Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сиңдим абакта отуруп келген адамга турмушка чыгып, жапа чегүүдө. Эмне кылсак болот?

Сиңдим абакта отуруп келген адамга турмушка чыгып, жапа чегүүдө. Эмне кылсак болот?

02-август, 12:29
1 722 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул ирет Жанара (аты өзгөртүлдү) каарманыбыз кайрылып, жандүйнөсүн түйшөлткөн суроосун “Барометр кж” сайтына бөлүштү.

“Менин кайрылуум жакындарыма байланыштуу болмокчу. Алты бир тууганбыз, буга чейин ынтымакты бекем кармап, баарыбыз бири-бирибизди сыйлаганга аракет кылып эле жүргөнбүз. Менин жакшы көргөн сиңдим бар болчу. Бар болчу деген себебим, азыр жакшы көрбөй калдым. Кепти ошондон баштайын. 

Сиңдим төрт баласы менен ажырашып кетип, жалгыз жашап  жаткан, шаарда үйү бар болчу, чоң уулу жогору окуу жайды жаңы бүттү. 

Эки жыл мурда биздин Аалиевдердин үй-бүлөсүндө чоң чатак чыкты. Туугандардын баары бир сыйра катуу ачууландык. Сиңдим дагы бир ирет турмушка чыкты. Анын эмнеси жаман?” дээрсиз. Жаман жагы деле жок. Бактылуу болсун деп коё турган эле жердебиз. Бирок күйөө балабыз өтө оор кылмыш (өзүңүз түшүнөсүз да) менен түрмөдө отуруп чыккан жигит экен. Аны кайдан таап алыптыр дебейсизби? Сиңдим бир ирет зеригип отуруп, гезитти карап, телефон чалат. Болочок күйөөсү абак жайда жаткан экен. Таанышып сүйлөшүп, анан сиңдим аны катуу сүйүп калган имиш. Ошентип абак жайдан жолугушуп жүрүшөт. Былтыр ал жигит мунапыс алганбы же убактысы бүткөнбү, айтор, келип менин сиңдим менен үйлөнүп жашап жатат. 

Туугандардын баары катышпай калдык. Кыздардын уулусу катары акыл айтайын, “кой, бул ишиңди токтот” деп барсам, сиңдим асман айдан кетип мени менен урушуп, “үйүмө жолобо, мага балдарымдын кереги жок, ушул жолдошум керек, бузба, жамандаба!” деп мени кууп чыкты. Ошондон бери таарынып барбай жүрөм. Бирок убакыт өтө, жаңы күйөө бала ар түрдүү досторун алып келип, үйдү өзүнө каттатып, сиңдимди сабап, бети-башын көгала кылып, ичимдик ичип, тапкан акчасын коротуп жатыптыр. Ортодо балдарына эле убал болду. Аны кантип мындай адамдан кол үздүрсөк болот? Кимге кайрылсак болот?” деп жазды Жанара.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер