Акыркы кабарлар
» Саясат » Көзү-башын жасаткан Баатырбек Жантаевдин жашоосуна баракелде!
Көзү-башын жасаткан Баатырбек Жантаевдин жашоосуна баракелде!
12-январь, 02:13


Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев өткөн жылы өкүртө пиар менен алектенип, өзүн жакшы эле көрсөттү. Оболоду. Жеңишбек Токторбаевден кем калышкан жок. Экөө төш кагуу жагынан жарышкандай эле ишарат калтырышты. Элдин турмушу дале өп-чап, бирок Баатырбек гана өзгөргөндөй. Жада калса көзү-башынан бери жасатып, баягы карала-торала бала модель кейиптенип баратканын байкадык. Береги чекчейген соңку сүрөтү экен. Кыскасы, балыкчылыктардын жашоосу анчалык деле “май-көл – сүт-көлгө” маарып кетпеди, бирок бала мэрдин жашоосу жакшырганы байкалып турат. Жакын тууганы Каныбек Туманбаев сүрөп турса, дагы секирик жасабай жаны жокпу? Бишкек шаарын эле калчачудай түрү бар. “Ташы калдыбы?” дегендей...











