Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Бугу чыкпаган эл радикалдуу кадамдарга барышы мүмкүн”

Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Бугу чыкпаган эл радикалдуу кадамдарга барышы мүмкүн”

08-январь, 19:30
844 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Камактагы “кемпирабадчылар” бир топ чыйралып алышты окшойт, ыңгайына жараша бийликке карата каршылык көрсөтүп келатышат. Бул күрөштүн аягы кандай жыйынтыкталышы мүмкүн?

-- Кемпир-Абад боюнча соттолуп жаткандар саясаттагы ар кыл муундун өкүлдөрү, сүйүктүү Кыргызстандын чыгаан атуулдары. Айткан кептеринде жалын, чындык, абийир бар. Сотто сүйлөшсө да өзгөчө угулат, ошон үчүн эл арасына да бат тарап, сиңип жатат. Акырында баары тарых сотунда акталып чыгышып, эртеңки Кыргызстанды башкарышат. Азыркы бийликке караганда, абакта отурганы аларга сабак болот (!) деп үмүттөнөм. “Кемпирабадчыларды” камагандар, каматкандар да сөзсүз жазаланат. Биз буга да көмөктөшөбүз. 

-- Эл аралык уюмдардын баамында, Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укуктары тебеленип, артка кеткени айтылууда. Мындай көрүнүш бийликтин келечеги үчүн кооптуу эмеспи?

-- Ооба, кооптуу. Анткени сөз эркиндигинин артка кеткени коррупциянын өрчүшүнө алып келүүдө. Transparency International эл аралык уюму “Коррупцияны кабылдоо индексин” 2023-жылдын январында жарыялаган. Анда 2022-жыл ичинде дүйнөнүн 180ден ашуун өлкөсүндөгү жемкорлуктун абалы талданган. Ал индекске ылайык, Кыргызстан бир жыл мурдагыдай эле жалпы 100 баллдан 27 упай гана топтоп, 140-орунга жайгашты жана постсоветтик чөлкөмдөгү жемкорлук кеңири жайылган өлкөлөрдүн бири болуп калды. Эгер буга чейин коңшулар арасында демократиялык жактан өзгөчөлөнүп турган болсо, эми өлкө автократияга ыктады. Бийликтеги тең салмактуулук жана ооздуктоо системасынын алсызданганы өз бийлигинен кыянат пайдалануу жана жоопко тартылбай калуу көрүнүшүн барган сайын оңойлоштура берет.

Май айында АКШнын Эл аралык республикалык институту (IRI) өлкөдөгү саясый кырдаал, кыргызстандыктарды түйшөлткөн көйгөйлөр боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Анда “Коррупция Кыргызстан үчүн чоң көйгөйбү?” деген суроого сурамжылоого катышкандардын 65%ы “ооба” деп жооп беришкен. 56%ы бийлик коррупцияга каршы күрөшүүдө жетиштүү аракет кылбай жатканын айтышкан. Мындай көрүнүш бийликке карата ишенимди түшүрөт, бейстабилдүлүүккө алып келет.

-- Кандай гана кысымдар болуп атса да, бийликке карата сын айткандар, жазгандар соцтармактарда арбын эле го?..

-- Элдин көбү ачык пикирин айтуудан качып калды. Анткени куугунтук жүрүүдө. Блогерлерди элге душман көргөзүү саясаты уланып жатат. Бирок аягында бул бийликке эле терс жыйынтыгын берет. Бийлик маселени чечүүнүн ордуна, айткан кишинин оозун басууда. А чындыгында бугу чыкпаган эл радикалдуу кадамдарга барышы мүмкүн.  

-- Коомчулуктун каршылыгына карабай туу өзгөрдү. Бул боюнча талкуунун аягы сууй элек. Эми гимн, герб да алмашып кете береби?

-- Булардан эми баарын күтсө болот экен. Ыйык символдорубузга тийбесе болмок. Элдин каргышы өздөрүнүн башына бир күнү тийет. Жакын арада биз чыныгы байрагыбызды калыбына келтиребиз. 

-- Каныбек Туманбаев келечекте Садыр Жапаровдун мураскери болуп калышы мүмкүнбү? Президентке сөзү өтүмдүү, таасирдүү экени айтылып келет...

-- Туманбаевге окшогондор мыйзам иштебеген, бийлик институттары чабал өлкөдө пайда болушат. Анткени жазылган ченемдеги укуктарын ашып, бийлик төбөлдөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн кызмат аркалайт. Мындай “киндер-сюрприздерди” биз көп эле көрүп келбедикпи: Малабаев, Ширшов, Икрам, Асылбек Жээнбековго окшогондорду. Бир учурда чыга калышып, эбегейсиз күчкө ээлик кылышып, бийлик кеткенден кийин жок болушат. Булардын саясый келечеги жок. Тескерисинче, эгерде кийин адилеттүү бийлик келсе, балит иштери үчүн соттолушат...


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер