Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тагдыр-жазмыш ырлары

Тагдыр-жазмыш ырлары

22-апрель, 21:00
931 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кылтыңдайт дүйнө түлкүдөй
Токсон кылым өтсө да,
Тоо эч жакка көчпөйт деп.
Түбөлүк тоңгон мөңгүгө,
Атыңды жаздың өчпөйт деп.

Аптабын чачып бир жылы,
Көктөн күн оттой жанганы.
Түбөлүк деген мөңгү эрип,
Карарган чоку калганы.

Андан соң пендең ишенбей,
Аскага атын чегиптир.
Тоомдой өлбөс болдум деп,
Токпейил өзүн сезиптир.

Аттиң ай бир күн капыстан,
Аны да кырсык чалыптыр.
Атылган вулкан күчүнөн,
Аскасы урап калыптыр...

Кылтыңдайт дүйнө түлкүдөй,
Бүгүн көргөн эртең жок.
Колуңда турган куш качат,
Ишенээр бекем нерсең жок.

Акылым жетпей айраңмын,
Айтсаңчы дүйнө жөнүңдү.
Түбөлүк деп ойлосом,
Түп жагың жыртык көрүндү.

Ишенип келген ыйык деп,
Идеал урайт эмне үчүн?
Сыйынып келген пир тутуп,
«Кудайлар» кулайт эмне үчүн?
Не күтөрүн билбейсиң,
Аманат байкуш жаныңды.
Бейкапар жатсаң бир күнү,
Кебелбейт деген тооң урап,
Жер көчкү басат тамыңды...

Мынакей, жолдо жөө калдым,
Атымдан жок, же ээрден жок.
Аркайган тоонун артынан,
Аңсаткан бакыт келген жок...

Табылгы таяк колумда,
Жаман баштык жонумда,
Таалай издеп келатам,
Тагдырдын таштуу жолунда.
Үмүттү дале ээрчиймин,
Жолукчудай сонунга...
Көңүлдү бирок кайт кылган -
Алдамчы дүйнө оюмда.
Санаалуу карайм алдыга,
Ишене албай тагдырга...

Саргайсар
Саргайсардын жолу бүгүн бөгөлгөн, 
Көктөм жазда көк чөп эле көгөргөн. 
Жай айында ажайып бир гүл эле, 
Айланасын укмуш көрккө бөлөгөн. 
Алты ай өтпөй куу сөңгөккө айланды, 
Наристе эле кечээ эле төрөлгөн...

Ээ капырай, тирүүлүктүн агымын, 
Карап туруп, ойдон-ойду чубайсың. 
Сен да пендем, саргайсарды туурайсың, 
Жазда, жайда шарактайсың дуулайсың, 
Акырында кача албайсың тагдырдан,
Сен да бир күн саргайсардай куурайсың.

Аргасыздан алаканым жаямын, 
Айраң калам, бу жазмыштын күчүнө... 
Байкуш маркум бейитиңден чыгарсың, 
Көк чөп болуп... бирок аттиң... күзүндө - 
Жыгыларсың, о бечара арманда – 
Кайра куурап, өз мүрзөңдүн үстүндө.
_______________________________
Саргайсар – гүлдүү чөптүн бир түрү

Сураба!
Көрүстөнгө өтүп барсам туурадан,
Тоголонуп бир баш жатат куураган.
Коркпой-үркпөй маңдайына чөк түшүп,
Мен ошондо ошол баштан сурагам:
– Кай заманда ойноп-күлүп дууладың?
Кай кылымда кайгы тартып куурадың?
Куураган баш башысыңбы датканын?
Же болбосо, өзүсүңбү баатырдын?
Башысыңбы жарыбаган бакырдын?
Дайнын айтчы, атың менен затыңдын?
Куураган баш жооп берген кубара:
– Мен да жашап, тарткам сендей убара,
Даткамынбы, бакырмынбы, ханмынбы,
Натыйжасын көрүп туруп сураба!..

Кечир тору ат, кайтып келдим куру кол
О жаныбар, айланайын тору атым,
Көрдүм мына, дале тирүү барыңды.
Амансыңбы, бир кездеги канатым,
Тосчу бери кучактайын жалыңды.
Канча болду сени менен коштошуп,
Кеткениме таштап тууган айылды...

Бир убакта дулдул элең чарчабас,
Чуркаганда учкан тоонун кушундай.
Эми минтип чобур болуп арыпсың,
Баягыдай дүбүрттөрүң угулбай...
Мен да карып, келдим мына кашыңа,
Ээ торатым, тагдыр деген ушундай...

Кыялданган улуу идеал жөнүндө,
Бир кездеги жаш жигиттер биз элек.
Максат кууп мен айылдан кеткенде,
Сен узатып калдың эле кишенеп...

өлбөстүктү, идеалды аңсаткан,
Алыс жактан издеп далай бастым жол.
Бирок аны эч бир жерден таппадым,
Кечир торат, кайтып келдим куру кол.

Идеалды көкүрөгүм көксөгөн,
Издеп көрдүм арасынан асмандын.
Ал керемет болбосун деп түпкүрдө,
Төмөн түшүп жердин астын аңтардым.

Төгөрөктүн төрт бурчуна каттадым,
Уйку көрбөй, узун жолду таптадым.
Бирок аттиң, издесем да канчалык,
Мен эңсеген идеалым таппадым...

О кокуй ай, көрдүм кай жер болсо да,
Арам-адал аралашып жатканын.
Калп-жалгандын чынды ыйлатып сатканын,
өзүмчүлдүк гүлдөп араан ачканын.
Муну көрүп, асмандагы күнүңдүн,
Көрдүм ыйлап уясына батканын.
өзүң айтчы, кагылайын торатым,
Кайда, кана, табам деген аппагым!?

Кайда менин көксөп күткөн ак таңым!?
Эч шек кылбай ишенгемин чын эле,
Алтын балык жашайт, бар деп деңизде.
Кармаймын деп сүзүп кеткем деңизге.
Акырында кармай албай эч нерсе,
Кайыгымды, калактарым эскиртип,
Куру торду сүйрөп чыктым жээкке.
Жаш кезимде мен окуган китептер,
Бу дүйнөнү кооздошкон эмнеге?
Далай жандар жомокторго ишенип,
Көк иримге чөгүп кетти бекерге.

Бардык нерсе өтүп кетме күнүмдүк,
Азгырыкка толуп турат тирүүлүк.
Эч бир нерсе эмес экен түбөлүк.
Жашоо арты боштук жана туңгуюк,
Кайда, кайда биз издеген өлбөстүк?..

Ал боштуктан көрдүм ордун көрүмдүн,
Көрдүм өңүн аңдып турган өлүмдүн.
Күтүп турган туңгуюктан караңгы,
өзүмө өзүм мүрзө болуп көрүндүм.
Түнкү асманда бир жарк эткен жылдыздай,
Туңгуюкка сиңип кеткен өмүрдүн,
Таба албастан сырын жана маңызын,
Жүрөк муздап, өлбөй тирүү көмүлдүм.
О торатым, мен ушинтип жеңилдим...

Кыялды ээрчип, жок нерсени издепмин,
Күйүтүм күч, түшүн тору ат жайымды.
Бу жалгандан такаат таппай мына мен,
Тээк кылып уучтап турам жалыңды...

Көрүп турам сен да ырыстуу болбопсуң,
Алдан-күчтөн тайганыңа карабай.
Жаның койбой минишиптир аябай,
Денең арык, башың калган калжайып.
Жарыктыгым, арман көппү сенде да,
Неге мынча жашың агат... Кудай ай!

Кой ыйлаба, жаныбарым торатым,
Мындан ары буюрганды көрөбүз.
Мен жеңишсиз кайтып келдим айылга,
Тууган жерден кантип жанды бөлөбүз?
Тагдыр ушул, айла жоктон утулуп,
Бу жалгандан жеңиши жок өтөбүз.
Издегенди сен да, мен да таппадык,
Эми айылда чогуу өлөлү экөөбүз...

Бүркүттүн көз жашы
Отурасың шалдайтып канатыңды,
Чокуда муңдуу тиктеп аскаларды.
Неге ыйлайсың бүркүтүм, неге ыйлайсың?
Капырай, сенде дагы арман барбы?

Көзүңдөн тамган жашың табышмактуу…
Уча албай канатыңдан талыдыңбы?
Бир кезде мергенчинин огу тийген,
Болбосо, түгөйүңдү сагындыңбы?
Же муздак мөңгүлөрдүн үстүндөгү,
Жалгыздыкка буулугуп кайгырдыңбы?
Неге ыйлайсың бүркүтүм, неге ыйлайсың?.

Бийиктен же сен көрүп кейидиңби?
Жерде онтогон канатсыз тагдырларга.
Же кушум, өкүндүңбү бооруң ооруп,
Сен өзүң канын төккөн жандыктарга?
Күйдүңбү алдыңдагы мисирейген,
Бардыгына кайдыгер аскаларга?..
Неге ыйлайсың бүркүтүм, неге ыйлайсың?.

Чокудан карап туруп түшүндүңбү?
Же, дүйнөнүн опосуз жалганына,
Мыкчылдыңбы, жалгандык, өзүмчүлдүк,
Жер үстүн каптап басып жатканына?
Куштун алпы болсоң да, болдуңбу ыза
Эч нерсени өзгөртө албасыңа?
Неге ыйлайсың бүркүтүм, неге ыйлайсың?.

Асман-жерди айланып жүрөрүңдү,
Билишет сен бийикти сүйөрүңдү.
Бирок сен ойлоп алып өксүдүңбү?
Акыры карып-арып бүтөрүңдү-
Чокудан жерге кулап түшөрүңдү.
Неге ыйлайсың бүркүтүм, неге ыйлайсың?

Антсе да, тагдырыңа тобо кылаар
Жөңүң бар, куш аттуунун улугусуң,
Ааламда эркин учуп чабыттайсың,
Башкалардан канча сен бактылуусуң...
Кой ыйлаба бүркүтүм, кой ыйлаба...

О дүйнөгө аста жылып баратам
Манжаларым ачып-жумуп санасам,
Өттү ирмемде көктөм, жайкы саратан.
Ушул бүгүн мен өзүмө карасам,
"Чоң" экен го, бу жазмыштан "аласам" 
Өмүр-жашым мүнөт сайын кыскарып,
О дүйнөгө аста жылып баратам.

Жер жайнаган айбанатты карачы,
Катүгүн ай, эң акыркы чекитке –
Кошо жылып, катарымда баратат,
Ит, пил, эшек, бака жана чегиртке!

Шум дүйнөнүн бул оюнун көргөндө, 
Бүлүк түшөт менин жашоо өргөөмдө. 
Муну сезбей шаракташат пенделер, 
Тоюп алып, казы-карта, жөргөмгө. 
О жан досум, алыс эмес барар күн - 
Же сен мени, же мен сени көмгөнгө...

Ким билет?..
Бул ааламда акыл жеткис табышмак –
Бу тагдырдын кандай жолду басары.
Ким айталат, карап туруп асманды, 
Бузулбайт деп планеттер катары.

Түпсүз көктүн кучагында, дайын го,
Бир укмуштуу күчтөр бугуп жатары.
Капысынан тарс деп асман жарылып,
Ажеп эмес, каарын сага чачары.

О адамзат, турсун дайым эсиңде –
Капыл-тапыл чыкчу кырсык азабы.
Кепилдик жок тынчтыгыңа тирүүлүк,
Эч ким буйтап, тартпай калбас жазаны.

Ташталган бир аманатсың дүйнөгө,
Жашыруун сыр – күнүң кантип батары.
Билип болбойт, кандай жазмыш күтөрүн.
Бир балээни асман камдап жатабы?

Адамзатың жер үстүндө шапар тээп,
Кайнап турат тирүүлүктүн базары…
Пенделердин жаш баладай иши жок,
Көмкөрүлүп калар менен казаны.
Муну билбей чечекейи чеч болот,
Чечилгендей түбөлүккө жашаары.

Кеч күздөгү дарак
Тоолордун шамалына, 
Тонолуп жалдырадым.
Томсоруп жылаңачмын… 
Барпайган берекем жок, 
Баягы көлөкөм жок, 
Баарынан ажырадым. 
Дирилдейт бутагымда, 
Акыркы жалбырагым…

Жалгызым – жалбырагым! 
Кимге айтам күйүтүмдү… 
өмүрүн жалгызымдын, 
Тилеймин күнү-түнү. 
Бирок да, алды жакка
Ишенбейм. Да бир күнү,
Тагдырдын бороонуна, 
Дагы да алдырармын 
Акыркы үмүтүмү…

Сенин жогуң тыйынчалык сезилбей
Ураан айтып, башты катып бекинбей,
Адамдарды күрөшкө үндөп безилдей.
Аны жасаш, муну чечиш керек деп,
Далбас уруп жүгүрөсүң текилдей.

Анан капыс ажал алат бир күнү,
Калат жайнап көйгөйлөрүң чечилбей.
Турмуш – дайра ага берет күркүрөп,
Сенин жогуң тыйынчалык сезилбей...

Кайран өмүр
Акырын жылып барып,
Ай тоону ашып кетээр.
Ай сындуу да бир күнү,
Өмүрүм батып кетээр.

Айланып ай бир кезде,
Жаңырып кайра чыгаар.
Өзүм жок, боз топурак,–
Бейитим тосуп алар...

Падыша тактан куласа
Кубулма экен кудай урган бу дүйнө,
Жылмышма экен жылас баскан куу дүйнө.
Оозумду ачып, айран калган мен болдум.
Тактан ыргып "талп" деп түшкөн сен болдуң.
Мактоо, даңктоо ураандарга ишенип,
Кечээ өзүңдү укмуш сезген шер болдуң.
Тактан түшүп, эми мына ким болдуң?
Кечээ эле гений дешкен, пир дешкен,
Бүгүн мына тарс жарылган жел болдуң.
Күндөйсүн деп, кечээ өбүшкөн бетиңе,
Түкүрүшсө, айлам куруп дел болдум.
Тебелешип жакшылыгың көргөндөр,
Арстан эмес, чычкан менен тең болдуң...
Пирим дешкен көшөкөрлөр мынакей,
Азыр ушул эшектерге жем болдуң...
Амалкөйлөр колтугуңа киргенин,
Учурунда көрбөй неге көр болдуң?
Ачып жүрсөң болмок экен көзүңдү,
Жаңы ханга жагыш үчүн ошолор,
Бөрүлөрдөй талап жатат өзүңдү...

Шилендидей чыгып калдың жээкке...
Не бир кооз кыялдарга берилип,
Куру кыйкырык ураандарга семирип,
Көрпендеден нурпендени жасайм деп,
Дүйнө ийрисин түзөш үчүн жашайм деп,
Минген атың кайра-кайра теминип,
өмүр бою далбастадың жээлигип.
Акактадың өйдө-төмөн жүгүрүп,
Качан болсо шашып турдуң элирип ...

Ташкындадың, ээ-жаа бербей эч кимге,
Бирок аттиң өзгөрбөдү эч нерсе.
Кокуй дүйнө козголбоду дегеле.
Мындай болсо, э айланайын бурадар,
Күйүп-жанып күч короттуң эмнеге?
Теңир неге кылды сени келеке?
Акыр карып, толкун сүрүп таштаган,
Шилендидей чыгып калдың жээкке...

Эй, аскар тоо
Эй, аскар тоо, көктү сүзүп чалкайган,
Караан калган кара тоо эй, калкайган.
Кана айтчы, кимди калдың калкалап,
Баарын жуткан ташбоор ажал-тагдырдан.
Этегиңде "кайнаган" калк бир кезде,
Алда качан топуракка айланган…

Кайда бая Болот менен Мөөрлөр?
Бири-бирине жетпей мөгдөп ыйлаган.
Кайда хандар, кайда бектер, манаптар?
Казы чайнап, күлүк минип дуулаган.
Таштарыңдын арасында, карачы,
Бүгүн минтип баштар жатат куураган…

Адам кетсе бир кайгырган түрүң жок.
Туулса да бир кубанган күнүң жок,
Кеткенди да узатасың кебелбей,
Келгенге да кайдыгерсиң ишиң жок.

Замандарды, доорлорду тоготпой,
Сен санайсың кылымдарды чубатып.
Өмүрлөрдү ташың сындуу уратып,
Тагдыр ойнойт туңгуюкка кулатып…

Мен ырдабайм, даңктап сени аскар тоо,
Ээрчибесмин башкалардын өрнөгүн.
Ал анткени өзүң үчүн бары бир –
Бары-жогум, туулганым – өлгөнүм!..  

Жээктеги асканын толкунга айтканы
– Кел, келгин, келе бергин ак жал толкун,
Келгениңден жаңылык күткөн жокмун.
Сенден мурда бир-бирин кууп келип,
Жээкте, өлгөн сансыз "ак чач" толкун.
Сени да дал ошондой тагдыр күтөт,
Бир согулуп төшүмө, анан жоксуң...

Толкундардан мен опаа көргөн жокмун,
Жыртылдым, турам бирок, өлгөн жокмун.
Келсең кел, кел кыялкеч жапжаш толкун,
Сезесиң бардай мында бир иш орчун.
Бир гана муздак төштү өбүш үчүн,
Жээкке тагдырыңды көмүш үчүн,
Келатканың ак толкун билген жоксуң.

Бирисиң миллиондоп келгендердин,
Келе бер кезектеги шашкан толкун.
Келет деп мен өзүңдү тоскон жокмун,
Чын сырым, келгениңе көңүлкошмун.
Көнгөмүн толкундардын өлүмүнө,
Сен өлсөң өлүмүңө тең ортокмун...

Булуттун көз жашы
Көк аскам сенин үстүңдөн,
Көз жашым төгүп өтөмүн...
Ааламдын айдайт шамалы,
Билбеймин кайда көчөмүн?..

Козголбос жашоо – тагдырың,
Көк аскам сенин кайгыңбы?..
Көчмөндүк жазмыш, айтчы аскам,
Көйгөйүмбү же бактымбы?..

Көктөгү мени карайсың,
Көөдөндөн тамчың тамчылап...
Көк менен шашам кайдадыр,
Көздөгөн жагым барчылап...

Көк аскам кош бол, а балким,
Кайрылып сени көрөрмүн...
Айланып келип кайрадан,
Көз жашым дагы төгөрмүн...

Келгин куш кайтып барат...
Мен келгин куш... сапар минтип карыды,
Кээде көчмөн жазмышымды тилдеймин.
Ысык-Көлүм, келгин жолу ушундай,
Аттиң... эми жаңы мекен издеймин...

Үстүңдөн мен үч айландым кыя албай,
Кеттим... кеттим... көздүн жашын тыя албай,
Жаткан чалкып кучагында тоолордун,
Керемет көл түштө көргөн кыялдай...

Ишеним аз оомал-төкмөл дүйнөгө,
Узак жолдо жаны аманат келгиндин.
Кандай тагдыр күтөт мени ким билет,
Аңдып дайым жаасы турат мергендин...
Кош Ысык-Көл! Кайра өзүңө айланып,
Кайтаарымды-кайтпасымды билбеймин...
   
Чертип кал соңку күүңдү
Дөөлөтүң – жылдыз... аз туруп,
Ордунан учаар бир түнү.
Байлыгың, мүлкүң – самандыр,
Дуу күйүп кетер бир күнү.
өзүңдү укмуш ойлобо,
Койнунда, чексиз ааламдын,
Сенсиң бир кумдун күкүмү.
Жашоо аттуу бүтпөс китептин,
өзүңсүң бир гана үтүрү...
Заматта тарап жок болчу,
өмүрүң оттун түтүнү.
Не кыласың, айла жок,
Шул экен жазмыш бүтүмү.
Атасынын көрү де,
Кайгырып бузба түрүңдү.
Анда сен үлгүр, ойноп кал,
Майрам кыл ар бир күнүңдү.
Аз күнгө келген сулууга,
Арнап кал арзуу сүйүүңдү.
Сайран кур, жырга, шум ажал,
Сапырганча күлүңдү.
Илериңди илип кет,
Ирмемдин болгун күлүгү.
Ааламда калсын жаңырып,
Чертип кал соңку күүңдү...
Советбек Байгазиев,
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер