Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Видео) Казакстанда 25 жыл кулчулукта жүргөн Элмира үй-бүлөсүнө кайтып келди

(Видео) Казакстанда 25 жыл кулчулукта жүргөн Элмира үй-бүлөсүнө кайтып келди

19-август, 17:27
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көп жылдан бери Казакстанда кулчулукта жүргөн Элмира Корчиева Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл жарым ай коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө Э.К.Жумалиев Казакстанда табылган апасын алып келүүгө жардам сурап кайрылган.

Анын айтымында, 25 жыл мурда Элмира Корчиева Казакстанга иштөө үчүн кетип, андан кийин байланыш үзүлгөн. Кыргызстанда 3 баласы жана жолдошу калган. Аны башка адамды издеп жаткан Ички иштер министрлигинин кызматкерлери байкап калышкан. Элмира кулчулукта жүргөнү белгилүү болуп, жашоосу тууралуу айтып берген. Бирок үйүнө кайтуу үчүн документтери жок болчу. Ага «ээлик кылган адамдар» башка адамдарга берип, ар кайсы жерде, ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ак-Суу РИИБ менен байланышып, Элмиранын туугандарын табышкан. Анын уулу Улуттук кызыл жарым ай коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө үй-бүлөлүк байланышты калыбына келтирүү жөнүндө арыз жазып, аталган уюм архивдин жардамы менен керектүү документтерди даярдап берген. Андан соң Казакстандагы кыргыз диаспорасынын жана Алматыдагы Кыргызстандын консулдугунун колдоосу менен чек арадан өтүү үчүн документтер даярдалган.

Кечээ, 18-августта Кант шаарындагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде Элмира үй-бүлөсү менен жолугушту. Бардык туугандарына психикалык-социалдык колдоо көрсөтүлдү

"Турмуш"
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер