“Дин маселеси өтө сезимтал экенин Аскат Алагозов туура белгилептир”
-- Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов дин маселеси өтө сезимтал экенин жазып, чагымчыл билдирүү, сурамжылоолорду токтотуу керектигин эскертти. Бул жагы туура. Бирок муфтият, мамлекеттик тийешелүү органдар диний агартуучулук багытта иш жүргүзүшпөйбү? Радикалдуу чакырыктарга азгырылбай, Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн эреже менен жашай алабызбы?
Азиза Абдирасулова, укук коргоочу:
-- Дин, улут маселеси өтө аяр экени абдан туура, абайлашыбыз керек. Ага карабастан соцтармактарда кайсы тарап болбосун өздөрүнүн радикалдуу көз караштарын билдирип, кайым айтышуулар бар экенин эч ким танбайт. Кимдир бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын, бирок кайсы бир динге: мейли христиан, будда, мусулман, же анын агымдарына ишеним арткан пенде өзүнүн сезимдерин ыйык сезет. “Сен теңирчисиң, каапырсың же машаяк экенсиң. Эмнеге биздин динди тутпайсың? Эмнеге ошого баш ийесиң? Биздин гана динди тут, калгандары жарабайт” деген радикалдуу көз караш менен кайсы бир динди таңуулоо, мажбурлоону мен туура эмес көрөм. Ким кандай ишеничке ээ болсо, ошол ишенич менен тынч жашашы керек. Дин – бул ички ишенич, жандүйнө туюму. Кудайды көргөн, сүйлөшкөн эч ким жок, бирок, ошол эле Кудайды кимдир бирөө “Аллах”, “Жараткан”, “Господь”, “Теңир” деп, бери дегенде 99 ат менен аташат. Ооба, ааламды тараза ташына салып, тең салмакта кармап турган касиеттүү күч бар экенин эч ким танбайт. Чыныгы мусулман бир да пендеге тоскоолдук жаратпастан, жылда бир келүүчү орозосун тутат, 5 маал намазын окуйт, “намаз оку, мечитке бар, орозо тут” деп кайсы бир пендени таңуулабайт. Ал ар бир адамдын өзүнүн тандоосу, ага эч ким кийлигишпеши керек.
Диний карама-каршылыктарды таркатпоо шарт, бул абдан туура кадам. Дин мамлекеттик иштерге аралашып кетип атат. Жадагалса, диний көз караштагы партиялар парламентке отуруп калышты. Алар акырындап болсо да өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын (алсак, көп аял алуу ж.б.) мыйзамдар аркылуу таңуулаганга аракет кылышат да. Мындай нерсени мамлекет жөнгө салуусу кажет.
Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:
-- Президенттин маалымат катчысы туура эскертүү берген, бул жагын туура катары колдонсок болот. Бирок, диний агымдардын көп багыттары радикалдуу башкаларга кошулуп кетишип, аларды укук коргоо органдары ачыкка чыгарышып, элди көп иренжитишүүдө. Ошондуктан ушундай багытта “муфтият” дейбизби же “религия органдары” дейбизби, айтор, эл арасында жакшы идеологияга багыт берип, ички көзөмөлгө катуу көз салуу зарыл.
Алмаз Темирбек уулу, медиа-эксперт:
-- Дин маселеси өтө сезимтал экенин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов туура белгилептир. Негизи бул маселеге байланыштуу диний фанаттардын өздөрүнүн түшүнүктөрүн таңуулай берген көрүнүштөр коомго жик салууда. Андыктан, мындай чагымчылдыктан кооптуулук жаралбаш үчүн диний аалымдар, ошол эле муфтият кыргыздын каада-салтына, нарк-насилине доо кетирбей турган, жек көрсөтүү үрөнүн сеппей, ханафий мазхабдын негизинде гана агартуучулук иштерин жүргүзүп, Конституциянын алкагынан чыкпай, дин менен улуттун баалуулуктарын карама-каршы койбой иш алып барышы милдет. Мамлекет ушул жагын катуу көзөмөлгө алуусу зарыл.