Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айтматовдун начальниги, өндүрүштүн командири, ыймандын жарчысы жана обондуу ырлардын атасы

Айтматовдун начальниги, өндүрүштүн командири, ыймандын жарчысы жана обондуу ырлардын атасы

23-февраль, 18:02
1 608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындан бир топ жыл мурун Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Надырбек Алымбеков өкмөттүн делегациясы менен Өзбекстанга барып, премьер-министри менен жолугушканда Надырбекти “Айтматовдун начальниги” деп тааныштырышат. Премьер-министр кызыгып, “сиз Айтматовдун начальнигисизби?” дегенде, “ооба, мен Айтматовдун начальнигимин, анткени ал биздин жазуучулар союзунун мүчөсү, а мен жазуучулар союзунун төрагасымын” деп таптаза өзбек тилинде жооп кайтарыптыр. Ошондон бери Надырбекти жолдоштору “Айтматовдун начальниги” деп тамашалашат. Кийин бул окуяны уккан Айтматов “абдан туура айтыпсың” деп аябай күлгөн экен. 


Сабырдуулук  

Надырбек Алымбеков түз эле өндүрүштөн келип жазуучулар союзуна төрага болгондо, көралбагандар ММКларга жазып бир топ эсин оодарганда, Сүйүнбай Эралиевден кеңеш сураса, “агаңдан үйрөнбөйсүңбү?” деп басып кетет. Артынан жете барып дагы сураса, “Чыңгыз агаң эмеспи, ошондон үйрөн” деп таягын тыкылдатып кетип калат. Көрсө, “Чыңгыздай сабырдуу бол. Чыңгыз эч качан териккен эмес, эч кимге каяша айткан эмес” деп жооп бергени экен. Ошондон бери Надырбектин турмуштагы девизи – сабырдуулук. Анын ушул касиети кийинки жашоосунда дагы көп пайдасы тийди, бардык кыйынчылыктарды ишенимдүү жеңип келе жатат. 2019-жылы жазып чыгарган автобиографиялык китебине “Жеңиш сабырдан кийин” деп терең философиялык ат берген.


Ээн үй, кара кулпу  

Эгер Надырбектин басып өткөн өмүр жолуна көз жүгүртсөк, ошол мезгилдеги советтик жаштардын турмушунан өтө деле көп өзгөчөлөнбөйт. Ата мекендик согуштун кайнап турган 1944-жылы Таластын Козучак айылында жарык дүйнөгө келип, мектепти орто баалар менен бүтүрүп, Фрунзедеги политехникалык институтка конкурстан өтпөй калып, Ташкенттеги текстиль институтунда окуп, инженер-механик деген дипломду алат. Энесинен 13 жашында эрте ажыраган Надырбекти айылында атасынан башка күткөн деле эч кимиси жок эле. Кийинчерээк атасын акыркы сапарга узаткандан кийин айылдагы үйү ээн калып, кара кулпу кайтарып калат. Ээн үйдү ойлуу карап, айылдаштарына кыйкырып жар салат:

“Эски там ээн турат кыштагымда,

Эбактан ээси жок деп бузбагыла!

Түбү бир тууган болом силерге мен,

Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла!” деп.

Бул ырды айылынан алыска иш издеп кеткен ар бир мигрант азыр гимн катары ырдап жүрүшөт.

Тапкычтык

Институттан алган жолдомосу боюнча Ошко сапар тартып, пахтадан кездеме токуу комбинатында катардагы инженердик кызматта иштеп, комбинатты толугу менен ишке киргизүү жана монтаждоо иштерине баштан-аяк катышып, 15 жылдын ичинде генералдык директорго чейин көтөрүлүп, жумушчулардын санын 12 миңге жеткирген.

Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети Н.Алымбековду Кара-Балтадагы килем комбинатын куруп ишке киргизүүгө жөнөтүп, ал жерде 15 жыл генералдык директор болуп эмгектенет. Оштогу жана Кара-Балтадагы комбинаттарда иштеп турганда таланттуу инженер катары токуу станоктордун сапаттуу иштеши үчүн өтө мерчемдүү сунуштарды киргизип, анын ойлоп табуучулук баалуу жаңылыктары Советтер союзунун бүткүл текстиль комбинаттарына пайдаланылып, ага “СССРдин ойлоп табуучуларынын лауреаты”, “Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” деген ардактуу наамдар берилген. 30 жыл республикадагы кездеме жана килем токуучу эң ири комбинаттарды куруп, аларды ишке киргизип иштетип, өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө өтө зор салымын кошкондугу үчүн 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкери” деген наам ыйгарылат.

Устаттын жолу

Жашы кырктан ашып, элүүнү чапчып калганда Надырбек жан күйөр эрмек тапты, тээ бала кезден бери элдир-селдир ойгоно калчу ышкысы күчөп, көкүрөккө нур уюп, кагаз бетин чиймелеп ыр жазууга ооду. Кудай Таала акындык жолун ачты. Кыргыз элинин көрүнүктүү акыны Жолдошбай Абдыкалыков болочок акын Надырбектин тушоосун кесип, улуу дүйнөгө, поэзия дайрасына нук салып берди. Надырбектин ыр ышкысы бекемделди, акын болом деген ишеними артып, биринчи ырлар жыйнагы китеп болуп чыгып, бүткүл кыргыз журтунун, өзгөчө поэзия ышкыбоздорунун көңүлүн өзүнө бурду.

Акындын таза жүрөгүнөн суурулуп чыккан балдай таттуу, таң шооласындай ак жарыгын марттык менен чачкан нур, сыдыргыга салгандай зымыраган куттуу сөздөр. Ырлардын ар бир сабы гана тургай, ар бир мууну да кыт куйгандай кынапталып, болоттой ширетилип, өз ордунда, алар бирин-бири жөлөп-таяп, ийине жеткизип, поэзия сүйүүчүлөрдү магниттей тартып, аларды кайра-кайра кайталап көз чаптырууга мажбурлагандай сезим туудуруп, окуганга, кабыл алууга, көңүлгө сиңирүүгө ылайыктуу, элпек, жагымдуу, жылуу жана жумшак сөздөрдөн куралган ырлар. Надырбектин чыгармаларынын өзөгү өйдөдө, тереңде. Ал сөздүн кутун да, тузун да билгени менен айырмаланып келет.

Лирика, махабат, сүйүү

Надырбек үчүн лирика, махабат, сүйүү өзгөчө тема. Ырларынын жарымынан көбү ушул темага арналган. Иш сапар менен Кытайга барганда кийим тигүүчү фабрикадан бир сулуу кыз аларды тосуп чыгат. Мындай төрт тарабы төп келген сулууну Надырбек мурда көрбөптүр. Сулууну ким сүйбөсүн, сулууга ким суктанбасын, ошол кызга арнап жазган ыры:

“Аргам жок, сени менен калалбаймын,

Аймалап сылап өткөн шамалдаймын,

Ажарың арзуу төгүп менде калсын,

Аман жүр, ашкан сулуу маралдайым!”

Акындын көңүлү чалкыганда жүрөктүн толкундары өзүнөн-өзү ыргактуу сөздөрдү издей баштап, колуна калем алат. “Кээде кайсы бир саптарды жазгандан уяласың, акыры сезим мажбур кылып кагазга түшүртөт, ошол сулуунун артынан дербиш болуп ээрчип кеткиң келет” дейт лирик акын.

“Жанымды жасоол болуп айдап кеттиң,

Жайылган чачтарыңа байлап кеттиң.

Сыйкырчы цыган кыздай бир көрүнүп,

Сыздатып жүрөгүмдү жайлап кеттиң”.

Надырбектин үч жүздөн ашык ырына кыргыздын атактуу композиторлору, обончулары обон жаратышып, ал ырлар элибиздин жана ырчылардын оозунан түшпөй ырдалып жүрөт. Обондуу ырлары жагынан Надырбектин алдына эч ким чыга албайт. Бул – аксиома. Ошон үчүн ал “обондуу ырлардын атасы” деген ардактуу наамды алып жүрөт. 


Каршы чыккандар да болду

Ушинтип ыр дүйнөсүнө бөлөнүп, китептери биринин артынан бири чыгып, Кара-Балтадагы килем комбинатын ийгиликтүү башкарыпжүргөндө, өмүрүндө чоң бурулуш болду. Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Жунай Мавлянов баштаган аксакал жазуучулар, акындар Надырбекти чакырып алып, жазуучулар союзун башкарып берүүнү суранышат. Алардын максаты – каражаты жок, чачырап, жок болуп бараткан жазуучулар союзун сактап калуу эле. Бул 1996-жыл болчу. Надырбек көпкө ойлонуп, аягында макул болуп, жазуучулар союзунун жыйынында көпчүлүк добуш менен шайланат. Ошентип Надырбек жазуучулар союзунун төрагасы болуп сегиз жарым жыл баш-оту менен кирип иштеп, жазуучуларга мүмкүн болушунча жардам берип, аларды ынтымакка чакырып, уюмдун коломтосун өчүрбөй кармап турду. Бул дагы оңой иш эмес эле.

Жазуучулар союзунда төрага болуп турганда да чыгармачыл ишин токтоткон жок. Ырды тез жазат, машакаттанбайт. “Күнүгө бирден ыр жазып, жылына бирден китеп чыгарышым керек” деп өзүнө милдеттенме алып койгон. Жыл сайын өсүштү төмөндөтпөй, жеңиштерден жеңиштерге жетиш керек деген умтулуу менен акыркы отуз жылдын ичинде элүү  китеп жазып чыгарды. Мындай ийгиликке Кыргызстандын бир дагы жазуучусу же акыны жетпесе керек. Бул өтө чоң эмгек, буга өтө чоң талант, өтө чоң өжөрлүк керек. Мындай адамдар жашоодо өтө сейрек кездешет. Кыдыр даарыган адам. Ошол адам азыр арабызда жашап, 76 жашына карабай колунан калеми түшпөй, үзүрлүү эмгектенип, күүлүү-күчтүү жүрөт. 


Ыйман жолу

Надырбек акыркы убактарда ыйман жолуна түштү, Кудайга жакын болуп, Куранды терең өздөштүрүп, беш жыл баш көтөрбөй тыкыр отуруп иштеп, Куран ыйык китебин ыр түрүнө оодарды. Изденди, кыйналды, түйшөлдү, түн уйкусун жоготту, ондогон китептерди окуп изилдеди, ар бир аяттын маанисинин түбүнө жетүүгө аракеттенди. Жыйынтыгы эң жакшы болду. Кыргызстандын көрүнүктүү аалымдары Мамасабыр молдо Досболов, Чубак ажы Жалилов, Абдышүкүр ажы Нарматов котормого жогорку бааларын беришти. Акындын ушул китеби өзүнүн маани-маңызы боюнча анын жалпы чыгармачылык эмгегинин туу чокусу болуп эсептелет. Ыр түрүндө жазылган “Куттуу Куран” китеби биринчи жолу 2008-жылы жарык көрсө, андан бери элдин суроо-талабы боюнча беш жолу кайра басылып чыкты.

Эгер Куранды которо баштаганда көз айнек менен иштеп жүрсө, кийинчерээк көз айнек тагынбай иштеп жатканына өзү таңкалат. “Азыр көз айнекти такыр эле тагынбай китеп окуп, жазып калдым” дейт.

Акындын майданы – ыр. “Ыр – бул Кудайдын акындарга берген белеги, биз болгону ортомчубуз” дейт Надырбек. Ал сөз маанилерин иргеп отуруп, суу төгүлбөс жоргонун жүрүшүнө салып жазат. Ыр саптары элпек жана түшүнүктүү. Жөнөкөй жана сөздү ширесине чыгара жазганына ыраазы болосуң. Кыргыз тилинин улуулугуна жана сулуулугуна суктанбай коё албайсың. Мына ушул тилди эң жогорку чеберчилик менен пайдаланып, Кудайдын сөзүн кыргыз элине шедевр кылып тартуулаганына Надырбек акынга башыбызды ийип таазим кылышыбыз керек.


Таасирлер

Надырбек ажы өзүнүн “Жеңиш сабырдан кийин” деген китебинде мындай фактыларды келтирет: “Илгери пайгамбарыбыз Мухамед Алейхи Салам дүйнөдөн кайтаар маалы жакындап калган учурда Жебреил периштеден “мен өлгөндөн кийин да жер бетине келип турасыңбы?” деп сураган экен. (Жебреил периште Мухамед пайгамбарга 1200 жолу, Иса пайгамбарга 12 жолу келген). Ошондо Жебрейил Алейхи Салам минтип жооп берген экен: “Сен өлгөндөн кийин жер бетинде эмне кылмак элем? Бирок, Алланын буйругу менен жерден он нерсени алып кетүү үчүн түшөм. Алар: 1) берекени; 2) адамдардын ортосундагы мээримди; 3) тууган-урук арасындагы мээримди; 4) аким, султан, соттордон адилеттикти; 5) аялдардан ыйбааны; 6) кембагалдан сабырды; 7) уламадан такыбалыкты; 8) байлардан кайрымдуулукту; 9) Куранды; 10) ыйманды” дептир Жебрейил Алейхи Салам.

Уламалардын айтуусунда, жогорку он нерседен бүгүн экөө гана – Куран менен ыйман калыптыр. Ушул Куран менен ыймандын калганына да тобо келтирет Надырбек ажы. Куранды ырга айлантуу жолу менен элибизди ыйманга чакыруу ажы акындын жашоодогу негизги вазийпасы, башка жол жок. “Ыймандан дилим тазарат” деген китебинин негизи максаты дагы элибизди ыйманга үгүттөө, ыймандын жарчысы болуу. Надырбек ичинен “Кудайга жакын болуу керек, Кудайга жакындаган сайын шайтан качат, алсызданат. Ыйман токтогон жайга ынтымак байыр алат” деген терең ишеним менен жашайт.


Ажылык сапар

Надырбек өмүрүнүн кийинки жылдарын ислам динине байлады. Алла жолунда келатат, беш маал намазын үзбөй окуйт, отуз күндүк орозосун тутат, эки жолу Меккеге барып ажылык милдетин дагы аткарып келди. Жетим-жесирлерге колунан келген жардамын берип келатат. Кайда барбасын, ичинен дуба кылып, Жараткандан жардам сурап жолго чыгат. Надырбек ажы үчүн ыймандуулук ыйык сезим. Мындан ары дагы өзүнүн чыгармачылык жүзүн ыйман темасына буруп келет. Мухамед Алейки Салам пайгамбардын жүз хадисин которуп, “Ыймандан дилим тазарат” деген ат менен китеп чыгарды. Бул китеп Надырбек ажыны ислам жолундагы калайык-калкка таанымал кылды.

Кыргыз эл акыны, “Манас” орденинин, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын, ЮНЕСКОнун “Боорукер” сыйлыгынын жана башка дагы ондогон эл аралык сыйлыктардын ээси, элүү китептин автору, мен сыйлаган жолдошум Надырбек Алымбековдун 76 жылда басып өткөн өмүр жолуна көз чаптырсак, өзүнүн сүйүктүү элине тоодой эмгек кылып, республикадагы эң ири эки ишкананы отуз жыл башкарып, өзүнүн лирикалык, кайталангыс поэзиясы менен, андан жаралган үч жүздөн ашык обондуу ырлары менен элди ырахатка бөлөп, Кудайдын жарчысы болуп кыргыз элин ыйман жолуна үгүттөп келет.

Бар бол, Кыдыр даарыган, таланты ташкындаган, эбегейсиз эмгекчил замандашым Надырбек акын-ажы!


Рысбек Качкеев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер