Вируска байланыштуу жалпы 142 адам ооруканага жаткырылды
Республикалык штабда саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.
2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 42ге жетти.
Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:
1. Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада
2. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында
3. Ноокат аймактык ооруканасында
4. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында
5. Баткен облустук бириккен ооруканасында
Мындан сырткары, ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар (!) деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө. Баардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял). Бул тууралуу “Супер kg” кабарлады.