Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда жарандарды миграцияга даярдаган борборлор ачылат
Кыргызстанда жарандарды миграцияга даярдаган борборлор ачылат
31-август, 15:33


Кыргызстанда айрым кесиптик окуу жайларда миграцияга чейин даярдоо жана окутуу борборлору ачылат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Министр Кудайберген Базарбаев билим берүү жана илим министрлигинин жана кесиптик окуу жайлардын башчылары менен жолугуп, борборлорду уюштурууну талкуулады. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан мигранттарды даярдаган он борбор ачылат.
Жолугушууда бул борборлордо кадрларды окутуу, кайра окутуу, квалификациясын жогорулатуу иштери жүрөрү айтылды. Анда жумушсуз жарандарга, калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнө, жашоо-турмуштан кыйналып жүргөн жарандарга кыска мөөнөттүк курстар уюштурулмакчы.











