Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эсен НИЯЗОВ: “Биздин бүтүрүүчүлөр жылыга 100 миң долларга чейин табышат. Кантип?..”

Эсен НИЯЗОВ: “Биздин бүтүрүүчүлөр жылыга 100 миң долларга чейин табышат. Кантип?..”

13-ноябрь, 22:16
2 747 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Компьютердин тилин сууруп, тишин чаккан Эсен иним менен капыстан таанышып калдык. Илгери шаарда төрөлүп өскөн балдарды “киргиз” дечүбүз. Азыр Америкага кетип аткандарды “американ” деп калдык, андайлар толтура. Бири иштеп, бири билимин тереңдеткени, дагы бири саякаттап... Биздин каарман Эсен Ниязов мындан 8-9 жыл мурун Америкага билимин улаганы кетип, азыр Чикаго шаарында үзүрлүү эмгектенип, аны менен токтоп калбай, алган билимин кыргыздарга да үйрөтүп атыптыр. 

-- Эсен, Америкага кандайча барып калдың, сөздү ушундан баштайлы?

-- 2010-жылдары кыргыз-түрк “Манас” университетинде окудум. Америкага келгиче эле “башка өлкөдө билим алсам” деп кыялданчумун. Алгач Түркияга барып, илим-билимимди тереңдетүү тилегим бар эле. Американын магнити күчтүү экен. Болгондо да Чикаго шаарына туш келдим. Адашып келип калгандай болуп, тилден абдан кыйналдым. Эч бир тааныш, дос же жакын туугандар болбогондуктан, жашаш керек болуп, аргасыздан такси айдап, балык тазалаган кыйын күндөр баштан өттү. 

-- Чикаго... кулакка укмуш угулат го? 

-- Негизи “Чикаго” дегенде кыргыздардын оюна “Америкадагы Кыргызстанбы?” деген ой келет. Кыргыздардын коому бар. Ар бир майрам сайын мекендештерибиз чогулуп, көптөгөн маданий жана спорт иш-чараларын өткөзүп, бири-бири менен жакындан таанышып, бир дасторкондон даам сызышат. Бир сөз менен айтканда, биздин мекендештердин баары эле ошол жакта жүргөнсүйт. Көп кыйынчылыктан кийин тил үйрөнүп, Univerisity of Wisconsin-Madison университетинде компьютер инженериясы боюнча билим алдым. Кесибим боюнча программистмин. Акыркы үч жылдан бери IT тармагында жумуштарыбызды кылып келебиз. Жогорудагы өзүм окуп келген тренинг борбордун ээси менен бир канча убакыт бою сүйлөшүп жүрүп, Чикагодон филиалын негиздеп, мындайча айтканда, IT боюнча курс ачкам. Ошол эле Чикаго шаарында “Cymertek traning” борборунун директорумун. Негизи аябай жакшы болду. Ар дайым бул жерде билим алгандардын басымдуу бөлүгү кыргыздар болуп келет. Акыркы 3-4 жылдын ичинде IT тармагына көп кирип башташты. 

-- А мурунчу?

    -- Буга чейин 6-7 жыл мурун таксиде же фура айдап, сатуучулук кылып, бир сөз менен айтканда, кара жумуш үчүн келишкен. Мен деле ошолордун катарын толуктаган элем. Азыр Кудайдын кулагы сүйүнсүн, компьютердик инженерия IT тармагын жакшы өздөштүрүп башташты. Бул компания негизи Вашингтондо түптөлүп, алгачкы офиси да ошол жакта жайгашкан. Ал эми Чикаго шаарындагы офис болсо дээрлик эки жылдан бери иш алып барууда. Кененирээк айтсам, биздин борбордо жарым жыл окуп, жакшы маяналуу ишке орношууга мүмкүнчүлүк болот. Ушул убакка чейин үч топту бүтүрдүк. Алгачкы топто 54 окуучу билим алып, учурда алардын баары иштеп жатат. Экинчи топту бүтүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү иштеп калды. Ал эми азыркы учурда биздин борбордо 90го жакын окуучу билим алып чыгышты. Биздин бүтүрүүчүлөр Америкадагы ири компанияларга ишке кире алышат. Мисалга алсак, “Chase”, “Bank of Amerika”, “US bank” банктарында жана “Allstate”, “Walgreens” компанияларда иш алып барууда. Көбүнчөсү жөн эле жумушка эмес, айлыгы жогору жумушта иштеп атышат.

-- Жогору болгондо канча?

-- Жылына болжол менен 90-100 миң доллардан кем эмес. Ошондо айына 7500-8500 доллардан айланып калат. Бул жетишерлик, биз үчүн чоң акча да. 

    -- Америкага ар кандай шарттар менен бара албагандар үчүн Бишкекте окутуу курсуңду ачсаң болот беле?

-- Туура айтасыз, биз да ушундай жагдайды эске алып, Бишкекке офис ачтык. Билим берүү жана айтишникке үйрөтүү боюнча компаниябызда программисттерди жыйнап, америкалык фирмалардын долбоорлорун ошол Бишкек шаарында эле жасап беребиз. Бул жумушту эл аралык тилде “аутсорсинг” деп айтышат. Чындап келсе Кыргызстандын билимдүү кээ бир жаштары жумуш таппай аргасыздан чет мамлекетке кетип атат. Мындай учурда аутсорсинг менен иштесе деген каалоом бар. 

-- Бизде ушундай шарт барбы?

-- Биздин мамлекет жабык эмес ачык өлкө, ким каалагандай жашаса болот. Бул боюнча шарттарыбыз башка мамлекеттерге салыштырмалуу жакшы.   

-- Айтишник жумуштун маанилүү экенин бишкектик жаштар билип атышабы?

-- Учурда Америкадагы кыргыз айтишниктер жыйналып, Кыргызстанга ITнин маанилүүлүгүн, канчалык деңгээлде көңүл бурушубуз керек экенин жеткизүүгө аракет кылып, ар кандай долбоорлордун үстүнөн иштеп келебиз. 

-- Бул эми алдыдагы максаттарыңдын бири болсо керек?

-- Ооба. Америкадагы тажрыйбаларыбызды Кыргызстанга алып келүүгө көпкө аракет кылып жүрдүк. Ошондой максатта Ысык-Көлдүн Каракол шаарында өз жумушубузду баштадык. Буга чейин Америкада программист болуп 4-5 жылдай иштеп кеткен өнөктөшүбүз Караколдо эки багыттуу жумушубузду ийгиликтүү баштады. Максатыбыз эле акыркы технологиялар менен азыркы жаштарга IT индустриясын үйрөтүү. Анткени бул тармак аябай бат өнүккөндүктөн, жумуш таап иштеп кетүү көп кыйынчылык жаратпайт. Ошондой эле чет өлкөгө чыгып иш издөөнүн да кереги жок. Эгер сапаттуу кызмат бере турган кадрларды даярдасак, анда өзүбүздүн эле өлкөдө туруп дүйнөнүн булуң-бурчундагы компанияларга иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Азыр баарыбызга белгилүү болгондой, баардык бизнестин же ишканалардын өзүнүн системасы бар, же болбосо жумуштун өнүгүүсү үчүн системаны түзүүгө муктаж. Ошондуктан жетиштүү программисттер болсо, анда бизде көптөгөн жумушту алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда жаштарды кабыл алып, программалоону үйрөтүп жаткан кезибиз. Ал эми экинчи багыт болсо өлкөдөгү программисттерди жумуш менен камсыздап, чет өлкөдөн долбоорлорду алып Кыргызстанда жасатуу. Аутсорсинг (Outsourcing) кызматын көрсөтүү. Бул бир гана чет өлкөнүн долбоорлору эле эмес, жергиликтүү билим берүү, соода-сатык, финансы кызматтары тармактарына сапаттуу онлайн платформаларды жасоо болуп эсептелет. Азыр IT тармагында тажрыйбалуу программисттерди алып, жергиликтүү долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин максат: эки багытты тең Американын шарттарында же Американын ыкмаларында үйрөтүү. Анткени Кыргызстанда үйрөтүлгөн ыкма чет өлкөнүн рыногуна туура келбей калышы мүмкүн, же болбосо Кыргызстанда жасалган программалардын, системалардын көпчүлүгү дүйнөлүк деңгээлде болбой калышы ыктымал. Ошол себептен биздин кызматыбызды дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүү болуп атат. 

-- А эмнеге IT тармагына өзгөчө көңүл буруп атасың?

-- Учурда ааламдашуу саясаты абдан курч абалда. Өнүккөн ири державалар арасында биздин мамлекет дем алалбай, тумчугуп калышы ыктымал. Бир мисал келтире кетейин: мындан 15-20 жыл мурун Бишкекте үйлөр, жер тилкелери 50 пайызга арзан болчу. Колунда барлар “каап, ошондо эле толтура үйлөрдү сатып алганда не?” деп атышкандыр. Анын сыңары, биздин жаштар “эртең, эмдигиде” дебей, бүгүнтөн баштап IT тармагына батыл киришип, инженерия программасын өздөштүрсө, кийин “каап” дебей каларына көзүм жетип турат. 

-- Ошол жанагы сен айткан “эртең, эмдигиде” деген жаштар программалоого шыгы жоктур, же мектепте, ЖОЖдо жарытылуу окубасачы?

-- Антип корко берсе, башка жакта деле ийгилик жаратпайт. Мага келген бир жигит математикадан начар экенин, мектепти эптеп-септеп, анан ЖОЖду бир кафеде официант болуп иштеп, тапкан-ташыганын контрактка төлөп, мугалимдерге берип бүтүргөнүн айтып чочулаган. Эки жума курска келе баштагандан кийин таптакыр өзгөрүлдү. Тилди да, курсту да мыкты өздөштүрүп баштады. Биз ушундай калыптанып калган стереотипти талкалашыбыз керек. 

-- Америкада жүргөнүңө бери дегенде 7-8 жыл болуптур, эмнең өзгөрдү?

-- Биринчиден, жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Убакытты баалай билүү, улутка болгон патриоттук сезимим күчөдү.   


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

Aryba.kg 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер