Сокенин түбүнө Түмөнбаев жетеби?

Эсиңерде болсо, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу маселесин айтып чыгып, коомчулук астында олуттуу маселе койгон. Бул боюнча ишти улантарын эскерткен. Албетте, мындайда саясый катмар кызыйт. Коомчулук алаксыйт эмеспи.
Аныгында, эл натыйжасын күтүүдө. “Акылбек Түмөнбаев шоу кылыш үчүн эле Сокени козгоп, оюн кылып койгонбу?” деген да санаркоолор бар. Депутаттар июнь айынын аягы менен каникулга кетип калышса, ошону менен экс-президенттин макамын алуу машакаты унутулуп калабы? Дал ушул таризде кызыгып көрсөк, депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган ишин таштабай, Сооронбай Жээнбековдун бийликте турган кезиндеги кыңыр иштерин казып, иликтөө жүргүзүп, маалымат чогултуп атканы каңкууланды. Пандемиядагы жоготуулар, гуманитардык жардамдардын уурдалганы, коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу ж.б. илинчээктери чыгабы? Абай сала туралы. Эгерде Түмөнбаев жыйынтыгында Сокенин түбүнө жетип, макамын алдырып, каматып тынса, анда эл астында эбегейсиз саясый упай топтойт. А сөз боюнча калса, анда билесиңер да...
Айтмакчы, Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсүн сыртка чыгарып, өзү да качканга даярдана баштаганы айтылууда. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Жүрөктү “солк” эттирген коркунуч жакындап келатабы?..
"Азия Ньюс" гезити