Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөн Кыргызбаев: “Улуу Көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингдин аткарар иштери белгисиз”

Дүйшөн Кыргызбаев: “Улуу Көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингдин аткарар иштери белгисиз”

25-декабрь, 14:01
568 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы менен маек.

"Улуу Көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы ачык акционердик коому түзүлдү. Холдингдин түзүүчүсү финансы министрлиги аталса, уставдык капиталы 100 млн. сом өлчөмүндө белгиленген. Маалыматта холдингдин капиталы 2022-жылы 1 млрд. сомго чейин жеткирилери айтылууда. 

Жаңы холдинг тууралуу тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөн Кыргызбаевдин пикирин уктук. 


-- “Улуу Көчмөндөрдүн мурасы” деген холдинг ачылды. Азыр өлкөбүзгө зарыл беле?

-- Бул боюнча төмөндөгүдөй ой-пикир, божомол жаралып жатат: бүгүнкү күндө бизде “Кыргызалтын” ачык акционердик коому бар. Андан сырткары, мамлекеттик “Кыргызкөмүр” ишканасы, кийинки мезгилде ачылган кыргыз геология мамлекеттик ишканасы, бир топтон бери иштеп келе жаткан "Кыргызнефтегаз" ишканасы бар. Алар иш-аракеттерин бүгүнкүгө чейин жүргүзүп келишти. Бул холдингдин жаралганын төмөндөгүдөй божомолдойм. Кендердин, ресурстардын баарынын башын кошуп, бириктирип, “бизде кандай кендер бар?” деген маселени коюп, аны аныктап чыгышары айтылып жатат. 

Бүгүнкү күндө финансы министрлиги негиздөөчү болуп кирип, миллион сом уставдык капиталына киргизип, ошол эле мезгилде 2022-жылы бул сумманы 1 млрд. сомго чыгарууну айтып жатат. Демек, бул компания ачык компания болот. Кыргызстанда жайгашкан кендерге анализ жүргүзүшөт. Анын баалуулугун жасап, аныкташат жана мүмкүн болгон мамлекеттик деңгээлдеги кендер болсо, ошолорго акция чыгарышып, ошол акцияларды дүйнөлүк биржаларга Шанхай, Гонконг болобу, ошол жакка жайгаштырып, ошол акциялардын негизинде кен жайгашкан жерге долбоор түзүп, ага акча тартып келип, кендерди иштетип, мүмкүн экономикага кошумча каражат киргизели деген ой-максат болуп жатабы (?) деген ойдомун. Ошондой түшүнүп кабыл алып жатам. Бүгүнкү күндө анын жол-жобосу толугу менен аныктала элек. “Түзүлдү” деген аты бар. Түзүлгөндөн кийин анын жобосу аныкталып, бекитилиш керек. Бекитилгенден кийин дагы кандай маселелер жаралат, аны убакыт көргөзөт деген пикирдемин.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер