Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дарыгер инфаркттын жакындап келе жаткан белгилерин санап берди

Дарыгер инфаркттын жакындап келе жаткан белгилерин санап берди

02-ноябрь, 12:13
484 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жүрөк оорунун биринчи белгилерин адам дароо эле так биле албайт, бирок кээ бир нерселерге көңүл буруп, байкап туруш керек.

Инфаркттын эң эрте сезилген учурлары жүрөк тушундагы оору болушу мүмкүн. Бул туурасындагы жүрөк кан тамырлары хирургу, флеболог Тахир Ярахмедов айтып бергендигин “Sputnik” радиосу билдирди.

Анын айтымында, жүрөктүн оорушу тууралуу белгилердин ичинен биринчи иретте жогорудагы айтылган нерсеге көңүл буруу керек. Адис көкүрөк туштагы оору дайыма эле кардиология боюнча боло бербеши, ал башка илдет жөнүндө коңгуроо кагышы мүмкүн экендигин да билдирди.

“Жакшылап көңүл буруп байкаштырып, чын эле жүрөк оорубу же жокпу, божомолдоого болот. Андай болгондо алгач (жүрөк) кысып, мыкчыгансып жана ысытып, күйгүзүп кеткенсип ооруйт. Кээ бир учурда жанды кыйнап жиберсе, кээ бир учурда көп байкалбайт. Бир эле жердин кечке ооруй бериши илдет туурасындагы дагы бир тастыктама. Биринчи иретте көкүрөктүн ортосунан башталат. Оору сол ыптага: колго, далыга, моюнга, алтургай ээкке берет” деп сүрөттөгөн дарыгер.

Ярахмедовдун айтымында, мындай учурда бейтап кайсы жери ооруп жатканын так көрсөтүп бере албайт. Оорунун канчага чейин созуларына көңүл буруу керек. Эгерде кишини кыжалат кылып, жалпы ал-абалга таасир берип, бир нече мүнөттөн жарым саатка чейин кетпесе, анда ал жүрөктө кандайдыр бир маселе бар деген белги.

Адис жүрөктүн илдетин электрокардиограмма менен так аныкташ үчүн оору кармаганда тартыш керектигин айткан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер