Кара-Жантактын үмүтү


Илгертен үмүт-тилеги орундалбай, унутулуп келген кошуналардын Фергана районундагы жалаң кыргыздар жашаган Кара-Жантак кыштагы Кыргыз Республикасынын курамына кошулду. Бул күндү көрүүгө жетпей канчалары жарык дүйнө менен коштошуп кете беришкен эле. Ондогон улутташтарыбыздын үмүт-тилеги мына XXI кылымда, эки мамлекет башчысынын акылман саясатынын, достугунун аркасында жүзөгө ашты. Далай кара-жантактыктар көздөрүнө жаш ала кубанычка батышып, кыргыз паспортторун алышты. Ушул жагдайга кененирээк токтолгум келет.
Карт тарыхта
Бүгүн дүркүрөп өнүгүп жаткан Фергана шаарынын жанындагы Маргалаң, Кува, Бакай, Кыр-Манас, Жайылма, Кептеркана, Жабагы, Кара-Жантак деген шаар-кыштактарда кыргыздар соода-сатык менен кол өнөрчүлүккө берилишкен, ислам динин алгачкылардан болуп кабыл алышкан, илим менен маданият кескин өнүккөн кошуналар менен достошуп, тыгыз карым-катнашта, кыз алышып куда-сөөк күтүшүп, ынтымак-ырашкерликте чогуу-чаран жашап келишкен.
Өзү өзбек адабий тили Фергана говорунун негизинде кабыл алынган. Бул өрөөндөн окумуштуулар, жетекчилер, акын-жазуучулар, усталар, кол өнөрчүлөр абдан көп чыгышкан. Аны тарыхый булактардан жакшы билебиз. Ал эми кыргыз элинин пайдубалын түзүшкөн ичкиликтин бостон, кыдырша, найман, тейит, төөлөс, каңды, жоокесек деген уруулары негизинен азыркы Лейлек районунун аймагындагы айылдардан акырындап жер которушуп, Фергананын түздүктөрүн көздөй көчүп келишип, дыйканчылыктын сырларын үйрөнүшүп, маданият менен ислам динине кыйла жакындашкан. Маселен, айылдагы зыялылардын айтымында, кыдыршалар Лейлектеги Козу-Баглан дарыясынын алабынан – жээгинен көчүп келишкени белгилүү. Алар тууралуу XVI кылымда эле Сайфидин Аксыкентинин “Мажму ат-Таварих” деген залкар эмгегинде таасын жазылып калган. Мына XIX кылымда биздин райондогу Кызыл-Булак, Пум, Охна, Тамаша, Айдаркен айыл-кыштактарынан Молдо Нияз, Туяк Эрназар уулу, Абдимомун Досберди уулу, Анарбай апыз, Абдырахман деген ырчылар лирикалык, саясый, патриоттук, ашыглык ырларын кагаз бетине түшүрүшүп, же оозеки айтышкан эле. Булар биз билгендерибиз, унутулбай сакталып калгандары. Ал эми эскерилбей кеткендери андан бир канча эсеге көп болсо керек.
Ушул жашыл оазиске айланган даңазалуу өрөөндөн чыккан залкар инсандардын бири туурасында кененирээк маалымат бергим келет. 790-жылы азыркы Кува районунун аймагында улуу инсан Абдул Аббас Ахмад ибн Мухаммед ибн Касар-ал-Фергани бабабыз туулган. Латынча тарыхта Альфраганус деп жазылып жүрөт. Ал Багдадда жашаган. Атактуу Аль Хорезми жетектеген Ислам академиясындагы “Акылмандар үйүндө” иштептир. Астроном, математик Аль-Фергани 860-жылы Фергана өрөөнүндө дүйнөдөн кайткан. Ал окумуштуу катары жер планетасынын шарга окшош тоголок экенин далилдөөгө жетишет. Жыл ичиндеги эң узун күн 22-июнда, эң кыска күн 22-декабрда болорун биринчи болуп тастыктаган. Өмүрүнүн соңку жылдарында Каирде жашап, астролябияны ойлоп тапкан. Аны менен асмандагы жылдыздардын жайгашышын, ага чейинки аралыкты аныктаптыр. Аль-Фарганинин эмгектери жер жүзүндө энциклопедия жана илимий эмгек катары пайдаланылып келүүдө. Бул бир залкар бабабыздын эмгеги, таржымалы. Бул жашыл өрөөндө Александр Македонскийдин, Чыңгызхандын, Амир Темирдин, Бабурдун буттарынын изи калган ыйык жер. Аларга болгон сый-урмат кошуналарда абдан жогору. Досторубуз уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнүшпөй, тескерисинче, бир асыл максатка биригишип, өз өлкөсүн алдыңкылардын катарына теңөө үчүн бел чечпей эмгектенип жатышат.
Советтик доордо
Жергебизде совет бийлиги орной баштаган учурда ылдыйкы аймактагы кыштактарга отурукташа баштаган кыргыздар акырындап өрлөп, абасы таза, мал багууга жагымдуу Саңги-Бала, Кара-Бий, Пахалы, Сары-Талаа, Кара-Тумшук, Кожо-Кайыр деген жерлерди карай, суусу таңкыс болсо да кой-эчкилерди жайганга ыңгайлуу тоо этектерин карай жылып, отурукташа башташкан. Биз билгенден чөбү дүркүрөп өспөгөн, караган, четин, табылгы, итмурун, кара чеке, ыргай, жылгын, сөксөөл анчейин чыкпаган, жалаң шыбактар менен коён томуктар, дарылык касиети бар көөл жайнаган аймакка арык салышып, суу бурушуп, кайракы аймакка жарамдуу өрүк, жүзүм, шабдалы, жаңгак баштаган бак-дарактарды тигишкен экен.
Кадамжайдын жанындагы, Кызыл-Кыянын жолундагы бул четки айылда жер кеңири болгонун биз да байкап калдык. Кыштактын аты эмнеге Кара-Жантак экенин бир аз иликтеп көрөлү. “Жантак керек болсо, төө мойнун созот” деген накыл кеп элибизде айтылып калган. Китептерди аңтарып отуруп, улууларга кайрылып, “жантак” деген кандай өсүмдүк экенин таба албай койдум. Анан эле кокусунан сүрөттөрдүн арасынан кадимки көөлгө окшош, жерге жайнап жаткан, тикенектүү, жашыл өсүмдүктүн сүрөтүн таап алсам болобу! Биологдор да тастыкташты. Ал эч кандай бадал эмес, жөн гана суусу аз жерге өскөн, айрым малга тоют сыяктуу Кудайдын бир тикенектүү берекеси экен. Суусу таңкыс чөлкөмдө жантак жайылып азыр азайып баратканы байкалат. Майда мал менен төө жаныбарга жагымдуу окшойт.
Фергана районунун борбору Вуадиль кыштагынын колтугунда жайгашкан, айдоо жери көп бул четки айылга Өзбекстан тарабынан жакшы эле көңүл бурулган. 1973-жылы жаңы орто мектептин, кийинчерээк балдар бакчасынын, фельдшердик-акушердик пункттун заманбап имараттары курулганын канааттануу менен көрсөтүүгө болот.
Кара-Жантактан 16 авабыз Улуу Ата мекендик согуштун кан майданына аттанса, үч замандашыбыз Ооган согушуна катышып келишкен экен. Ысымдарын атасак: Ашырбаев Токтосун, Гүлүшов Гапар, Кадыров Акбар, Маматов Беккелди, Айдаров Кыяс жана башка аксакалдар. Жергебизге совет бийлиги орной баштаган мезгилде Кыргызстандын тунгуч башкаруучусу Абдыкадыр Орозбеков өзбек кошуналары Юлдаш Ахунбабаев, Усман Юсупов, Хамракул Турсункуловдор менен достошуп, революциялык иштерге катышып, өмүрүн бүгүнкү жаркын замандын жаралышына арнаган. Алардын баары бир дайрадан суу ичишип, бир базарга барышып, бир жайлоодо мал багышкан чыныгы достордон эле. Биз барган айыл мурда Социалисттик Эмгектин үч жолку баатыры Х.Турсункулов атындагы алдыңкы колхоздун бир бригадасы болгон. Советтик мезгилдин соңку жылдарында биз да бүлөбүз менен бул чарбанын даркан талаасында пахта терип, мамлекетке тапшырууга катышып калдык. Кыштактагы биз сыйлаган Гапар ава Гүлүшовдукуна барып, балдары, неберелери менен Ыстыктын-Сайы деген жерден кадимки суу тегирмендин ташын чыгаргандарды өз көзүм менен кызыгып көргөм. Карыянын кызыктуу аңгемелерин көп уктук. Аш-тойлоруна да катышып калдым. Эми бул тарапта үлкөн иштер аткарылып, реформалар ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат.
Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Бегалиев бул жакта Өзбекстан Республикасы менен 6 чакырым чектешерибизди айтты. Көп жылдардан бери масилеттешип отуруп, Кыргызстанга 241,5 гектар жер аянты, 219 кожолук же 891 тургун кошулду. Анын 240ы пенсионерлер, 269у он сегиз жашка чейинкилер. 246 тургунга КР жарандыгын тастыктаган жаңы паспортторду президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев салтанаттуу тапшырды. Ошол учурдагы улутташтарыбыздын көздөрүнөн кубанычтын жашы куюлганына ыраазы болдук. Дагы 600 адам паспорт алууга арыз тапшырышкан. Алардын маселеси да мыйзамга ылайык оңунан чечилер деген үмүттөбүз.
Келечек айкын болду
Биз тасмадай созулган асфальт жолдо зымырап жүрүп отуруп, түз эле балдар бакчасы менен №86 мектепке кирип бардык. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, тажрыйбалуу педагог Айсалкын Жолоновна Калыбаева, тарых мугалими Чыныгүл Калыкова, айыл аксакалы Исраил Жадилов жана башкалар кубанычтары койнуна батпай, ийгиликтерин биринен экинчиси жарыша айтып беришти. Мектептин имараты дурус экен. 23 мугалим 217 балага терең билим, татыктуу тарбия берип жатышыптыр. Залдардын, класстык кабинеттердин жасалгасын көрүп көзүң тоёт. Бизден суранышканынан улам Бишкектеги “Турар” басмасынын директору Милан Мураталиевдин, кыргыз эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаеванын, акын- жазуучулар Тынчтыкбек Нурмамбетов, Тойчубай Субанбеков менен Суусарбек Тыналиевдин, Кадамжай районунун ардактуу акындары Салия Жусубалиева менен Жумагүл Газыбаеванын жана өзүмдүн атыман кайрымдуулук жардамдарды, адабий, тарыхый китептерди, гезит-журналдарды мектептин китепканасына тапшырдым. Буюрса аларды эрикпей окуган уул-кыздарыбыз элибиздин адабиятын, тарыхын, маданиятын, каада-салтын дагы да жакшы үйрөнүшүп, жаркын келечекти куруучулардын алдыңкы сабында болушуна ишенебиз.
Кара-Жантакта объективдүү себептерге байланыштуу дагы кошумча көптөгөн социалдык объектилерди куруу керек. Алсак, мончо, дарыкана, электр чубалгылары, эс алуу жайлары салынат. Экинчиден, азыркы чек ара тилкеси мектепке чукул болуп, окуучулардын коопсуздугуна, билим алышына ыңгайсыз болгондуктан, жогору жакка заңгыраган заманбап ыкмада курулса деген ойлорун айтышты. Бул маселелер азыркы бийликтин тушунда кыска аралыкта оңунан чечилишине ишенебиз. Анан айылга унаа каттамын жөнгө салуу зарыл. Эң башкысы, жаштарды жумуш менен камсыздоо, сырткы миграцияны чектөө үчүн өнөр жай ишканалары ачылса жакшы болор эле. Суу маселесин өлкөбүздүн мекенчил уулу Асанбай Пазылов жетектеген “Алга кадам” коомдук уюму Шаймерден дарыясынан тоо-таштарды жардырып тешип, тегиздиктеги 7000 гектардан ашуун дың жерлерге элдин жардамы менен канал куруунун үлгүсүн көрсөтүп жатат. Кара-жантактыктар да андан пайдаланышып, үзүрүн көрүшөр деген ойдобуз. Кыскасы, Кудай буюрса, дагы беш-алты жылдын аралыгында эле Кадамжай шаарынын күн чыгыш тарабында гүлдөгөн, абатташкан жаңы конуштар салынары бышык!
Адылжан Жажанов,











