Каргашалуу июль трагедиясы үчүн ким жооп берет?
Июль, август айларында пандемиянын биринчи толкуну каптаганда бир жарым миңден ашык адам көз жумду, 40 миңден ашык адам ооруган. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тээ ала жазда эле эч нерсе боло электе министр Космосбек Чолпонбаев менен вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекованы “курмандыкка” чалып, “даярдык начар” деп күнөөнүн баарын ошол экөөнө оодарып, “кыйын иштейт” деп Сабыржан Абдукаримовду саламаттык сактоо министри кылып дайындаган. Бирок ал мурдагы министрден да начар иштегени ачык көрүндү. Кыргызстан эпидемиянын алдын алганга, аны менен күрөшкөнгө даяр эмес болуп чыкты. Азыр эми ошондо жакындары каза болгон жарандар бул маселени көтөрүп жатышат. Андан кийин мурдагы президент С.Жээнбеков ошол жайында болгон трагедияга күнөөлүүлөрдү териштирип жазалагандын ордуна эч нерсе болбогондой шайлоо өткөрүп, кермекаш вице-премьер Аида Исмаилова “эрдик” жасап койгонсуп шайлоого аттанып, аягында алапайын таппай калышпадыбы?
Жайындагы каргашалуу июль трагедиясы үчүн ким жооп берет? Сооронбай Жээнбеков жана анын командасы бул трагедия үчүн, ишке болгон шалаакы мамилеси үчүн жооп бериши керек! Сооронбай Жээнбековго “экс” деген статус адегенде анын ишине саясый жана укуктук баа берилгенден кийин гана берилиши шарт.
"Азия Ньюс" гезити