Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыркул Ашимбаев: «Элдик бийлик орноп, жаңы кадамдар жасалууда»

Сабыркул Ашимбаев: «Элдик бийлик орноп, жаңы кадамдар жасалууда»

17-декабрь, 15:07
1 471 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен маек.

-- Жылдын кыш мезгилинде карапайым эл отун-суу жана электр энергиясына көз каранды. Облустун калкы канчалык деңгээлде көмүр  менен камсыз болду?

-- Быйыл облустун бюджеттик мекемелерине, жылуулук ишканаларына жана калкына болжол менен 97 миң 934 тонна көмүр керектеле турган болсо, жалпы керектөөнүн 76 пайызы камсыз кылынды. Тактап айтканда, бюджеттик мекемелерге 100 пайыз көмүр тартылып бүттү. Ал эми калктын көмүр менен камсыз болуусу 75 пайызды, жылуулук берүү ишканаларына көмүр тартуу иши 82 пайызды түздү. 

Бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймактарында уюштурулган 46 кампасында 1740 тонна көмүр бар. Мындан сырткары, жеке ишкерлер тарабынан автоунаалар менен кыдырып көмүр сатылууда. Көмүр кампаларында сатылып жаткан көмүрдүн 1 тоннасы 2000-3500 сомдон, ал эми базарларда сатылып жаткан көмүрдүн баасы 2000-3600 сомго чейин болууда. 

Карапайым калктын кыш мезгилиндеги эң негизги маселеси отун-суу менен камсыз болуу. Ошондуктан биздин негизги көңүл бура турган маселебиз да ушул. Көмүрдүн баалары жана жеткиликтүү деңгээлде камсыз болуусу менин жеке көзөмөлүмдө. Бул боюнча үзгүлтүксүз иш алып барылууда. 

Калктын аярлуу катмарын отунуу менен камсыз кылуу максатында көмүр казган ишканалар, жеке демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бүгүнкү күнгө чейин 1450 тонна көмүр тарттырып, аз камсыз үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жардамга муктаж адамдарга акысыз таратып бердик. Буюрса дагы 500 тонна көмүр тартып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. 

Электр энергиясы жетиштүү камсыздалууда. Жай мезгилинде электр подстанциялары, от казандары ремонттон өтүп, кышка даярдык көрүлгөн. Электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпай камсыз кылып берүү боюнча электр тармактар ишканаларына тапшырмаларды берип, тыкыр көзөмөлгө алуудабыз. Айрыкча карапайым калктын светин кыш мезгилинде өчүрбөй турууларын сурандык. Буюрса элибиз кыштан аман-эсен чыгып кетет деген ниеттемин. 

Учурда Кара-Кече көмүр кесиминдеги “Кара-Кече”, “Шарбон” ишканалары көмүр өндүрүп, элди камсыздап жатат. Кезек күтүү жок. Ал эми Турук көмүр кесиминдеги “Турук-Майнинг” ишканасы  15-ноябрдан декабрь айынын башына чейин 8 миң тонна көмүр өндүрүп, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорун камсыздап берди. Жолдун катаалдыгына байланыштуу декабрь айынын башы менен аталган ишкана өз ишин токтотту. 

Нарын облусунда көмүр кенен. Калкка көмүр тартуу иши жана көмүргө болгон баа жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө. 

-- Октябрь айындагы тополоңго байланыштуу Кара-Кече көмүр кесиминен бир канча тонна көмүр эсепсиз чыгып кеткени боюнча кабардарбыз. Мамлекеттик мүлктү талап-тоноп кеткендердин канчасы табылды?

-- Бул маселе боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн. Бир айдын ичинде бардыгы тартипке келтирилип, жаза алгандар алып, кээ бири өзүнүн жасаган ишин мойнуна алып, чыгымдарды төлөп беришти. Ар бир факты боюнча кененирээк токтолсом, 2020-жылдын 6-октябрында өлкөдөгү абалдын курчушунан пайдаланып Кара-Кече көмүр кесиминдеги “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан белгисиз адамдар автоунаага жүктөлгөн көмүрлөрдүн акысын төлөбөй чыгып кетишкени аныкталган. Бул окуя боюнча КР ЖКнин 200-беренеси (“Уурулук) боюнча 28 факт катталып, анын ичинен 19 факт боюнча адамдар аныкталган. Калган иштер боюнча кылмыштын бетин ачуу максатындагы тергөө аракеттери жүрүүдө. 

Ошондой эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын кассасын белгисиз адамдар басып алып, кассадагы акчаларды тоноп кеткендиги боюнча 1 факт катталып, териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен алынган акчалар аталган ишкананын Бишкек шаарындагы кеңсесине толугу менен өткөрүлүп берилген. 

Мындан сырткары, Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кесиминдеги “Токсон теке” участкасында жайгашкан “Шарбон” ЖАКнун имаратында орнотулган 400 миң сомдук видеокамераларды талкалап кетүү фактысы катталып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. 

Ушул эле күнү Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылынын тургундары, болжол менен 30-35 адам “Турук-Майнинг” жана “Сардар” ЖЧКларына барып, иштетпей басып алууга аракет жасашкан. Бул факт боюнча КР ЖКнин 208-беренесинин негизинде сотко чейинки өндрүш башталып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. 

Азыр көмүр кендеринде абал туруктуу. Тартип маселеси боюнча укук коргоо, коомдук тартипти сактоо органдарына катуу ташырмалар берилген. 

-- Мал базардагы (Ат-Башы, Кочкор ж.б.) малдын баасы төмөн түшүп кеткенине малчылар нааразы болуп жатышат. Бул боюнча оюңуз кандай?

-- Баарыбызга белгилүү болгондой, быйыл малдын баасы кыйла көтөрүлдү. Өткөн жылдарга салыштырмалуу жакшы эле баа болуп атат. Мисалы, кечээ эле Ат-Башыдагы малдын баасы боюнча маалымат алдым. Жылкылар 60-90 миңден, уй 60-120 миңге чейин   болду. Сойгонго жараган семиз койлор 8 миңден 12-15 миң сомго чейин көтөрүлдү. Уй дээрлик эки эсеге, жылкы 15 миң сомго чейин көтөрүлүп атат, өткөн жылга салыштырмалуу. Эттин баасы 420-460 сом болууда. Малдын баасы көтөрүлгөнү мал киндиктүү эл үчүн жакшы. Бирок ошол эле учурда эт сатып жеген, пенсия, пособие менен күн көргөн катмар үчүн оор. Ошондуктан жалпы элдин жашоосу үчүн баалар дагы тең салмакта болуусу керек деген пикирдемин. Малдын баасы арзандап кетти деген ойго кошулбайм.   

Эми өзүңүздөр билгендей, элдик бийлик орноп, жаңы кадамдар жасалып атат. Алдыда көп жакшы пландар бар. Буюрса көп өзгөрүүлөргө, жакшы саамалыктарга күбө болосуздар деген ишеничтемин.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер