Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сизди эми ким деп атайбыз? Же Михаил Шолоховдун жөндөм-шыгы тууралуу

Сизди эми ким деп атайбыз? Же Михаил Шолоховдун жөндөм-шыгы тууралуу

16-январь, 12:18
1 363 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Михаил Шолохов! Бул жазуучунун ысымы анын «Тынч Дон» романына байланыштуу XX кылымдын адабияттагы аябагандай чоң чуулгандуу окуясынан улам бүт дүйнө жүзүнө, жадагалса анын китептерин түк окубаган адамдарга да жакшы белгилүү.


Чуулгандуу окуянын таржымалы

Шолохов «Тынч Донду» өзү эмес, бирөөлөрдөн көчүрүп жазганы жагдайындагы алгачкы имиштер 1928-жылы эле, 23 жаштагы жазуучу качан романдын биринчи жана экинчи китептерин басмадан жарыялаган убакта келип чыккан. «Молот» гезитинде сынчы Ю.Юзовскийдин макаласы жарык көрүп, мында ал бул сындуу доордун жүгүн көтөргөн маанилүү чыгарма анча деле тажрыйбасы жок, өтө эле жаш Шолоховго окшогон инсанга таандык болушу күмөн экенин өтө сылык формада таасын билдирген. Ошол эле мезгилде «Тынч Дондун» граждандык согушта өлгөн белгисиз ак офицер тарабынан жазылганы, кол жазмасын анын кителинин ички чөнтөгүнөн жаш Миша Шолохов таап, өзүнө энчилеп алганы тууралуу божомол туулган болчу.

А.С.Серафимович, А.А.Фадеев, В.П.Ставский жана дагы башкалардан турган авторитеттүү комиссия Шолохов тарабынан сунуш кылынган материалдарды изилдеп, «Тынч Дон» менен «Дон аңгемелеринин» көркөмдүк стили бири-бирине талашсыз дал келерин таап чыгып, «Правданын» 1929-жылдын 29-майындагы санында жазуучуну коргоп, атайын кат жолдогон эле.

Романдын автору ким экени тууралуу талаш арадан 45 жыл өтүп, кайрадан жанданды. 1974-жылы Парижде Нобель сыйлыгынын лауреаты, академик М.А.Шолоховду дагы эле плагиат катары күнөөлөгөн «Тынч Дондун» тизгиндери» аттуу сын изилдөө пайда болду. Бул эмгек өз аты-жөнүн Д деген псевдонимдин артында жашыруун калтырууну көздөгөн кайсы бир советтик адабият сынчысына таандык. Бирок да монографияга баш сөздү Нобель сыйлыгынын экинчи бир лауреаты, белгилүү сүрөткер Александр Солженицын жазып, аты жашыруун Днын: «Тынч Дондун» орчундуу бөлүгү Шолохов эмес, 1920-жылы өлгөн, аты аз белгилүү казак-орус калемгери Федор Крюков тарабынан иштелген» деген пикирин толук колдоорун билдирди.

Батышта Днын эмгеги сенсация туудурду. Скандинавдык окумуштуулар Крюков менен Шолоховго өз-өзүнчө шексиз тийиштүү делинген тексттерди жана «Тынч Дондон» айрым үзүндүлөрдү бөлүп алып, буларды компьютерлерде стилистикалык салыштырып талдоодон өткөрүштү. Анын жыйынтыгы романдын автору Михаил Шолохов экенин айныксыз көрсөттү.

Анткен менен мына азыркы учурда да шолоховдук чыгармалардын көркөмдүк баалуулугунан шексинген гана эмес, биринчи кезекте «Тынч Донго» авторлугун жокко чыгарган макалалар да жарыялана калып жүрөт. Өз учурунда жазуучу эмнеликтен адабияттагы партиялык мыкчыгерлерге жакпай калды да, эмне себептен Солженицын менен Медведев сыяктуу диссиденттердин кучунашын туудуруп турат жана эмне үчүн бүгүнкү айрым адабиятчыларга да андан тынчтык жок? Деги эмне себептен анын китептеринин көркөмдүк баалуулугу жөнүндө сөз кылышпайт да, анан эле плагиаттыгы тууралуу маселеге дайыма жабышып калышат? Көрсө, бул суроолордун баарына жоопторду табуу мүмкүн экен, болгону аларды ириде Шолоховдун өмүр жолундагы көп сандаган таңкаларлык окуялардан издөө керек окшойт.


Баарына белгилүү өмүр баян 

Андагы маалыматтарга ылайык, Михаил Александрович Шолохов 1905-жылы Улуу Дон аскеринин Вешенская станицасында көпөс приказчигинин үй-бүлөсүндө туулган. 1915-жылы жазуучунун атасы аны Москвадагы Шелапутин атындагы гимназияга орноштурат. Москвада Миша 1918-жылга чейин окуп, анан кайра Донго кайтып кетет. Граждандык согуш жылдары өспүрүм Шолохов комиссар болуп, 200дөн ашуун аскерден турган азык-түлүк отрядына командалык кылат. Эки өзгөчө маанилүү эпизод так ушул учурга туура келет. 1921-жылы анархисттердин колуна түшүп калат да, аны Нестор Махно өзү суракка алат. Адатта мындай суракка алуулар атып салуу менен аяктачу. Бирок бул жолу батька Махно жаш комиссар менен жарым саатча гана аңгемелешип, каалаган жагына аман-эсен коё берет. Мына ушул окуядан көп узабай, Шолохов бийлик жүргүзүүдө өтө ашынып кеткени үчүн атууга өкүм кылынат. Болочок классик жазуучу өлүмдөн кантип кутулганы күнү бүгүнкүгө чейин бүдөмүк, Михаил Александрович өзү да ал тууралуу түк айтчу эмес.

1922-жылы граждандык согуш бүтөрү менен эле Шолохов Москвага келет. Келген максаты – жогорку билим алуу. Ага барчу бирден-бир жол – жумушчу факультети, бирок бул үчүн талап кылынчу өндүрүштүк стаж кечээги эле азык-түлүк отрядынын комиссарында кайдан болсун? Андыктан болочоктогу жазуучу жүк жүктөөчү, жол төшөгүч болуп иштөөгө туура келет. Бир жылдай өтүп барып гана Кызыл Преснянын үй башкармалыгына эсепчилик кызматка орношот. Ошондо гана Михаил Александрович үчүн жашоо-тиричилигин уюштуруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, Георгиевский чолок көчөсүнөн өзүнчө бөлмөгө ээ болот жана алгачкы фельетондорун жарыялап баштайт. 1924-жылдын 14-декабрында «Молодой ленинец» (азыр «Московский комсомолец») гезитинин беттеринде анын биринчи чыгармасы – дүйнөгө белгилүү «Дон аңгемелерине» жол ачкан «Мең» («Родинка») басылып чыгат. Көп өтпөй Михаил Александрович борбор шаардан кетип, өзүнүн туулган станицасы Вешенскаядан биротоло турук алат. 1927-жылы жай мезгилинин бүтүшүнө карай ал тарабынан «Тынч Дондун» биринчи китебин түзчү биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүмдөрү жазылып бүтүп, кол жазмасын автор ошол эле жылы күзүндө Москвага алып келип, «Октябрь» журналынын редакциясына тапшырат.

Улуу Ата мекендик согуш убагында Шолохов аскер кабарчысы катары фронтторго көп каттап, борбордук гезиттер үчүн материал жазат. Жеңиштен кийин «Алар Родина үчүн салгылашкан» романынын биринчи бөлүмүн, «Адамдын тагдыры» аңгемесин жазып, «Көтөрүлгөн дыңдын» аягына чыгат.

Бир караганда, М.А.Шолоховдун өмүр-тагдырында табышмактуу деле эч нерсе жоктой туюлат, бирок бул сыртынан гана ошондой. А чынында жазуучунун өмүр жолу түк дагы түшүнүп болбой турган окуяларга толгон.


Улуу устаттын тагдырынын табышмактары

Ушу бүгүнкүгө дейре көптөгөн шолоховтаануучулардын бири да жалаң айныгыс фактыларга таянуу менен жазуучунун өмүрүн терең анализдеп талдоо түйшүгүн өз мойнуна албаганы кызык. Көрсө, Михаил Александровичтин өмүр жолунун көптөгөн эпизоддору, ал гана эмес жашоосунун бүтүндөй бир тилкелери да эч кандай документтер жана күбөлүк кагаздар менен бекемделбептир.

Граждандык согуш жылдары ал чындап эмне иш бүтүргөнү тууралуу да түк факты материалдар жок. Азык-түлүк отрядындагы кызматы жайында так маалымат бере ала турган бир дагы күбөнүн жоктугу да анык. Ушуга байланыштуу анын Махно менен аңгемелешүүсү жана байлик жүргүзүүдө өтө ашынып кетүүсүнөн улам атууга өкүм кылыныш эпизодунун да чындык негизи бошоң.

Шолоховдун өмүрүнүн 1922-жылдан 1926-жылга чейинки тилкесинде да таңкалычтуу учурлар көп. Анын жүк ташыгыч, жол төшөгүч жана үй башкармалыгында эсепчи болуп иштегенин күбөлөндүргөн документтер сакталган эмес. Бөлмөнү да кызматчы катары эмес, ЧКнын экономикалык бөлүмүндө чоң «шишкалардын» бири Леон Галустович Мерумов дегендин буйругу боюнча алганы белгилүү болду. Демек, кечээги эле азык-түлүк комиссары борбордо эмне иш бүтүрдү? Деги эле ал кандай каражатка, кайсы иштеп тапканына жашап жүрдү?

Мындан тышкары, Михаил Александровичтин үйлөнүү тарыхы да мээңди айлантчудай. Ал өзүнөн бир канча жаш улуу болочок түгөйү Мария Петровна Гремиславская менен 1920-жылы таанышып (бул маалымат дагы эч кандай факты материал менен бекемделбейт), ага Донго келип кетүүлөрүнүн биринде, 1923-жылы үйлөнөт. Бирок да тааныгандардын эскерүүлөрүнө караганда, ал учурда жазуучу мекенине барган эмес. Андан да бир жылча мурдараак ал москвалык жакшы санаалаштарына өзүнүн аялы тууралуу айтат. Бир жагдай жакшы белгилүү, Мария Петровна борбордо Михаил Александровичтин өмүрлүк жары катары 1923-жылы пайда болот. Таңкалычтуусу, ал бул жылдан эрте, 18 жашка толбой туруп үйлөнүүсү мүмкүн эмес эле. Анда 17 жаштагы Шолохов кайсы аялы тууралуу айтты болду экен? Ошондой эле жалпы туташ коллективдештирүү жүргөн 1929-жылы жазуучунун өзүн алып жүрүүсүн түшүнүү кыйын. Адабий ишин калтырып, Дон жергесине көп бара баштайт да, мында ал колхоздорду түзүүдөгү аша чабуулардын бардык учурларын изилдеп үйрөнүп, булар туурасында «Московский рабочий» басмасында иштөөчү москвалык таанышы Евгения Левицкаяга жиберген катында толук чагылдырып жазат. Бул кат бөлөк бирөөнө эмес, Сталиндин өз колуна тийет. Аны үйрөнүп чыгып, Иосиф Виссарионович өзүнүн белгилүү макаласын – «Ийгиликтерден баш айлануусун» жазат. Мында ал Шолоховдун катында көтөрүлгөн суроолорго жооп берет. Мындан кийин да Михаил Александрович менен Сталин дайыма кат жазышып, бири-бирине телеграммаларды жиберип турушкан.

Дегеле жазуучунун Совет мамлекетинин башчысы менен өзгөчө достук мамиледе болушу Шолоховдун өмүрүнүн дагы бир табышмактуу барагы. Ал жолбашчы менен кат алышуудан тышкары, ага далай ирет жолугуп сүйлөшкөн, Михаил Александрович Сталинге кайсы гана маселе боюнча кайрылбасын, анысы дайым колдоого арзыган. Иосиф Виссарионович Шолоховду чындап эле жактырып, анын адабий жөндөм-шыгын жогору баалаган.

Андан да бир жолу Иосиф Виссарионович Шолоховду тике эле өлүмдөн алып калган. 1938-жылы анын мойнуна контрреволюциялык ишмердүүлүк деген жалган күнөөнү илмек болушат. Бирок Сталин өзү кийлигишип, Михаил Александровичти жайына коюуга жана ага тийбөөгө көрсөтмө берет.

Михаил Александровичтин өмүр-тагдырында дагы бир кыйла таңкалычтуу жагдай бар. Согуштун башталышы менен ал полковник наамында фронттук кабарчы болуп дайындалат. Баарына жакшы белгилүү, Шолоховдун аскердик билими болгон эмес, граждандык билими да гимназиянын 4-классы менен чектелген. Анын досу, жазуучу Василий Кудашев жогорку билими болсо да, майданга катардагы жоокер катары кетет, ал эми Шолохов полковник наамына татып отурат. Эмне, жөн эле ушундайбы? Андай эмес го?.. Деги кайсы кызматы үчүн? Адабий ишмердүүлүгү үчүн эмес да? Ал фронттук кабарчы катары анчалык деле активдүү эмгектенип жарыткан эмес, бирок бир канча жолу Сталиндин өзү менен жекече жолугушканы бар. Бул жолугуп сүйлөшүүлөрдүн мазмуну белгисиз. Канткен күндө да андагы тема адабият маселелери болбогону өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Согуш майданы Дон жергесине кирип келген учурда Шолоховдун архивине байланыштуу бир табышмактуу окуя болуп өтөт. Фронтко жөнөп кетердин алдында ал өзүнүн кагаздарын темир жашикке бекитип, НКВДнын райондук бөлүмүнө сактоого тапшырган. Жалпыга белгилүү маалыматтарга таянсак, архивдин негизги бөлүгүн «Тынч Дон» менен «Көтөрүлгөн дыңдын» автографтары түзгөн. 1942-жылы жайында фашисттик аскерлердин күтүлбөгөн жарып өтүүсүнөн улам жазуучунун кагаздары жоголот. «Тынч Дондун» жүздөй гана бети сакталып калат, аны да кайсы бир танкалык бөлүктүн жоокерлери Вешенскаянын көчөсүндө чачылып жаткан жеринен таап алышат. Түшүнүү мүмкүн эмес, Шолохов эмне себептен архивин сөзсүз эле НКВДга тапшырды болду экен? Бул уюм мейли миң гениалдуу болсун, адабий чыгармаларды сактоо менен алектенгени күмөн туудурат. Балким, Михаил Александровичтин жашигинде жеке эле романдардын кол жазмалары эмес, таптакыр башка маанидеги, кандайдыр мамлекеттик коопсуздук бөлүмүнө тийешеси бар кагаздар да орун алып жүрбөсүн?

Жазуучунун өмүр жолундагы табышмактардын тизмеги өтө кеңири. Эгер мындай таңкалычтуу окуяларга жакшылап көңүл буруп, үңүлүп карасак, Шолохов биз билгенден таптакыр эле бөлөк киши, адабият анын өмүрүндөгү бирден-бир жумушу болбосо керек деген сезимге кабыласың.


Сталиндин ишенген адамы

Шолоховду плагиат деп күнөөлөгөндөрдүн эң башкы аргументтеринин бири – анын жаштыгы. Сөздүн туурасы, 23 жашында эле ал «Тынч Дондун» алгачкы эки китебин жазып таштаган. Ырасында эле доордун мүнөзүн чагылдырган мындай улуу чыгарманын өтө жаш адамдын калеминен жарала калышы күмөн. Мындан тышкары, жазуучунун бардык китептеринен гимназиянын 4-классын гана бүткөн Михаил Александровичте болушу мүмкүн да эмес, билимдүүлүктүн кыйла жогору деңгээли сезилип турат. Демек, классик жазуучунун өмүр жолундагы бул жана дагы көптөгөн таңкаларлык кырдаалдардын болушунун бирден-бир туура божомолу – “көп жылдар бою Михаил Александрович Шолоховдун ысымынын артында таптакыр бөлөк, билими да жогору, жашы улуураак киши турган” деген божомол гана чечмелей алышы ыктымал.

Бир караганда таза эле фантастикадай туюлган бул жоромолдун тууралыгына кыйыр болсо да аз эмес бекемдөөлөрдү оңой эле табуу мүмкүн. Алсак, жазуучу өзүнүн өткөндөгүсү тууралуу баяндоого түк көңүлсүнчү эмес, айтса да өмүр таржымалынын фактыларын дайым чаташтырып алчу. Анын энеси менен болгон мамилеси да абдан таңкаларлык. Жападан жалгыз уулу менен бирге болуунун ордуна эне өзүнчө, кошуна үйдө турчу жана ага чоочун кишиден бетер кандайдыр көңүлкош мамиле кылчу, ошондой эле уулу да өз кезегинде энесине жогоркудай мамиледе болчу. Буга окшогон фактыларды дагы узартса болор эле, бирок мындай бир суроого жооп бергенге аракеттенип көрөлү: Шолоховдун ысымынын артында ким турат, эмне үчүн жашырынат, чыныгы Шолохов каякка жоголду жана эмне себептен орустун улуу жазуучусу катары таанылган адам сөзсүз эле ушул ысым астында жашыруун калууну көздөдү?

Балким, ырасында эле чыныгы Шолохов москвалык гимназияда окуган жана азык-түлүк отрядында кызмат кылган. Кейпи, чыныгы Миша ошол 1920-жылы эле өлсө керек. Андыктан жазуучунун граждандык согуш учурундагы өмүрүнүн окуяларын тастыктай турган күбөлөр да жок. Өлгөндү алмаштырып, ордуна тирүү киши катары чыга келүү бул жолу абдан ылайыктуудай болуп турду. Анткени аны туулган жеринде 10 жашар балакай кезинде Москвага кеткен 1915-жылдан бери көрүшө элек болчу, демек, калпын ата-энесинен бөлөк эч ким деле жокко чыгара алмак эмес. Буга окшогон операция сөзсүз москвалык жогорку бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү астында жүргүзүлүп, бул тууралуу атүгүл жергиликтүү коопсуздук органдары да билбеши толук ыктымал. Ошондо Миша Шолоховдун ордун ээлеген киши деги ким?

60-жылдары шолоховтаануучу Константин Прийм менен «Тынч Дондо» баяндалган Вешенская көтөрүлүшүнүн жетекчиси Павел Кудиновдун ортосундагы кат алышуулар бул маселенин түйүнүн жандырууга кайсы бир деңгээлде өбөлгө түзгөнсүйт.

Кудинов 1920-жылы Болгарияга жер оодарып кетет. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Совет бийлиги тарабынан камакка алынып, Вешенская көтөрүлүшүнүн иши боюнча 10 жылга соттолот. 1956-жылы эркиндикке чыгып, Болгарияга кайтып барат, ал эми 1967-жылы өзүн өзү өлтүрүүдөн улам жашоосу бүтөт. Приймге жиберген каттарынын биринде Кудинов мындай деп жазат: «…көп эле офицерлер менен катардагылар менден асылып сурашат: Шолохов көтөрүлүш туурасында абдан эле так, туура жазыптыр. Айтыңызчы, Павел Назарьевич, эстей аласызбы, бул Шолохов сиздин кол алдыңызда штабда ким болуп кызмат кылган? Тим эле баарын майда-чүйдөсүнө чейин так, даана сүрөттөөгө жетишиптир» деп. 1956-жылы камактан чыккан соң, Кудинов жазуучуга көрүшүү ниети менен Вешкиге барат, бирок тиги шашылыш чет өлкөгө жөнөп кетип, жолугушпай калышат.

Жалган Шолоховдун Вешенская көтөрүлүшүнө кандайдыр бир катышы бар фактысы, бул окуянын «Тынч Дондо» жалпы коомчулугубузга акыркы жылдары гана белгилүү болгон, өтө жашыруун, так маалыматтар менен жабдылышынан улам да бекемделет. Кейпи, Шолохов Вешенская окуяларынын түздөн-түз катышуучусу катары өзү билген маалыматтарды жөн гана чыгармачылык менен пайдаланса керек.

Граждандык согуштан кийин жазуучу советтик коопсуздук кызматы менен тыгыз байланышта болгону туурасында көптөгөн күбөлүк маалыматтар бар. Ал Вешенская НКВДсынын начальнигинин автомобилин каалаганынча пайдаланчу, Сталин менен көптөгөн табышмактуу жолугушуулары жөнүндө айтпаганда да, бир канча жолу Ягода, Ежовдор менен кездешет. Андыктан ал граждандык согуш учурунда да ЧК менен тыгыз байланышта болгон деп ой жоруунун өзү толук мыйзамченемдүү. Кыскасы, Шолоховдун ысымы астында жашырынган адам жөн гана деникиндик штаб-офицер эле эмес, большевиктердин агенти да болгон.

Бул версияны кабылдоо менен жазуучунун өмүрүндөгү бардык табышмактуу окуяларды жана кырдаалдарды аңдап түшүнүү анчалык кыйын деле эмес. Жалган Шолохов чыныгысынан он жашка улуу. Граждандык согуш башталгандан көп өтпөй, Советтик бийликти кабыл албаган көптөгөн офицерлер түштүк тарапка – Деникинди көздөй жылып башташат. Алардын бири болумуш этип, актарга ЧКнын агенти да барып кошулат. Арийне, ал ырасында эле падышалык армиянын офицери болсо керек, андыктан кийин «Тынч Дондо» эң бир ишенимдүү баяндалгандай, биринчи дүйнөлүк согушка катышуусу да толук ыктымал. Өзүнүн чыныгы аты-жөнү менен деникиндик штабга алынып, кейпи түзүк эле карьера жасаса керек. Граждандык согуштун бүткүл жүрүшүндө ал кызылдардын пайдасына чалгындоо ишин жүргүзгөн. Деникин талкалангандан кийин, Москвага ал өз ысымы менен эле келет. Демек, ал жүк ташыгыч, жол төшөөчү, турак жай башкармалыгында эсепчи болуп да иштеген эмес. Болгону ЧКдан айлык жеп, үйдү да ошол аркылуу алган.

Мына эми гана анын үйлөнүү таржымалы толук түшүнүктүү болгонсуйт. Ал дегеле 1923-жылы эмес, андан алда канча мурда, өз аты-жөнүн али өзгөртө электе үйлөнгөн.

Москвага келгенинен көп өтпөй болочок жазуучу жаңы М.А.Шолохов ысымын жана жаңы тапшырма алат. Ал эми бул, көрүнүп тургандай, Сталин менен жолугушканынан кийин жүзөгө ашып отурат. Тажрыйбалуу чалгынчыны ишенимдүү кишиси катары ошол учурда опурталдуу деп саналган Түндүк Кавказ аймагына жиберүүнү да сөзсүз ал өзү чечкен. Толук түшүнүктүү себептерден улам барчу жагына тигил өз аты-жөнү менен көрүнө албайт болучу. Ошондогу иштелген легендага ылайык, ал чын эле согушта өлгөн, сырткы түспөлү өзүнө окшогон кишинин ордуна Миша Шолохов болуп чыга келет. Мамлекеттик коопсуздук органдары үчүн өлгөндүн ата-энесин чекистти өздөрүнүн уулу катары таанууга көндүрүү анчалык деле кыйынчылык туудурбаса керек.

1926-жылы узакка созулган даярдыктан кийин гана Шолохов Вешенскаяда биротоло турук алат жана ишке киришип баштайт. Дондо болуп өткөн бардык окуялар жайында ал түздөн-түз Сталиндин өзүнө билдирип турат. Сталин менен чукулунан тез байланышуу үчүн Михаил Александровичте анын москвалык телефону болгон, бул тууралуу жазуучунун көптөгөн тааныштарынын айткандары бар, сөздүн туурасы, мунун ага эмнеликтен керек экендигин аңдап түшүнүшкөндөрү күмөн. Өзүнүн кызматтагы милдетин аткаруудан тышкары, Шолохов небак деникиндик офицер болуп жүргөнүндө эле баштаган «Тынч Донду» жазат.

1929-жылы туташ коллективдештирүү башталат. Бул мезгил Михаил Александрович үчүн өзгөчө кызуу учурлардан болот. Ал «Тынч Донду» жазуусун калтырып, анын ордуна Дон жергеси боюнча чарчатып-чаалыктырган кыдырууларга чыгат, ушунда жергиликтүү бийликтердин өтө эле кутуруп кеткенинин, аша чабууларынын бети ачылат. Анын бул фактыларды толук камтыган докладына таянып, Сталин өзүнүн «Ийгиликтерден баш айлануу» деген макаласын жазат жана партчиновниктерди жаңылыштыктарын оңдоого мажбур кылат. Балким, Шолоховдун иш-аракеттеринин натыйжасында колхоздорду түзүү мезгилиндеги Дон жергесинде бышып жетилген массалык толкундоолордун алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Калыс, адилеттүү адам катары өзүнүн өзгөчө абалынан пайдаланып, Михаил Александрович бир канча жолу түз жүргөн, иштиктүү партиялык жетекчилерди репрессиядан сактап калат. Жергиликтүү нквдчылар жазуучунун жогору жак менен кандайдыр байланышы барын туюп калышат. Ал буларга мыйзамсыздык жүргүзүүгө жолтоо болот: чекисттер кезектеги «заговордун» бетин мына-мына ачып, «башчыларын» камакка алышса, Шолоховдун шилтөөсү менен кайра эле Москванын өзүнөн кагуу жеп калышат. Андыктан НКВДнын ростовдук башкармалыгы Михаил Александровичке каршы жалган күнөө коюуну даярдамакчы болот. Бирок да Иван Погореловдун өз жанын сайып аракеттенгенинен улам бул иш Сталиндин өзү карап чыгуусуна чейин жетет. Арийне, Иосиф Виссарионович Шолоховго толук ишенчү. Натыйжада, дондук чекисттердин дагы акмагы чыгып, отуруп калышат.

Улуу Ата мекендик согуштун башталышы менен жазуучу полковник наамын алат да (эгер анын буга чейин наамы болбосо), генералдык штабдын байкоочулар деп аталчу тобуна туш келет. Эл көзүнө фронттук кабарчы катары болсо да, аз жазыш фактысы мына ушундайча түшүндүрүлөт, анткен менен Иосиф Виссарионовичке үзгүлтүксүз жолугуп турган.

Жазуучунун архиви менен болгон окуяны да оңой эле түшүндүрүү мүмкүн. Документтердин орчундуу бөлүгүн дегеле анын чыгармаларынын кол жазмалары эмес, Шолоховдун негизги ишмердүүлүгүнө тийиштүү жашыруун кагаздар түзгөн. Ошол себептүү ал архивин НКВДга сактоого тапшырган.

Шолохов жашыруун агент болгон деген версияны кабыл алуу менен, «Тынч Донго» авторлугу жөнүндөгү суроого оңой эле жооп берүүгө болот. Анткени, ал жазуучуну “плагиат” деп күнөөлөгөндөрдүн шылтоолорунун негизги бөлүгүн жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Демек, роман жапжаш «балакай» эмес эле империалисттик жана граждандык согушту башынан өткөргөн, жакшы билим алган, андан да кайсы бир деңгээлде ак офицер болгон адам тарабынан жазылып отурат.

Бүгүнкү күндө кейпи суроону «Тынч Дондун» автору ким?” деп эмес, “Михаил Александрович Шолоховдун ысымы астында ким жашырынган?” деп коюу керек окшойт. Мүмкүн, качандыр биз бул адамдын аты-жөнүн тактап билербиз. Анткени, жашыруун архивдерде ал тууралуу документтер калышы керек. Ошондо биз «Тынч Дон» жана «Көтөрүлгөн дыңдын» автору менен жазуучу катары эле эмес, XX кылымдын таңкалычтуу чалгынчыларынын бири катары да сыймыктансак болчудай экен.


К.СМИРНОВ, «Слово Кыргызстана» гезитинин 1997-жылдын 5-6-декабрындагы сандарынан алынды.


Кыргызчага которгон Болот Оторбаев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер