Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ыргал Кадыралиева: «Мурдагы директорлордун көпчүлүгү ордуна келип калышы мүмкүн»

Ыргал Кадыралиева: «Мурдагы директорлордун көпчүлүгү ордуна келип калышы мүмкүн»

19-июль, 10:22
709 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ыргал Кармышаковна, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлорун иштен кетирүү боюнча жарлык чыкты. Педагог катары буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Эгер биз билим берүү тармагында чындап реформа кылалы десек, бир гана мектепте эмес, баардык тармактарда: колледждерде, кесиптик-техникалык окуу жайларда, ЖОЖдордо, балдар бакчаларында да жетекчилер беш жылдан ашык иштебесин (!) деген жобону киргизүү керек. Керек болсо эл шайлаган президенттердин, депутаттардын деле мөөнөтү чектелип атпайбы. Менин угушума караганда, мектеп директорлорунун баары азыр өздөрүнүн тааныштарын, «крышаларын» издей башташты. Андыктан, он-жыйырма пайызы алмашканы менен калгандары кайрадан конкурска катышуу укугун пайдаланып, тааныштарын ортого салып, кайра эле мурдагылар кызматка келип калышы мүмкүн. 

-- Дегеле кадрларды ротациялоого кандай карайсыз?

-- Мен реформалоону, ротацияны кош колдоп колдойм. Бирок, ал иш системалуу жүргүзүлүшү шарт. Ротациялоо – мурдатан бери колдонулуп келаткан практика. Бирок, союз мезгилинде аларга үй-бүлөсү менен көчүп барганга шарт түзүлчү, турак жай берилчү. Андыктан, азыр да кайсы бир кадрды башка районго же облуска которгондо, анын үй-бүлөсү турак жай менен камсыздалышын, жубайынын ишке, балдарынын мектепке, балдар бакчасына орноштурулушун камсыздоо керек. Социалдык тармактардан кээ бир жетекчилер тууралуу «качан караба жолдо эле жүрөт, күнүгө барып келет деген» деген сын пикирлерди окуп калабыз. Демек, алардын бүт убактысы жолдо өтпөшү үчүн шарт түзүп берүү зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер