Акыркы кабарлар
» Экономика » Жигитим бай, мен кедей болгондуктан, пайдаланып таштап кетти
Жигитим бай, мен кедей болгондуктан, пайдаланып таштап кетти
13-июль, 12:19
3 362 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мен студент кезде жигитим бар болчу. Ал экөөбүз көпкө чейин сүйлөшүп, мен 4-курста окуп жүргөндө 14-февралды бирге өткөрдүк. Ата-энелерибизге айтпай экөөбүз чогуу үч ай жашадык. Анын апасы мени жактырбай койду, себеби алар бай, жакшы турушат. А мен карапайым жердин кызымын. Апасы биздин айылдык болгондуктан ата-энемди таанышат. Туугандары аркылуу ата-энеме “кызыңарды уулума алып бербейм” деп айттырыптыр. Жигитим да апасын шылтоо кылып, мени менен көп жолукпай жатканынан урушуп кеткенбиз. Ошентип экөөбүз сүйлөшпөй калган элек. Андан бери эки жыл өттү. Көп өкүндүм. Тобо кылып, бирок андан бери жаман жолго барган жокмун. Азыр бир жигит чалып жүрөт, “үйлөнөм” дейт. Мен мурунку окуяларымды айтып берсемби? Ал жигитим кетип калсачы?..
Аделя