Төбө чачты тик тургузабы? Каныбек Туманбаевге олуттуу суроолор жолдонду...


Баткендеги үйлөрдүн курулушунан бир канча ирет келишпестик, чыр-чатактар чыкканы, кем-карчы толук жабыла электе Бишкек шаарында ири курулуштар башталары айгайланып айтылып келет. Ат майдандын, №47 түрмөнүн ордуна, ондогон гектар жерге ипотекалык үйлөр салынары, 50 миңдей жараныбыз жеңилдетилген батирлерге баш калкалашары каңкууланууда. Кулак сүйүнөт! Мындай кыялдар ишке ашса жакшы. Бирок качан? Баары эле жел сөз таризинде жортуп, капсулалар салынат, катуу пиарга алынат, а реалдуу турмушта ишке ашабы? Санаага салган суроолор арбын. Чиновниктер арасында кызык кеп курчуганы, бир эсе табалагандай баш чайкашканы жөн жерден эмеспи? Өлкөдөгү ири курулуштарды президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев аркалай турганы, буга төбөлдөрдөн башкалары ишенбей калышканы кандай? Ириде “биринин шапкесин бирине кийгизгендей” көз будамайлап, орто-чакан курулуштарды кантип жүзөгө ашырып келген? Көп бизнесмендерге карызбы? Кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен көз жазгырып, көмүскөдөн миллиондорду айландырып келатабы? Ушул суроолорго Каныбек Туманбаев терикпей эле жооп берип койсо, өзүнө пайдалуу болмок. Себеби, ал боюнча саясый элитада, коомчулукта тирукмуш сөздөр козуй баштады. Президенттин айланасындагылар да этияттап мамиле жасап калышканы бекер жерден эмеспи? Томуктай ишти тоодой көрсөтүү, дээрлик тобокелчилик менен дубалга урунуу беле? Деги бир ырааттуулук менен тазалыкты көрсөтө алабы? Тумандаган аралчабызда эртең күн чайыттай ачылса, көп былыктар кашкайып чыгып калбайбы? Арбын ишкерлер, көмүскөдөгү адамдар Каныбек Туманбаевге арыз жазышпайбы? Кыскасы, кызык соболдордун түйүнү келечекте чечилчүдөй. Ошондо төбө чачыңар тик турбайбы?..
"Азия Ньюс" гезити











