Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Бакыт Төрөбаев элет элинин дыйканчылыгына кам көрө албады

Министр Бакыт Төрөбаев элет элинин дыйканчылыгына кам көрө албады

11-май, 23:01
840 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эске салсак, Бакыт Төрөбаев ар бир шайлоого чыккан сайын элет элине “алтын шилекейин” чачыратып, айыл чарбасы боюнча толгон-токой убадаларын берип келчү. Бирок жарытылуу деле ийгилик жаратканын көрө алган эмеспиз. Көрсө, ал учурларда мандат алыш үчүн “тил эмизчү” тура. Эми болсо айыл чарба министри болуп отурат. “Жаздын бир күнү жылга тете” дегендей, алдын ала кандай иштерди бүтүрдү? Баарыбыз баамдап аткандай, фермерлерди анчалык деле жыргатып жиберген жок. Мурда кандай кайдыгерлик, тартыштык болуп келсе, азыр эмне оңолуп кеттиби? Ток этери, элет элинин дыйканчылыгына кам көрө албады. Арзан кредит, техника менен тийешелүү деңгээлде камсыздамак турсун, эң жөнөкөй багыт берүү, анализ жасоо, туура пропаганда жүргүзүү жагынан да куржалак калганы кандай? Мына, быйылкы жаз да өтүп баратат. Өзгөчө бир ийгиликтерге жете алдыкпы? Убакыт зымырык куш. Көз ачып жумгуча күз келет. Баягы эле кымбатчылыкта, каатчылыкта күн кечирмей уланары шексиз. Таз кейпибизден арылбайт окшойбуз. Карапайым калкыбызга эле оор болду. Аттиң!     


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер