Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзбекстанда тойлорго чектөө киргизилди, ашыкча майрамдагандарга айыппул салынат

Өзбекстанда тойлорго чектөө киргизилди, ашыкча майрамдагандарга айыппул салынат

04-ноябрь, 09:19
551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзбекстанда ашыкча шаан-шөкөттүү тойлорду, чыгымды алдын алуу үчүн тойлорго чектөө киргизди.

Коомчулукта ашыкча чыгымдарды кыскартуу үчүн Өзбекстандын маданият министринин орун басары Камола Акилова үлпөт тойлор менен салтанаттар үчүн стандарттык сценарий иштеп чыгууну сунуштады. Анын айтымында, Маданият министрлиги «Өзбекконцерт» ишканасы менен биргеликте үлпөт тойлорду өткөрүү эрежелерин иштеп чыгышты.

Тойлорду өткөрүү эрежелеринде тарыхый жана улуттук баалуулуктар сакталышы керектиги жана  ошол эле маалда сценарийде заманбап көз караштар болушу зарылдыгы жазылат.

Бул маселени жакында  Өзбекстан парламенти «Үлпөт тойлорду, мааракелик салтанаттарды жана үй-бүлөлүк той-аштарды өткөрүү тартиптери тууралуу» жобо кабыл алган.

Үй-бүлөлүк той-топурларды, ар кандай салтанаттарды бир гана күн — таңкы саат алтыдан түнкү 11ге чейин өткөрүүгө уруксат берилет. Бул эреже маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына тиешелүү болбойт.

Документтерде үй-бүлөлүк иш-чараларга 200гө чейин, үлпөт тойлорго 250гө жана ага байланышкан кулинардык салтанаттарга 300гө чейин адам гана катыша ала тургандыгы көрсөтүлгөн.

Андан тышкары үлпөт той жана майрамдык салтанаттардын уюштуруучулары бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир жума эрте маалымат бериши керек. 2020-жылдын 1-январында күчүнө кире турган бул тартиптерди бузгандарга 230-1170 доллар өлчөмүндө айыппул төлөшөт.

Өзбекстан бийлиги мындай жобону иштеп чыгышына коомчулукта оюн-зоок, ашыкча чыгымдын көп болуп кеткендиги менен түшүндүрүштү.

Ал эми Кыргызстанда той-топурларды, ашыкча чыгымдарды кыскартуу маселеси каралып келет, бирок андан эч кандай жыйынтык чыга элек.

Тилекке каршы чет жакта иштеген мигранттардын жөнөткөн каражаттарынын бир бөлүгү да тойлорго чыгымдалат. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер