сүйлөп. Бул көрүнүш соцтармакта талкуу жаратып, бир эсе күлкүгө айланса, экинчи жагынан кыжырданууну жаратканын жазып жатышты. “Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт” деген лакап эске түштү. Кызыгы, Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон Таймурас Ташиев атасынын айбаты менен аброй топтогонго аракет жасап, жергиликтүү чиновниктерге үстөмдүк кыла баштаганы уу-дуу жаратууда. Ошондо жарым паашага айландыбы? Эски бийликтердин төбөлдөрү, алардын эркеталтаңдары эсиңердеби? Акаевдин, Бакиевдин балдары тайраңдап жатышып, аягы кандай аяктаганын көрдүңөр! Трагедия! Сабак албайт экенбиз да...
"Азия Ньюс" гезити