Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, ”ЖК депутаты: “Көмүскө экономика жылына 48 миллиард чыгым келтирүүдө. Өкмөт кетсин!”

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, ”ЖК депутаты: “Көмүскө экономика жылына 48 миллиард чыгым келтирүүдө. Өкмөт кетсин!”

13-декабрь, 10:39
1 008 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жакынкы күндөрү эле парламент 2019-2020-жылдардын бюджетин талкуулап, кабыл алды. Өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевдин отчетуна оң баа бергендей болдуңуздар. Бирок, чыныгы экономикабыздын оор абалы тууралуу да айтыш керек го?..

 -- Биз карызга жашаган бюджетти кабыл алып бердик. Өкмөт “майкөл-сүткөл жашоо болуп жатат” деп кооз сүйлөдү. “Баары жакшы” дегени менен чындык андай эмес. Бизнесмендер да айтып жатат, бизнес кылганга шарт жок. Мамлекеттик органдарда бюрократия көп. Инвестиция жок. Ички капиталдын баары сыртка чыгууда. Импорт менен экспорттун абалы жаман. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр абдан начар. Оорулуу адамдын организминдей эле биздин экономиканын абалы оор. Ошондуктан Европа жана Дүйнөлүк банктын жардамы менен жашап келе жатабыз. Көмүскө экономика жылына 48 миллиард чыгым алып келип жатат. Биздин инвесторлорго түзүлгөн климат канааттандырарлык эмес. Ошон үчүн инвестор келбейт. Бюджетке жазылган 25 миллиард сом инвестиция эмес, улам-улам ратификация кылып жаткан грант 30%, карыз 70%. Ошону инвестиция катары айтып жатабыз. Жумушсуздук 19%. Инфляцияны эл жонтери менен сезип жатат. Ун кымбаттады. Инфляцияны сезип жатабыз, бирок өсүштү сезген жокпуз да. Ар бир төртүнчү литр бензин контрабанда. “Контрабанда менен көмүскө экономиканы жөнгө сала албасаңар, экономикабыздын оор абалын оңдой албасаңар, кеткиле!” деген маселени койдум. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер