Шаршекүл Аманова: “Адам тагдырын Жараткандан башка эч ким чече албасы чындык”
-- Шаршекүл, “кемпир-абадчылардын” соттук иштери кантип атат?
-- “Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандыкы, ал Өзбекстанга берилбесин!” деп талап кылгандыгы үчүн камалгандардын сотко чейин тергөө иштери аяктап, сотко өткөн. Биринчи Май райондук сотунда процесс башталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө адам тагдыры, эркиндиги Конституцияда абсолюттук деп көрсөтүлгөнү менен реалдуу жашоодо таптакыр башкача болуп атканы жүрөктү мыжып атат. Бирок, камалгандардын жартысы белгилүү бир себептер менен үй камагына чыгышты, ошондуктан адилеттүүлүктөн үмүт үзө элекпиз.
-- Күндүн ысыгында Кемпир-Абад боюнча камактагылардын акыбалдары кандай? Жолдошуң Эрлан жакшы элеби?..
-- “Аркы дүйнөнүн азабы тозок болсо, бул дүйнөнүн тозогу түрмө” деп бекер айтылбаса керек. Жолдошумдун темир тор артында жатканына 10 айга кетти. Ал өзү шартын, абалын жашыргысы келгени менен кышында суук, жай саратанында ысык келет. Бишкек шаарынын тергөө абагы тээ согуш маалында, тактап айтканда, 1943-жылы салынган. Андан бери канча доор алмашты? Эми элестетсеңиз, имараттын салынганына 80 жыл болгону менен бир дагы жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөн, тамагын дагы бир бөлмөдөн ичип, ошол эле бөлмөдөн адамдык муктаждыгын жоюп жатса…
Эми адам тагдырын Жараткандан башка эч ким чече албасы чындык. Мен ишенем, Эрлан бул сыноолорду сөзсүз татыктуу жеңип өтөт!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити