Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Коронавирус он кишиден аныкталып, бир бейтап каза тапты
Коронавирус он кишиден аныкталып, бир бейтап каза тапты
07-март, 12:20

Кыргызстанда 7-мартка карата коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 200 миң 641ге жетти.
Акыркы суткада коронавирус 10 адамдан аныкталып, бир бейтап каза тапты. Азыркы тапта ооруканада 153 адам дарыланууда, алардын 16сынын абалы өтө оор, 67синин абалы оор деп бааланууда. 260 адам үй шартында дарыланып жатат.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 120 миңден ашык адамга сайылды.