Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кечээ Матраимовго таасирленген Ырсалиевдин жашоосу оңолгондо

Кечээ Матраимовго таасирленген Ырсалиевдин жашоосу оңолгондо

27-январь, 12:00
658 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жарым дөө” сымал Жамалбек Ырсалиев 2010-жылдан кийин элге аралаша баштады. Тууганы Эркин Мамбеталиевдин аркасынан ар кандай иштерге башын тыгып, ишкерликке да киришип, акча табуунун жолуна түшкөн. Ириде “киндигин” Эркин Мамбеталиев кескени жашыруун деле эмес.

Заманды карачы? Кызматка барганы Жамалбек Ырсалиев байып, шоу уюштуруп, көкөлөп жүргөн чагы. Жеңил-желпи иштерге акчасын чачып, популярдуулукту эңсеп-күсөп жүргөндөй. Жаңы бийлик келгени жолу ачылып, улам бир кресло которуп, ирденип алган убагы. “Бирде жигит төө минет...” дегендей, бүгүн колуна туз келип атса, эртеңки күндү болжоп болобу? Жөө жүрүп калышы да мүмкүн, же “критке” чабылып кетеби? Убакыт көрсөтөт да... 

Эске салсак, кечээ эле Сокенин доорунда Жамалбек мырза Райымбек Матраимов менен таанышууга, жакындоого аракет жасап, таасирленип, аныгында жол таба албай, катуу кыйналып жүрчү эле. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан парламентке талапкер болууну кыялданып, бирок эңсегени ишке ашпай калган. Эми ал күндөр сыноо боюнча калды. 

Асыресе, “Жарым дөө” Жамалбек азыркы бийликтин эрке баласына айланып, көңүл ачуучу кечелерди уюштуруп, коомчулукту өзүнө тартууга далалат жасап атса керек. А эртең заман өзгөрсө, бүгүнкү аракетинин баары талаага кетип калбайбы? Жагымпоз катары жектелип кетсечи?..   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер