Аймактагы бийлик жакшы иштесе, ажо элди кыдырат беле?


Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин кандай иштеп атканын убакыт көрсөтөт. Жакынкы эле аралыкта дараметине, кылган иштерин толук кандуу баа берилмекчи. Кичине сабыр кыла туралы.
Бирок Оштогу ишкерлердин, элдин нааразычылыгы көбөйүп баратканынан улам, президент абалды алдыртан сезип, аймакты кыдырууга аргасыз болду окшойт. Эгерде жергиликтүү жетекчилер жакшы иштеп жатышса, Садыр Жапаров убара тартып, элдин үнүн угуу үчүн бармак эмес. Мэр, губернатор, акимдер, начальник милициялар, УКМК жана прокурорлор тийиштүү деңгээлде көпчүлүктүн жүгүн көтөрө албай калышса, кайдыгерликке батышса, анан нааразычылыктар жаралат эмеспи. Мындайда президент баардыгына чуркап жетишпейт да, андыктан, кадр саясатын кайрадан карап чыгып, “жүнү тирүү” адистерди электен өткөрүп, сергек дайындоолорго басым кылуу шарт.











