Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мезгил Исатов, акын: “Эки терезе. Эки дүйнөдө бир эшик...”

Мезгил Исатов, акын: “Эки терезе. Эки дүйнөдө бир эшик...”

25-январь, 09:00
331 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адегенде “Издөөнү табуу” аттуу алакандай китеби менен көптүн көңүлүн буруп, кийин “Түндөгү караңгы” ырлары дагы кайдыгер калтырбаган акын Мезгил Исатовдун поэзия толкунун азырынча ача албайбыз. Бирок, кыска ойлору менен жазылган ак ырлары бирде айдан, бирде чөптүн жалбырагынан, кээде камыштын шыбышынан көрүнүп, анан көпөлөктүн канатындагы кооздукка чөмүлгөнү байкалат. Акынды кепке тартып, ыр сапары тууралуу сурадык.

-- Кыргызда ат коюу астейдил нерсе го... Эмнеге “Издөөнү табуу”? Издегениңиз эмне? Экинчи китебиңиз “Түндөгү караңгы”... Ансыз деле түн караңгы болот да?

-- Бул суроонун жообу жок. Балким, ар бир адам сыяктуу эле өзүмдү издесем керек. Эмнеге кызыгып, эмнеге кайгырып-кубанып, жашоонун мааниси же эмнеге келгенимди издешим мүмкүн. Мага жакканы – китебимди окуган адамдар ар башка нерселерди табышат. Айткандары ар башка...Ой ойду жаратат, адамдарды ойлондурганы кубандырат.


Жашагым келбесе деле жашап жатам.

Бир кылмыштуулук сыяктуу жасала элек.

Калп менен чындык ортосунда.

Бир нерсе бир башкача.

Менче...


Ар бир кыска аңгемемде ушундай баш сөз менен баштайм. Жаш кезде жазылгандыктан эмнени издеп, эмнени эңсегенимди айта албайм. Бир белгеним, издөөнү издесем керек. Же дагы эле таба албаган өзүмдү издейм. Ал эми “Түндөгү караңгы” болсо ырлар. Кийин жазылгандыктан окурман караңгыдагы жарыкты өзү эле таап алат.

-- Сизди ырларын жашап жазган акын дешет. Акын болуу, акындык тагдыр күтүү деген эмне?

-Андай деле эмес. Өткөндө адабий сынчы Болот Таштаналиев мени “жашап жазган акын деп жазды. Менимче, акындардын баары эле ырды ойдон чыгарбай, жашап жазышат болушу керек. Эгерде жандүйнөсү толкубаса, жашабаса, кандай болот? Бирок, ар бир ыр тереңден оргуштап, ичиңден бышканда өзү эле төгүлөт. Ыр жазат элем деп калем кармап отурбайм. Келет өзү... Келерин билем. Бул ар бир калемгердин эң керемет, же эң ачуу жери болсо керек. Ырды ичиңден бүчүр байлантып, гүлдөтүп сунуу – башка нерсе...

-- Ыр кандай болушу керек?

-- Ыр кандай келсе ошондой табигый жашоого акылуу. Эч кандай “измдер” же теориядан алыс. Ырларга ашыкча жүк жүктөөнүн кереги жок. Ыр аккан суудай шар, ойлуу жана обондуу болушу шарт. Поэзиянын тили – куштун, суунун жана шамалдын тилине окшош болууга тийиш.

-- Кайсы учурларда жазасыз? Таңда, түндө, же илхам келгендеби?

-- Буга чоң жазуучу, акындар жооп бербесе, мен акындыктын артынан түшкөн жокмун. Мындайда талант таарынып калат дешет. Ырларымды кийин чыгардым. Атайын ыр жазайын дебейм, келатып эле келип калат. Сонун ойлорду качырып жиберем. Жаза албай калам. Жалгыздыкта, жандүйнөң тынч учурда жазылат го... Обончулар сонун кайрыктарды тапкандай эле ыр дагы кээде оргуштап өзүнөн-өзү келет. Кээде таптакыр жазылбайт...

-- Жакшы көргөн жазуучуңуз ким?

-- Жакшы көргөн жазуучум жок. Жакшы көргөн чыгармалар бар. Абдан көп. Жазуучунун жер жарган бир же эки чыгармасы болот дешет. Ошого кошулам. Себеби, көпчүлүк жазуучулардын атактуу чыгармасы гана аталып турат. Атап бирин айтсам, бири калат. Бирок, Сент-Экзюпери “Кичинекей Ханзада”, Ф.М.Достоевскийдин “Кылмыш жана жаза”, Эрнест Хемингуэйдин “Кош бол менин куралым”, Гарсиа Маркестин “Жүз жылдык жалгыздык”... Ушундай жандүйнөмө жакын чыгармалар көп, санаган туура болбойт го. Батыш, орус, анан Чыгыш адабиятын окугандан кийин өзүңө жакын жазуучулар билинип калат. Мисалы, кийинки адабият агымдары экзистенциализм же магиялык реализм, акыл-эс агымы сыяктуу доордун жазуучулары. Орустун “Күмүш доорундагы” акындарды баары эле жакшы көрүп окушат да. Кыргыз адабиятынан Кубатбек Жусубалиев менен Мурза Гапаровду окугандан тажабайм.


Эски там,

Эки терезе – эки көзүм.

Сырттан да, ичтен карап тагдырымы

Жолоочудай жолумда...

Эски үйүм элесимде,

Эсимде...

Жарыктарым, жакшыларым,

Кечиргиле...

Кереметти күтө берип,

Кереметтей жакындарым

Байкатпастан кетиптир...

Сүйүү барда ичибизде жашайбыз,

Жүрөктөрдө, 

Эски үйүбүздө - 

Эки терезе. 

Эки дүйнөдө -

Бир эшик...


***

Күн өтсө, күүгүм кирсе,

Күйпөлөктөп кеч бешим,

Караңгыга камынып,

Кээ бир жылдыз эрте чыкты...

Энекем

Уюн саап, дасторконун эрте жайып,

Ошол күнү 

Күн дагы

Эрте батты...

Эртеси энесиз эң биринчи таңым атты.

А жылдыздар кеч кетти.

Энемдин элеси асманга тартылды.

Азыр да карап турат.

Ак булуттар...


***

Ушул күндү, улуу жолду, жашоону 

Учурашып, удургуган сезимдин,

Жибин тартып, эртеңиме үңүлсөм,

Ушул жарык, караңгынын ичинде,

Сен караган жерден кандай көрүнөм? 

Сансыз жылдыз арасында,

Бирөө гана сени карайт...

Тамырларым тартылышып,

Бир кан тамыр жерге тартат.

Жер – төшөгүм, Көз – убакыт,

Келерибиз, кетерибиз билинбей,

Бүгүн менен эртеңимдей,

Сен жолумду өлчөбөчү, Аралык!

Айрылсак,

Денебиз айрылды!


***

Менин жашоом меникине окшобой,

Ар бир жашым кайсы жылы жашалган?

Үтүктөлгөн, үзүк-үзүк күндөрүм,

Үшүгөндөн үйүн таппай,

Үнсүз гана үмүттөрү үзүлүп,

Жашалбаптыр жаштыгым...

Сандан санга саналып, 

Сап-сап болгон жылдарым

Бир катарга тизилген каркырадай

Көктөм менен көкөлөп,

Учуптур изи калбай…


***

Үйдө жалгыз, жымжырттык экөөбүз,

Отурабыз ой аралап.

Жашоо дагы жылымык.

Эки бөлмө, эки көзүм,

Эки башка...

Ээсиз турмушумда,

Баратсам өзүм жалгыз,

Эч жерде... эч бир жерден,

Экөөбүз тең өкүнбөгөн жер таппайм!

Өмүрдү сандан-санга баракталган,

Дептериме калтырып, жаап койдум,

Жаштыгымды...

Эшигимди...

Жүрөгүмдү...

Ичинен илип койдум!


***

Учурба шамал, учурба!

Жепжеңил барик жүрөгүм,

Жеңилип жерге куласа...

Шагынан алыс учурба!

Сапырба шамал, сапырба!

Сентябрь гүлү – жүрөгүм

Салаалап бирден чачылса...

Сабынан алыс калтырба.

Унчукпа шамал, унчукпа!

Убайга баткан убагым,

Удургуп менден сураба.

Унутулуп калган убада...

Улуба шамал, улуба!

Учурба шамал, учурба!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер