Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Мен Акаев, Бакиев түзгөн конституциялык кеңешменин мүчөсү болгом”

Сабыр Муканбетов: “Мен Акаев, Бакиев түзгөн конституциялык кеңешменин мүчөсү болгом”

05-март, 13:37
961 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Куш келипсиң Сабыке! “Кайда бардың, кимдин колун кармадың” дегендей, кайда эле жүрөсүң көрүнбөй? Конституцияны кайра жазып атсак унчукпайсың. Кеп сал, өлкөдөгү өзгөрүүлөр тууралуу. Кайда баратабыз деги?

-- Салам Суке! Мен эми өзүң билесиң, парламенттик демократия жолу менен өнүксөк деген адаммын. Ошол оюмда эле турам. Тилекке каршы, биз башка жолду тандадык. Көпчүлүк ошондой чечти. Азыр эми айт-айтпа, баары бир. Президенттик башкаруу системасы кирип атат. Айла жок. Орустар, “повторение мать учения” дешет эмеспи, мейли, кайра бир барып келели артка. 

15-20 жылдай аракет кылып, күрөшүп, эбегейсиз эмгек коротуп курган системанын пайдубалын түрттүрүп салып, землянка кургансыган кейпибизге жаным ачып турат. 

Парламенттик система жаман эмес, аны түшүнбөгөн, ишке ашыра албаган өзүбүз кемпай экенибизди билбедик да. Мен ушуга өкүнөм. Текке кетип аткан чейрек кылым убакытка жаным кейийт.

Биз парламенттик системаны эмнеге чандык? Анын шайлоо системасынын бизнеске айланып кетишине кыжырыбыз келди. Ага эмне себеп болду? Партиялык курулушту жөнгө сала албай, саясый сойкулукту тыйбай өркүндөтүп туруп алдык. Бул системанын алешемдиги эмес, өзүбүздүн кемчилигибиз да. Өзүбүздөн кетти да. Мына ошону моюндаганга дараметибиз жеткен жок. 

Анан ошо элди кыжырданткан эки себепти: партиялык курулуш менен шайлоо системасындагы бизнеске айланган коррупцияны жөнгө салып эле парламенттик демократияны өркүндөтүүнү улантышыбыз керек болчу. А биз эмне кылдык? Чейрек кылымдык өмүрүбүздү, эмгек тажрыйбабызды сортирге ыргытып, түп-тамырынан баштап жаңы система курабыз деп жатабыз. Оңдоп кетсе боло турган иштин ойронун чыгарып, ай талаада калгандай абалдабыз. Баарын башынан башташ оңой эмес. Көргөнүбүздөн көрө элегибиз көп али.

-- Парламенттик системаны куруу жолубуздагы шайлоо системасынын ирип-чирип, бизнеске айланышы, партиялардын козу карындай жайнап кетиши коомдун кыжырын келтирип, бул системадан баш тартууга негиз болду. “Ушундай жагдай эмнеден улам жаралды, ким күнөөлүү?” деген суроого келгенде ар түркүн пикирлер айтылып, негизинен партлидерлер айыпталып келет. Ким күнөөлүү?

-- Албетте партлидерлер, албетте байлыгын сактап, арттыргысы келген ууру-кескилер, аткаминерлер күнөөлүү. Анан кеп чынында биз, карапайым эл дагы күнөөлүүбүз. Кош көңүл, кайдыгер болуп карап отуруп ушуга жол бергенибиз үчүн биздин күнөөбүз керек болсо жогорудагылардыкынан да көбүрөөктүр. Биз керек болсо, акылыбыз жетпегени үчүн, интелектуалдык деңгээлибиз төмөн болгондуктан ушундай акыбалга туш болдук да. Өз убалыбыз өзүбүзгө! Эмнеге татыктуу болсок ошону көрүп атабыз. Көрдүңбү Суке, баарына өзүбүз күнөөлүү болуп атабызбы, же система күнөөлүү бекен? 

Мына эми дагы чоң күнөөгө баттык. Каталыктарды оңдоп, оң жолго салып кетүү мүмкүнчүлүгү турса, аны чанып, “дакансалап” арматура менен асфальтты сабап, теңирден тескери кеттик. Жаңы Конституция кабыл алып, президенттик системага өтөбүз деп, ат көтөрө алгыс жүктү мойнубузга артып, шорго малынганы турабыз.

Азыр баягы пландуу экономикадан баш тартып, базар экономикасына өтөбүз дегендегидей эле будуң-чаң башталды, бүт структуралар түп-тамырынан жаңыланып, өзгөртүлүп жатат. Анын баары мамлекеттик кызыкчылык үчүн жасалса жакшы, жеке кызыкчылыктар аралашып, кызмат, бюджет бөлүшмөйлөр биринчи планга чыгып кетпейт деген кепилдик жок да. Андыктан, бул өзгөрүүлөр эмне менен аяктары бүдөмүк. 

-- Жаңы Башмыйзамдын долбоору талкууланып жатат. Жогорку Кеңеш жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге референдумга алып чыгары айтылууда. Конституция боюнча пикир билдирген жоксуң го?

-- Мен Акаев, Бакиев түзгөн конституциялык кеңешменин мүчөсү болгом. Элге “мына конституциялык кеңешме талкуулап атат” дедиртип туруп, аягында өз билгенин кылышып, өздөрүнө ылайыктуу долбоорду өткөзүп алышарын билгенден кийин, курулай убаракерчилик катары көрүп калгам. 

2010-жылы Текебаев баш болгондор конституциялык кеңешме курганда, мен барсам эмне киргизбей коюшат беле? Мен принципиально “билген бокторун жешсин” деп барган эмесмин. И бул сапар дагы “эшик ачык, келгиле” деп аткандарына карабай барган жокмун. Себеби, кеп Конституцияда эмес. Кеп бизде. Аны окубагандан кийин, сыйлабагандан кийин, сактап жашабагандан кийин эмне толк? 

Биздин муун эмнени гана көргөн жокпуз? Развитой социализмди, империянын кыйрашын, жапайы капитализмди, прихватизацияны, ачкачылык, руханий кыйроону, базар экономикасын, бандитизмди, коррупцияны, дүйнө кезип каңгыганды, өзүңдөн башка эч кимге ишенериң жоктугун көрдүк. Так что, бизге Конституцияңдын бар-жогу деле пофиг! Биздин муун ушундай, живучий. Биз илибой формацияда, керек болсо таш дооруна кайра алып барып койсоңор деле кадимкидей өмүр сүрө беребиз. 

Тек гана келечекти ойлогондо сарсанаа басат. Болочок муун адилеттүү бийлиги бар, бакубат жашоосу бар мамлекетте жашаса деген ой жүрөктү өйүп турат. Мындай кейпибиз менен мамлекеттүүлүгүбүздү сактап кала алабызбы? Укум-тукумубуз уйгур, курддардын кейпин кийип кор болуп калбасын дегенди ойлонушубуз керек, биринчи кезекте. Бийликти бекемдеп, байлыкты арттырууну гана ойлогон эл болдук.

-- Жаңы Конституция кабыл алына элек. Бирок баягы “кабыл алынбаганда кайда барат эле” дегендей эле, президенттик башкаруу жүрүп, Садыр Жапаровдун айтканы менен эле жашап жаткандайбыз. Президенттин иш-аракеттерине кандай баа берсек болот?

-- Негизи, адатта, жетекчилик кызматка отурган адамдын ишмердигине баа берүү 100 күн өткөндөн соң айтылат. Садыр Жапаровдун ишмердиги жөнүндө кеп кылганда, кай бири анын расмий жумушка киришкенине бир аз гана (бир ай) убакыт болгонун айтса, башкасы өткөн 2020- жылдын 5-октябрындагы элдик көтөрүлүштөн бери бийликте экенин да айтышат. 

“Эмне кылды? Эмне кыла алган жок? Эмне өзгөрдү?” деген суроолорго жооп издесек, кайчылаш пикирлерден баш адашат. Бул суроолорго бир жаңсыл жооп жок экенине карабай, көзгө ачык көрүнүп, оркойгон бир чындык бар. “Ысык сүйүү бат сууйт” дегендей эле жапырт жалындап Садыр Жапаровду сүйүп-күйүп чыккан эл шайлап алганына бир жумага жетип-жетпей көңүлдөрү сууп, ындыны өчүп калды. 

“Эл үчүн ак иштейбиз, баарын жакшы жакка өзгөртөбүз, коррупцияны жоготобуз!” деген убадаларды, лозунгдарды коштой бакырып, эйфория болгондор өтө тездик менен эрип, тарых барактарына сиңип кеткени таңгалычтуу эле окуя болду. 

-- Ооба, көчөдөгү фанаттары менен соцтармактагы колдоочуларынын тездик менен жок болуп кеткени ачык байкалып, сын пикирлер, нааразычылыктар ачык айтыла баштады. “Кандайча мындай болуп атат? Себептери эмнеде?” деген суроого ой жүгүртүп көрбөйлүбү? 

-- “Эмне үчүн мындай болду?” деп иликтесеңиз, анын жооптору деле жөнөкөй. Жалпы элдик сүйүүнүн пайда болушу деле Камчыбек Ташиевдин чечендигинен же Садыр Жапаровдун теңдешсиз феномендигинен болгон жок. Тандай турган “күлүк” жок болду. Башка ишпалдасы чыккан, же балтыр эти толо элек жаш талапкерлерге караганда, түрмөдө азап чегип, жакындарынан айрылган адам көзгө өзгөчө көрүнүп турду. 

Ар дайым шайлоодо бийликке, акчага, админресурска жеңилип келген эл кийин “эмне болсо ошол болсун, шанс келип турат, “согушту” жеңбесек да ушу “бойду” жеңеличи” деген таризде тилектештик жаралып, катуу дуулдап кетти. 

Айткандай эле ошондой болду, эл ошол “бойду” жеңип чыгышты. Садыр Жапаров шайлоодон утту. Бирок “согуштун” жыйынтыгы дагы деле байлык-бийлик, ууру-кески, админресурс тарабындагыларда калды да. Эки ортодо жеңишке жетиш үчүн берилген убадалардын аткарылбастыгы, ошол эле октябрь элдик көтөрүлүшүнүн себепкерлери болгон “чимкириктердин” Садыр Жапаровду ороп алгандыгы ачыкка чыкты. Коррупция менен болгон күрөштө тандалмалык бар экендиги, айрым чоң уурулар тымызын сол чөнтөккө “саалып”, анан коё берилип жаткандыгы жөнүндө кеп тарап жатат. Анан элдин ындыны кантип өчпөсүн? 

-- Эми кандай кылышыбыз керек? Кырдаалды оңдоп, өнүгүү жолуна кантип түшүшүбүз керек?

-- Коом өнүгүү жолуна түшүш үчүн “ооба, биз туура жолдо баратабыз, бийлик башчыбыз эл үчүн тикесинен-тик турган адам” деген ишеним болуш керек. Эл ишенип колдоп турса, эл башы да шерденип, “элим-журтум” деп өтүгү менен суу кечет, ооздугу менен суу ичет. Айлана тегерегиндеги бийликти пайдаланып, байлыкка марыйын деген чөөлөрдөн арылат. Ошондо анан адилеттүү коомго карай ишенимдүү кадам таштоого жол ачылат. 

Анан эптеп эле бийликти күнү-түнү мактап, ишенимине кирип, “эптеп бир жылуу орун таап, кара жанымды багайын” дегендердин одасына эйфория болуп жүрө берсе кандай болот? Таарых кайталанат. Мурункулардын таз кейпин кийет.

Азыр эми “шайланганына жаңы эле болбодубу, сындабай коё туралы, шанс берели, ойлоноор, үйрөнөөр” деп коомчулук сындагандан тартынып аяп турат. Садыр Жапаров оң жолго баштап кетсе өзүбүзгө эле жакшы деп күтүп, керек болсо ага, анын менен кошо өзүбүзгө ийгилик тилеп турабыз да.

Садыр Жапаровдун рейтинги кескин кулап, аброю төмөндөп кетишине коомчулук, ЖМКлар, серепчи, аналитиктер күнөөлүү эмес. Ал өзү “ойлонбой сүйлөп, очойгон ооруга кабылдым” дегендей болуп, курулай убадаларынан, ар түркүн маселелерге жеңил-желпи эле чечилчүдөй мамиле кылып, туш келди сүйлөгөнүнөн улам ушундай абалга кабылууда. Мамлекет башчы деген жеңил пиарга алагды болбой, оор басырыктуу болуп, ойлонуп, кай жерде, кимге кандай сүйлөгөндү билиш керек. Адам туулгандан баарын билип түшпөйт. Мамлекет башчы да жердин түбүндөгүнү билиши милдет эмес. Кеп-кеңеш бере турган кесипкөй кеңешчилери баарын жасап, айтып берип тургандай болуш керек да. 

-- Эми андай кеңешчилери деле бар сыяктуу?

-- Суке, эми Садыр Жапаровдун расмий да, расмий эмес да кеңешчилерин көрүп атабыз. Кеп андай бир ууч кеңешчилер тууралуу эмес, целый институт жөнүндө жүрүп атат. Учурда мамлекеттик эң жогорку деңгээлдеги чечимдер «с бухты-барахты» эле кабыл алынып жатат. Бүгүн бирди айтып, эртеси таптакыр башканы айтышып, элдин башын айлантып деле бүтүштү. Муну түшүнгөндөр «президенттин айланасында «мозговой центр» болчу күчтүү эксперттерден турган командасы жок экен» деп жатканы талашсыз. Ошондуктан жанында жүргөн кеңешчилеринин айткандарын айта коём деп, аныбыз уят болуп жатканын элдин баары көрүп, баш чайкап турган чагы. Албетте, мамлекеттик маселелерди, ички болобу, эл аралык катнаш болобу, аларды толук, ар тараптуу жана терең талдап, тийешелүү мамлекеттик чечим кабыл алууга сунуштама бере турган, болгондо да мындай иштер менен дайыма алектене турган структура керек. 

Эң кызыгы, андай учреждение деле бар. Илгери Аскар Акаев «международный институт стратегических исследований» дегенди ачкан. 2010-жылы аны «парламенттик системага өтөбүз, өкмөт главный болот» деген Убактылуу өкмөт  премьер-министрдин алдына өткөрүп салган. Ошондон бери ал институттан кабар жок. Кимге убактылуу кызмат керек болсо эле ошол жерге директор кыла коюп, институттун өзү дежурный болуп калды. Мындай болбойт. Ал институтту президенттин алдына кайра алып келип, сабаттуу, илим-билимдүү, колунан иш келген адамды коюп, күчтөнтүү керек. 

Мамлекетти оңдойлу, бийликтин түз жолго түшүшүнө жардам берели, колдойлу деген, профессионал десең профессионал, окумуштуу десең окумуштуу, күчтүү кадрларыбыз бар. Аларды ушул жакка кызматка тартып, институттун ишин жандандырышыбыз керек. Бул биринчи кезекте Садыр Жапаровго керек. Коңшу Казакстан менен Россияда (башкаларды айтпаганда да) «институт стратегических исследований» президенттердин алдында түзүлүп, мамлекеттик ички жана тышкы саясат, өлкөдөгү акыбал боюнча эксперттик сунуш берип келет. Ишти мындай уюштуруудан президент Жапаров эле эмес, мамлекет, жыйынтыгында эл эле утат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер