“Мамлекет тарабынан мектепке хиджап кийген окуучулар чектелиши керек”
-- Мектеп окуучуларына хиджап кийгизген ата-энелер менен мугалимдердин араздашуусу коомчулукта талкууга айлана баштады го? Мамлекет тарабынан кандай чара колдонуу керек?
Дүйшөн Батырбеков, мугалим, коомдук ишмер:
-- Чынында эле азыр “эркин, демократиялык мамлекет” деп койсо, биздин коомдо ар ким өз билгенин кылып, каада-салтыбызга, үрп-адатыбызга туура келбеген көптөгөн жорук-жосундар элибизге кирип, билинип-билинбей орун ала баштады. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Алсак, мектептерде, лицейлерде, жадагалса жогорку окуу жайларда, диний түшүнүктүн жетишпестигинен, сабатсыздыктан ар кандай чет өлкөлөрдөн атайылап каржыланып, экспансия катары киргизилип аткан диний агымдардын арты менен хиджап, капкара болуп кийинүү, обу жок оронуп-чулгануу, эркектерибиз шалбыраган этеги узун көйнөктөрдү жана дамбалдарды “артынуу” өтө көбөйүп кетти. Мектеп окуучулары дин эмне экенин, анын кандай оң жана терс жактары бар, ошол эле хиджап, паранжылардын маани-маңызын толук биле электе ата-энелелердин демилгеси, зордугу, үгүт насыяты менен модага айланып кетти.
Мугалим, агартуу майданында иштеген адам катары айтарым, балдар ойноп-күлө турган, өзүн эркин алып жүрө турган заман. 1-класска келген тестиер кыз мойнуна чейин абдан оронуп алган. Ошол тырмактай болгон кыз дин эмне, пайгамбар ким, Куран эмне, андагы аяттардын маанисине түшүнөрүнө акылым жетпейт. Мамлекет мыйзам түрүндө мындай нерсени чектеш керек. Мектепти бүтсүн, өз алдынча кылган аракетине, жүрүм-турумуна жооп бере турган мезгилде кайсы динди тандаарын өзү билет. Ал эми мектеп деген мектеп. Баардык жерде окшош форма болуш керек. Мисалы, армияга барганда жоокерлер бирдей форма кийишет. Доктурларды алалы, баары жапырт ак халатчан жүрүшөт. Ошол сыяктуу мектеп окуучуларын бир өңчөй, өзгөчө башталгыч класстардын окуучуларына окшош форма киргизүү кажет.
Гүлзат Аалиева, Манас таануучу:
-- Конституция боюнча мамлекетибиз светтик макамына ээ. Республикадагы мектептердин мугалимдерине айлык акыны хиджабчан кыздардын ата-энеси эмес, мамлекет төлөйт. Демек, бул мектепте окуган балдар мамлекет сунуш кылган тартипке баш ийишип, атайын иштеп чыккан мектеп формасы менен окууга келиши зарыл.
Эгерде диний агымдагы ата-энелер кыздарына хиджаб кийгизүүнү каалашса, анда алар хиджабчан кыздар гана окуй турган жеке менчик мектептерге беришип, андагы мугалимдерге өз чөнтөктөрүнөн айлык акы төлөп турушсун. Мамлекет ага каршы эмес.
Анарбек Алыбаев, физика-математика илимдеринин доктору:
-- Мамлекет диний уюмдардын ишине кийлигишүүгө толук акысы бар, ал эми диний уюмдардын мамлекеттин ишине кийлигишүүсүнө эч кандай укугу жок. Бул нерсе Конституция менен бекитилген. Мамлекет бул ишке эчак эле көңүл буруусу керек болчу, бирок негедир ал тараптан өзүң айткан көйгөйлөргө реакция жок. Коомчулуктун көпчүлүгү хиджабга каршы экендиги баарыбызга маалым. Ошондуктан өкмөт тез арада бул маселеге чекит койбосо, арты жакшылыкка алып келбейт. Биз, кыргыздар салттуу исламды карманып келгенбиз, ошол багытта кала беришибиз керек. Ар кандай диний уюмдардын жетегине жетеленбейли. Эң негизгиси, мектеп окуучуларынын ата-энелерине кулак кагыш: “Эсиңер барда этегиңерди жапкыла” дегендей, эч качан мугалимдерге каршы чыкпагыла. Мектепте алар сиздердин балдарыңарга ата-эне жана билим берүүчү агай-эжей экенин унутпагыла. Алар эч качан сиздердин балдарыңардын жаман жолду тандашын каалашпайт. Ошону менен катар билимде көздөрүн ачып, жакшы тарбия алуусуна жол ачат.