Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанга коммунисттик жана улуттук идеология керек

Кыргызстанга коммунисттик жана улуттук идеология керек

10-июнь, 19:30
257 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров өзүнүн жөнөкөйлүгү менен кыргыз элине жакын экенин көрсөттү. Мурдагылар ажо болгондо асмандап кетишсе, бүгүнкү президент элдин жашоо шартына жардам берип, эл арасында жүрөт. Жаңы конуштардын көйгөлөрүн чечип, элди ыраазы кылса, базардагылар менен аралашып азык-түлүк, отун-суу, жаккан көмүрүнө чейин кийлигишкенин көрдүк. Элдик президенттин “элди багып алам” дегени бекеринен айтылбаптыр. Президент баш болгон кыргыз эли чогуу-чаран аракет кылышса, Кыргызстанды кыска убакыт аралыгында алдыңкы, өнүккөн өлкөгө айланта алышат. Акыркы 30 жыл ичинде бир нече этаптарды басып өткөн Кыргызстанда көп жоготуулар болуп, мамлекеттүүлүк жана мыйзамдуулук жоголду. АКШ орноткон капиталисттик системаны уланта берсек, Кыргызстан биротоло жок болушу мүмкүн. Мамлекеттерди, элдерди кагыштырып пайда көргөн капиталисттер кыргыз бийлигин элге каршы иштетип койгон үчүн саясат, экономика, идеология өлдү. Эске салсак, СССР убагындагы коммунисттик идеология менен биздин улуттук идеологиябыз кыргыз элин цивилизациянын туу чокусуна жеткирген. Илим-билим, маданият, искусство, спорт жагынан эң алдыңкы орундарда элек. 

Эми бүгүнкүлөр жөнүндө айтсак, абал өтө начар. Ачык айтканда, АКШнын жетегинде калган Украина сыяктуу жок болуу чегине жетип калдык. Кыргызстанда саясат, геосаясат жөнүндө кеп кылуу – жайылып жүргөн койлорго лекция окуганга барабар. Позиция-оппозиция, эркек-ургаачысы – баары бир укпайт, же укса да түшүнбөйт. Анткени ар бир кыргыз чукуп отурган уюлдук телефонунда антироссиялык фейк пропаганда толтура болгондуктан, АКШ, Европа, Украинадагы көкмээлерден айырмасы жок болуп калган. Дүйнөдө болуп жаткан окуялар: согуш, кризис, кымбатчылык, ачкачылык, өлүм-житим кайдан чыкты? Ким уюштурду? Ким күнөөлүү экенин так   билишеби? Жок. Тескери маалымат алган кыргыздар баарын тескери түшүнүшөт. Ошондуктан идеология маселеси чечилип, кыргыз элинин аң-сезими 180 градуска бурулушу керек. Кыргызстандын саясатын жана экономикасын Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев колдорунан келишинче оңдоп жатышат. Бирок идеологиялык фронтто акыбал өтө начар, эч кандай жылыш жок. 

Кыргызстанды каптап кеткен караңгылыктан чыгыш үчүн кыргыздын улуттук идеологиясына түздөн-түз таасир эткен билим берүү системасы менен маданият тармактарын толук кандуу реформадан өткөрүү керек. 30 жылдан бери аң-сезимге орноп калган Батыштын идеологиясы менен Кыргызстан эч качан өнүкпөгөнүн көзү көрбөгөн сокурлар да көрүштү. Ооздору менен орок оргон чиновниктер “тазалануу,  кыскартуу” дешип, алар да күпүлдөштү. Бирок иш жүзүндө эч кандай өзгөрүү болгон жок. Жогорку окуу жайларда, мектептерде коррупция күчөгөнүн, алардын программалары таптакыр жараксыз экенин такай айтып келаткан Каныбек Осмоналиевди экинчи идеолог кылып дайындаса, катачылыктардын баарын оңдомок. Каныбек Осмоналиев катардагы окумуштуу профессор эмес, илим-билимди ийне-жибине чейин билген профессионал экенин президент Садыр Жапаров байкабайт көрүнөт. Айланасында идеологиянын “и” тамгасын билбегендер, кооз сөздөрдү көп айткан кошоматчылары жайнап жүрүшсө, кимдин ким экенин ит билиптирби! Күүлдөп-шаалдап жүрө бергендерге керектүү нерселерди айтуунун деле кереги жок окшойт. Балким казино, кумаркана, сойкукана, акча жөнүндө айтылса кызыктуу болмок. 

Мындан сырткары, Кыргызстанды караңгылыкка сүйрөп бараткан чала сабат динчилдер “дүйнө жүзүн мусулмандар башкарышы керек, калган диндерди өлтүрөбүз!” деп тиштерин кайрап турушса, Украинадагы улутчул фашисттерден кандай айырмасы бар? Кыргыз бийлигиндегилер болсо жер жайнаган мечит, намазканаларды ачышып, оңкочук-тоңкочук атып жүрүшсө, светтик мамлекеттин жок болгону ошо да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер