Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдай Эргешова: “YouTube’да акча табуу реалдуу ишке айланды”

Айдай Эргешова: “YouTube’да акча табуу реалдуу ишке айланды”

31-август, 20:10
1 624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айдай Эргешова бир топ жылдан бери Түркияда жашап, иштеп келген. Бирок, пандемиядан улам Бишкекке кайтып келип, YouTube каналдар менен алектене баштаган. 

-- Учурда Бишкектеги компаниялардын биринде менеджер болуп иштейм. Ал жактан башкаларга YouTube’да акча табуу жолдорун үйрөтөбүз. Бул туурасында интернет желесинде толтура маалыматтар бар. Көбү англис, орус тилдеринде болгондуктан, биз кыргыз тилинде үйрөтүүнү туура көргөнбүз. Биздин студия дагы ар кыл багыттагы YouTube каналдарды иштетүү менен акча табат. Ушундан улам кыргызстандыктарга YouTube’да акча табуу жөнүндө видео курсту иштеп чыгып, жаштарга үйрөтүп баштаганбыз. 

YouTube’да алдыңкы орунду балдардын контенти ээлейт

-- Биздин курс 14 сабактан турат. Мындайча айтканда, алфавиттен башталат. Эң маанилүүсү – эки тилде. Бул аймактагы кыргыз тилдүү балдар үчүн чоң мүмкүнчүлүктү ачты. YouTube колдонуучуларга контент жаратуу менен дүйнөнүн каалаган жеринде отуруп эле акча табуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мында эң башкысы креативдүү ой жүгүртүү эркиндиги. YouTube’да каражат тапкан блогерлердин арасынан алдыңкы орундун көбүн кичинекей балдар ээлеп келет. Мисалы, 9 жаштагы ютубер Райан Каджи өткөн жылы 30 млн. доллар киреше тапкан. 

YouTube’дан айына 1000 долларга чейин табууга мүмкүн 

-- Онлайн курстан жалпысынан 800 катышуучу өткөн. Биз катышуучулардан сабакты калтырбоону талап кылабыз. Ошондой эле тапшырмаларды өз учурунда аткарууларын көзөмөлдөп, практикалык билим бердик. Мисалы, порталдын эрежелерин бузбай контент түзүү, контентти акчага айландыруу, жаңы катталуучуларды чогултуу. Биздин студенттердин көпчүлүгү өз каналдарында көптөгөн көрүүлөрдү камсыздап, катталуучуларды топтой алышты. Бул болсо түз киреше алып келет. Музыка, саякаттоо жана балдар контенти YouTube’да көрүмдүү темаларга кирет. Айрыкча балдарга байланышкан видеолор көп көрүлөт. YouTube’дан айына 1000 долларга чейин табууга мүмкүн. Андан чоң киреше алгандар бар. Бирок, мындай көрсөткүчкө аз эле киши жетет. Ютубердик кесипти азыраак нерседен баштоо туура. Ал үчүн камерасы бар телефон, жарык жана монтаж жасаганга жеткиликтүү мобилдик тиркеменин болгону жетиштүү. Видеоблог аркылуу акча табууну баштоодон мурун, адегенде YouTube’дун өнөктөшү болуу шарт. Ал үчүн 12 айдын ичинде каналыңызда кеминде 1000 киши катталып, видеолоруңуз 4000 саат көрүүгө ээ болушу керек. Ошондо гана акча табуу опциясы ачылат. Сумма 100 доллардан ашканда YouTube гонорарынан акча ала аласыз.


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер