Мадумаров мандат алгандан кийин камалабы? Же “соодалашабы”?

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы араңдан зорго парламентке өттү. Он бир жылдан берки кыялдары ишке ашты. Бирок, Курманбек Бакиевдин режиминде Адахан Мадумаров коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, Баткендеги 275 метр жерибизге чыккынчылык жасап, протоколго кол коюп салганын президент Садыр Жапаров айткан. Анын айынан тажиктер менен чек ара маселеси ушу күнгө чейин татаалдашып турганына эмне дейбиз? Бул боюнча камакка алынары да болжонгон. Кызыгың түшкүр, Адахан Мадумаровдун куйтулугун кара! Партиясы Жогорку Кеңешке өткөндөн бери тымпыйып отурат, кызыл тили соймоңдобой калыптыр. Баса, ал бир жылдан бери Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди каарып, заарын чачып, кызаңдай жамандап келген да. Буга мандат эле керек беле? Ушунча да жойкумабы? Баса, президенттин сөзү жерде калбаса керек, мамлекетке чыккынчылык жасаган адам кайсы мезгил болбосун, жазасын алышы зарыл. Эл карап турат. Айрым маалыматтар боюнча, Мадумаров мандат алгандан кийин камалары айтылууда. Күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити