Акыркы кабарлар
» Коом » Президент зомбулука кабылган балдардын көптүгүн айтты
Президент зомбулука кабылган балдардын көптүгүн айтты
12-декабрь, 10:31

“Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө. Тарыхы, ата-бабалардын улуу жолу мындай көрүнүштү жериген коом, гуманисттик дөөлөттөрдү карманган өлкө катары кырдаалды жакшыртуу үчүн кескин чараларды көрүүбүз абзел. Ар бир бала үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктуу” деди мамлекет башчысы.
Ошого катар Сооронбай Жээнбеков жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр жетишсиз экенин белгилеп, социалдык коргоо, асыроо, камкордук жана көзөмөлчүлүк системасында кемчиликтер жана коррупциялык элементтер дале жоюла электигин эске салды.
"Азия Ньюс" гезити