Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ширин Абдрахманова: "Атабыздын эки байбичеси катышып жашады..."

Ширин Абдрахманова: "Атабыздын эки байбичеси катышып жашады..."

26-октябрь, 00:52
2 604 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү күүчү, мыкты аткаруучу, чебер уста Нурак Абдрахманов агабызды кимдер гана билбейт? 19-октябрь туулган күнү эле. Көзү тирүү болгондо 73 жашка чыкмак. Кызы Ширин Абдрахманова карындашыбыз атасы тууралуу “биз 14 бир тууганбыз. Ар бирибиз атабыздын бирден гана өнөрүн аркалап, анын өтөөсүнө жетсек деген тилегибиз бар” деп кеп учугун улады.

-- Ширин, Нурак агабыз кандай иштерди жасап, кайсы иштерге үлгүрбөй калды?

-- Жасап үлгүргөн иштерин жана жасап үлгүрбөй калган иштерин айтып отурса сөз түгөнбөйт. Атабыз алгач инсульт илдетине кабылды. Аны улай ашказанынан аты жаман ооруга чалдыгып, акыры ажал алып тынды. Өмүрүнүн акырына чейин колунан комузу түшпөдү. Жасап үлгүргөн иштерин айта турган болсок, эң ириде иштелип бүтүп, өзүнүн аткаруусунда элге жетип калган чыгармалары жана санжыраны аябай кызыгып изилдеп жүргөн “Улуу баян” китебин толук форматта жазып үлгүрдү. Ал эми үлгүрбөй калгандарынан болсо, дагы-дагы күүлөрдү жаратмак, обондуу ырлар сөзсүз болмок, эң негизгиси, экинчи апабыздын балдарынын жакшылыгында төргө отурбай калды. 

-- Мен билгенден Нурак аганын биринчи байбичесинен жети бала, экинчисинен да жети бала, жалпы жонунан он төртсүңөр. Атанын өнөрүн канчооңор уладыңар?

-- Атамдын өнөрлөрү көп болгон. 14 баласы дээрлик ар бирибиз бирден багытын кичинеден улап келатабыз десем болот. Эң улуу агам архитектор. Атам да чиймелерди чийип, бир нерселерди ойлоп таап калчу. Андан кийинки эжем орус тил мугалими. Атамдын үйрөтүүчүлүк кесибин улап жүрөт. Андан кийинки агамдын көзү өтүп кетти, тилекке каршы, комузду катыра чертчү, күү жаратман жагы атамды тарткан, биринчи шакирти эле. Кийинки агам ыр жазат, сонун ырдайт. Эл алдына чыкпаса да күчтүү чыгармачыл инсан. Кийинки агам комуз чаап, бүгүнкү күндө Байтиктеги “Нурак Абдрахманов” атындагы устаканасын толук кандуу иштетип, музыкалык аспаптар ошол агамдын колунан чыгып атат. Кийинки эжекем улуттук университеттин философия факультетин бүткөн. Атабыздын санжыра, ой толгоо, диндик көз караштар жагын улап келет. Анан комуз чертип, ырдап, обон жаратып, сөз жазып жүргөн мен. Аткаруучулук жагы мага ооптур. Экинчи апамдын улуу кызы ооз комуз кагат. Атамдын кийип жүргөн улуттук сырт кийимдеринин дизайндарын өзү кылган. Кийинки кызы КТРКда жаңылыктар бөлүмүндө иштейт. Сөз байлыгы жагынан атамдан үлгү алган. Кийинки инилерим корпустук эмеректерди жасашат. Кол өнөрчүлүк, устачылык жагын өздөштүрүп дегендей. Бир иним скульптура тармагына шыгы бар. Андан кийинки иним конструктор, жыгачтан роботторду жана балдардын оюнчуктарын жасайт. Дагы бир иним комуз ойноп, балдарга атамдын эн белгисин сактап, өздөштүрүп, улантып атат. Эң кичүү сиңдим ырчынын окуусун бүткөн. Мындан сырткары, сулуулук, моделдик, дизайн жагында жүрөт. Өзүңүз байкагандай, атабыз ырыскы-кут даарыган жактарын балдарына тегиз таркатыптыр. Бир баласы да “соо” эмес. 

-- Ушу сиз айтып аткан атаңыздын эки байбичеден 14 баласы ич ара мамилеси кандай эле? Бир күндө, бир жерде чогулган күн болду беле?

-- Он төртүбүз бир күндө бир жерде чогулган күн болбой калды. Себеби, биз апабыз менен айылда жашап, Ак-Талаа районунда чоңойдук. Жашоо шартка байланыштуу убагында баркын билбей, чоң тойлорго, шаан-шөкөттөрдө бирибиз келсек, бирибиз келбей калчу экенбиз. Он төртүбүз эмес, он үчүбүз агамдын көзү өткөндөн кийин атамдын ашында жолуктук. 

-- Эки байбиченин балдары ортосунда эч бир ажырым жок экен да?

-- Биздин энебиз эстүү киши болгондуктан өмүр бою эле катышып келебиз, бөлгөн эмес. Экинчи апам биздикине барып турчу, жамандык-жакшылыкта катышып. Менин апам деле бул жакка байма-бай келгенин токтотподу. Эки байбиченин балдары ынтымактабыз. Азыр деле бул жагынан эч бир мандем жок. Кантсе да бир атанын балдарыбыз да. 

-- Нурак атаңыздын сизге айткан керээзи барбы?

-- Атамдын менин оюмча, бирден-бир жетишпей калган өксүгү, көңүлү толбой калган нерсе – Карамолдо Орозовдун комузунун үнүн табам деп комуздун далайын чаап изденип буйдалып келди. “Мына таптым” деп сүйүнүп, жакшы комузу менен радиодогу “Алтын фондго” күүлөрүнүн баарын өзү чертип, жаздырып, альбом кылып, антология сыңары калтырып кетсем (!) деген тилеги бар эле, жетишпей калды. 

-- Нурак агабыз жашоодо из калтырды, аны менен бирге ысымы да бар адам эмеспи...

-- Түшүндүм агай, негизи биздин борбор шаарыбыздын чоңураак, аттуу-баштуу көчөлөрүнө аты берилсе деген үмүт-тилегибиз бар. Же музыкалык окуу жайга ыйгарылса жакшы болмок. Мүмкүн убакыт-сааты чыкпай аткандыр. Бирок, атамдын көзү өткөндөн кийин дароо эле Ак-Талаа райондук акимиаттын чечими боюнча атам өзү биринчи болуп түптөгөн балдар музыкалык мектеби бар, мына ошого атамдын ысымы ыйгарылды. Андан сырткары, Бишкектин Ак-Ордо-3 жаңы конушунда бир көчөгө атын ыйгарабыз деп жашоочулар жазып коюшту. “Нурак Абдрахманов” атындагы коомдук фонд бар. Анын президенти, төрайымы бир тууган эжем. Фонддун демилгеси менен өкмөт атабыздын 70 жылдыгын мамлекеттик мааниде расмий түрдө өткөздү.          



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер