Махабат Мавлянова: «Жаңы жолдорду курууга акча бөлүнгөн жок»

-- Сиздер демилгелеген «Мекен карт» долбоору президенттин колдоосун таап, ишке аша турган болду. Бул мигранттарга кандай жеңилдиктерди берет?
-- “Мекен карт” баардык мекендештерге таасир этпейт. Кыргызстанда жашап кеткен, бирок, башка өлкөнүн жарандыгын алгандардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Тагыраагы, алар “чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген расмий наамга ээ болушат. Документ он жылга берилет. Мунун жардамы менен республикага визасыз кирип-чыгууга, каттоосуз, алтымыш күн бою жүрүүгө, эркин иштөөгө, билим алууга жана убактылуу жашап турууга мүмкүн. Ошондой эле, бул сырттагы атуулдарыбыздын өлкөгө инвестиция салуусуна да жол ачат. Бирок, мыйзам коңшу өлкөнүн жарандыгын алгандарга жайылбайт.
-- Кырдаалга жараша бир катар бюджеттик каржылоолор кыскарды. Жол тармагына бөлүнө турган акчанын канчасы кесилди?
-- Өкмөткө “мектептерди куруу, жолдорду салууну токтотуп, оорукана тургузуу керек” деген сунуш бергем. Чындыгында көпчүлүк каражат саламаттык сактоого жумшалып жатат. Кеч болсо да ооруканалардын пайдубалы башталды. Буга ылайык, бир катар объекттер токтоду. Ошол эле учурда жолго карала турган акча да кемиди. Маселен, быйыл жаңы жолдорду курууга акча бөлүнгөн жок. Бир гана күндөлүк турмушта тейленүүчү жолдор жасалып жатат. Ага казынадан 250 млн. сом каралган. Ал эми жол инфраструктурасын өнүктүрүү, жаңы ири жолдорду куруу эбак эле токтогон. Биринчи кезекте бизге жол эмес, адамдардын ден соолугу маанилүү.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити